"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Бишкекте “Кыргыз аялдарынын салттуу кийимдеринин” көргөзмөсү ачылды. “Кийиз дүйнө” коомдук фонду уюштурган иш-чарада бул долбоор менен иштешкен энелердин жана уздардын көрсөтүп берүүсү менен оролгон, тарыхый маалыматтар менен тастыкталган элечектердин 13 түрү көрсөтүлдү.
Кыргыз академиялык улуттук драма театрында түрк драматургу Тунжер Жюженоглунун "Бейтааныш" психологиялык спектакли коюлду. Интерактивдүү нукта даярдалган оюн оорукананын палатасында өтүп, окуяга көрүүчүлөр да катышты. Театр күйөрмандары спектаклде режиссердун жаңыча чечими оюндун кызыгын арттырып, ү
Болливуд режиссеру Кыргызстандын аймагында терроризм жана экстремизм темасына арналган тасма тартып жатат. Индиялык курч окуялуу фильмде жанкечтиликке даярдалган ооган балдарды куткарган, бейөкмөт уюмда иштеген айымдын окуясы баяндалат.
Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактановдун сөөгү бүгүн Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Калемгер узакка созулган оорудан улам 20-майда 76 жашында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнатына чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, калемдештери, жакындары катышты. Замандаштары Сактанов улут адабиятынын тарыхында саясий роман жанрын өнүктүргөн чынчыл жазуучу катары каларын белгилешти.
Кыргыз академиялык драма театрында француз драматургу Жан Ануйдун “Антиго́на” спектакли өттү. Кыргызcтан – Швейцария долбоорунун негизинде даярдалган спектакль француз тилинде сунушталып, кыргыз актерлору да француз тилинде роль жаратты.
Бишкектеги “Галерея М” көркөм сүрөт галереясында "Ызы-чуудан алыс" аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат.
Кийинки жылдан баштап мектептерде кыргыз адабияты сабагын окутуу программасы өзгөрөт. Эки жыл мурун билим бирүү тармагында жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, анын ордуна "Кыргыз жана дүйнө адабияты" предметин киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Мындай сунуш адабиятчы-окумуштуулардын талаш-тартышын жаратып, коомчулуктун каршы пикирине учураган.
1-топтогу майып Райымкалый Анарбек уулу отуз жылдан бери көчөдө ырдайт. Бул аралыкта ал беш балалуу болуп, учурда чүрпөлөрүнүн алды өз алдынча турмуш куруп кеткен.
Бишкекте кыргыз-британ актерлору биргелешип эки тилде даярдаган Уильям Шекспирдин "Макбет" пьесасы 1-майда көрүучүлөрдүн сынына коюлду.
Маданият министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө конкурс жарыялады.
Бишкекте 20-апрелде башталган салттуу музыка апталыгы Гала-концерт менен жыйынтыкталды. Анда сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн көрсөтүшүп, сыйлыктарга ээ болду.
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры Бишкекте гастролдо болду. Чыгармачыл топ Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург Асангүл Абдыгулованын "Калк энеси Каныкей" спектаклин койду. Пьесада автор Каныкейдин образы аркылуу эл башчыларды
Соцтармакта театр кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы тууралуу тамашалуу видео тарады.
Кыргыз-британ актерлору Бишкекте Уильям Шекспирдин "Макбет" пьесасын сахнага чогуу даярдап жатышат.
Режиссер бул пьесанын философиясы учурдагы окуяларга үндөшөөрүн айтууда.
Эмгек сиңирген артист Гүлмира Турсунбаева жана жаш актриса Динара Идирис кызы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштейт. Гүлмира театр сахнасына мындан отуз жыл мурун келсе, Динара бир жыл мурун өзүнүн өнөр жолун баштаган.
Тажикстанда төрөлүп, Өзбекстанда билим алып, азыр Кыргызстанда жашап жаткан Рахмат Турдуев Орто Азия адабияты менен маданиятын өз жашоосунда тапкан түбөлүк дөөлөтү катары баалап, андагы улуу ойлорду кийинки муунга мурас калтырууга жан үрөгөн инсан.
Бактардын кыйылганына каршы митингдин катышуучулары Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевди жана айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жооптуу башка жетекчилерди кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылган кайрылуу кабыл алышты.
"Рамаяна" - кыргыз театрынын Индия элчилиги менен биргеликте ишке ашып жаткан экинчи долбоору.
Режиссер Темир Бирназаров "Кош келиңиз, Президент мырза" аттуу кинотасма тартты. Сценарий боюнча качкын президент мекенин сагынып, пластикалык операция жасатып Кыргызстанга кайтып келет. Автордун айтымында, жаңы тартылган фильмди аягына чыгуу беш жылга чукул убакытты талап кылган.
Дагы жүктөңүз