"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Кыргызстандыктар 21-августта Курман айт майрамын белгилешти.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестин жаңыча сахналаштырды.
Гербдин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Маркум Нарын облустук драма театрында башкы сүрөтчү, Нарын райондук балдар көркөм өнөр мектебинде мугалим, директор болуп эмгектенген. Сөөгү 16-августта Нарын шаарында акыркы сапарга узатылды.
Мындан жыйырма жыл мурда Бишкектин чок ортосунан реставрация кылуу үчүн алынган “Эл куту” монументинин жагдайы кантти? Аталган скульптуралык-архитектуралык композиция 1995-жылы коюлуп, аз өтпөй анын айрым бөлүктөрү түстүү металл катары уурдалып кеткени айтылган. Калганы кайра калыбына келтирүү үчүн жыйналып алынган. Эки жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында эстелик коюлган аймак башка бир жеке фирмага узак мөөнөткө ижарага берилип кеткени тууралуу сөз жүрүп, кайра унутулду.
Жазуучу, котормочу, журналист Шерназар Шүкүров 5-августта 68 жашында Бишкек шаарында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Коштошуу митингинде замандаштары маркум өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүндө чет элде жашаган кыргыздардын көйгөйүн көтөрсө, котормочу катары бир нече дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчалаганын белгилешти.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы коомчулукта бир топ адамдардын катуу сынына кабылды. Буга чейинки мэр да кызматка отурарда тил сынагында жазган текстинен ката кетирип, аткаминерлердин сабаттуулугу боюнча талкууга жем таштаган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мындай жагдайлардын келип чыгышына мамлекеттик тил мыйзамы менен башка мыйзамдар ортосунда шайкештик болбой жатканын жүйө келтирет.
“Азаттык” радиосунун “Бурулайдын элесине” аттуу атайын түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында жаш режиссер Мээрим Догдурбекова окурмандарга өзүнүн башынан өткөн окуяны баяндап берди.
Таанымал кино жана театр актеру Дүйшөн Байдөбөтов узакка созулган оорудан улам 7-июлда 69 жашында дүйнө салды. Ал мындан үч жыл мурда инсульт дартына чалдыккан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында 9-июлда өтөт.
Жеңижок акындын 168 жылдыгына карата өтө турган “Айтыш-2018” республикалык сынагына катышуучулар тандалды. Бишкекте өткөн тандоо сынагына кырктан ашык акын катышып, алардын ичинен он алты төкмө акын айтышка катышканга жолдомо алды. Ак таңдай акын Жеңижоктун жаркын элесине арналган республикалык айты
Улуттук илимдер академиясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” аттуу китебинин бет ачары өттү. Басылмада автор өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндө өзүнүн ой толгоолорун жазган. Китеп 1928-жылы Октябрь революциясынын жеңишинин 11 жылдыгына карата араб арибинде жарык көрүп, эми кириллица тамгасына которулуп кайра басылып чыкты.
Бишкекте өтүп жаткан Х театр фестивалы бүгүн Ош академиялык Бабур атындагы өзбек музыкалык-драма театрынын “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” спектакли менен уланды. Адистер аталган оюн көркөмдүк жана актерлук чеберчилик жагынан өзгөчө экенин белгилешти.
Бишкекте Х театр фестивалы өтүп жатат. Кароо-сынакка аймактардан 18 театр келди.
Өзбек драмтургу Саид Ахмаддын "Келиндер козголоңу" аттуу легендарлуу комедиясы менен быйылкы театралдык сезонун жаап жаткан Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры элди шаңга бөлөдү.
Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Казакстанда өткөн эл аралык фестивалга катышып, ийгиликтүү кайтышты. Аймактык театр койгон "Маң" спектакли КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта калыстардын өзгөчө баасына татып, алдыда өтө турган бир нече эл аралык сынактарга чакырылды. Адистер облустук театрлардын жанданышы ириде режиссерго жана маданият үйүнүн материалдык базасына байланыштуу экенин айтышат.
Кыргызстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын географиялык дүйнөлүк картасы түзүлдү. Мындан сырткары иш-чарасынын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдердин композициясы көрсөтүлдү.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жерге берилгенине 14-июнда 10 жыл болду. Маркумду бүгүн он жыл мурун жазылган акын Зайырбек Ажыматовдун ушул чыгармасы аркылуу эскерели.
Бишкектин 17 жаштагы тургуну Алтынай Абдурасулова спорттук бийлердин түрүнө кирген брейк- данс боюнча жакында Тайванда, Жапонияда өткөн олимпиадалык сынактарга катышып келди.
Кыргызстанда менчик театрлардын саны жыл сайын өсүп жатат. Театр ишмерлер бирикмеси учурда өлкө боюнча кырктан ашуун жеке менчик театр бар экенин айтты. Азыркы тапта бул чыгармачыл топтордун жарымынан көбү каражат табуу максатын көздөп, мектептерге, бала бакчаларга, тойлорго оюн-зоок уюштуруу менен гана чектелип жатса, айрымдары заманбап театр искусствосун жаратууга умтулат.
“Алтай ата-бабанын ыйык жери” деп аталган биргелешкен концертти “Хан-Алтай” коомдук бирикмеси Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурган.
Дагы жүктөңүз