(Поэтикалык репортаж)
2008-жылдын 10-июнунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Германия убактысы боюнча түшкү саат 15:30да Нюрнберг шаарында 79 жашында көз жумду деген кабар тарады.
"Кулады" деп томсорду калк, Тоо ага,
Түшпөдү артка сапарынан жол ага.
Өттү Чыңгыз бөтөн жерде дүйнөдөн,
Бир нече күн жатып алсыз комада.
Оросо да ажал-оору желеси,
Кое бербей турду жанын денеси.
Үзүлгүсү келген мүмкүн өз жерде,
Болгон чыгар Ата-Журтка керээзи.
Кейигендир кетерин бир туйганда,
"Кош!" дей албай бала-чака, тууганга.
Карагысы келген балким бир ирет,
Калың караан чуу көтөрүп турганда.
Жашоо өзү арман тура, эх десең,
Атак, байлык жалган тура, эх десең!
Айрылганда чын дилинен шолоктоп,
Арзууну эстейт жакын туруп жетпеген...
Теңдеши жок деген оор "жаза" алып,
Жашап өттү көңүлгө чер, жаш алып.
Улуу болот улуулардын кайгысы,
Улууларды бактылуу деш каталык.
***
2008-жыл, 12-июнь, саат 19.45. Германиядан Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн алып келген учак эл аралык "Манас" аэропортуна конду. Бул окуяга кабарчы катары мен да күбө болуп турдум.
Аалам кезип, кагып турган канатын,
Ата-Журту жоктойт залкар баласын.
Мууну бошоп, сөөгүн тосту кыргыз эл,
Муң каптады Ала-Тоонун арасын.
Турган ичке сыйдыра албай капаны,
Тунжурашат азалуулар катары.
Тирүүлүктөн өттү биздин Эр Чыңгыз,
Тирек болгон бүт кыргызга атагы.
Учак конду, учак түштү өкүрүп,
Улуу журттун бүт үмүтүн өчүрүп.
Акыркы ирет учуп келди Айтматов,
Ак мамыкта уктагандай көшүлүп.
Учак конду боздогондой уңулдап,
Учат калпак, кара шамал куюндап.
Бүлк-бүлк этет айрымдардын далысы,
Бир заматка... чымын үнү угулбайт...
Сөөгүн көрүп, сууп эми чынында,
Сөөктөрдөн сыздап кайгы чыгууда.
Арман муңдуу күүсүн ойнойт оркестр,
Айтматов жок... бир келген миң кылымда.
Аэропорт да туюп оор азаны,
Аңгыраган боштук жатат капалуу.
Аттиң, бүгүн Аалам уулу Чыңгыздын,
Аяктады эң акыркы сапары.
***
2008-жыл, 14-июнь. Кыргызстанда аза күтүү күнү. Эл Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда Чыңгыз Айтматовдун сөөгү менен коштошуп жатты.
Күл кылчудай баарыбызды тапка алып,
Күн асманда токтоп калды чакчайып.
Коштошууда калкылдаган калың эл,
Каректерин ачыштырган жаш чайып.
Коштошууда Даниярлар миңдеген,
Жамилалар ак сүйүүсүн издеген.
Коштошууда Танабайлар, Дүйшөндөр,
Султанмурат, Мырзагүлдөр сиз менен.
Үнсүз чыккан өкүрүгү жаңырган,
Үйөр селдей каптайт көп эл агылган.
Маани бербей, бирок аттиң, тек гана,
Маңкурттар да өтүп жатты жаныңдан.
Өтүп жатты Жоломандар чубашып,
Сабитжандар анын жолун улашып.
Толгонайлар, Найман эне - баары бар,
Бала да бар "Ак кемесин" узатып.
Айтматовдун боор этинен өнгөндөй,
А мен турдум акылыма жөндөлбөй.
Караан түштү жан дүйнөмө, каны бир,
Кайран атам кайра баштан өлгөндөй.
Калк эсепсиз, миллионбу, жүз миңби,
Мен дегендер коштошууда иш билги.
Мага бир куш сайрап турган өңдөндү,
"Билесиңби, жоготтук деп биз кимди?"
"Билесиңби, жоготтук деп биз кимди?"
***
Саат 14.30да Улуу жазуучунун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык музей-комплексине коюлду.
Боз чаң чыгып, буудай эккен талаадан.
Агылат эл, тоону көздөй калаадан,
Көк асманда карек болуп булуттар,
Көздөр турду бизди сынай караган...
Уул келди урматталган, даңкталган,
Аталардын үмүттөрүн аткарган.
"Ата-Бейит" тосуп алды сыймыктуу,
Абай салып турду көздөр асмандан...
Калкылдап калк, катар улам созулат,
Карбаластап салышууда топурак.
Калкалаган милиция катарын,
Каптап көп эл улам алга озунат.
Бүттү баары, бир боз дөбө чоңоюп,
Бир боз дөбө гүлчамбарга оронуп.
Баягы куш сайрап жүрдү дагы эле,
"Билесиңби, кетти деп ким жоголуп?"
"Ата -Бейит" арман, муңу замандын,
Айтматов - бул кайтарымы алардын.
Учун улап, максаттардын окко учкан,
Уулу болду Чыңгыз Жердин, Ааламдын.
***
Учат мезгил кагып улам тизгинди,
Уурдап кээде көңүлдөгү изгиңди.
Баягы куш сайрап жүрөт дагы эле,
"Билесиңби, жоготтук деп биз кимди?"
Ал куш сайрайт кечте, кээде ак таңда,
Аудитория, көчөлөрдө, асманда,
Чыңгыз, кыргыз жаралууда билинбей,
Ал суроого жооп издеп жатканда...
2008-жыл. Июнь