"Тунгуч" театрынын өз алдынча жашап жатканына быйыл отуз жылга чукулдады. Ал Кыргызстандагы биринчи менчик театр. Бул тууралуу Театр ишмерлер бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов мындайча кеп салды:
- Жеке менчик театр биринчи "Тунгучтан" башталган. Жамал Сейдакматова 1989-жылы кайра куруу саясатынын шарапаты менен театр ачкан. Ал кезде жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдө ошондой агым жүрө баштаган. Андан кийин 90-жылдардан баштап алардын катары көбөйүп, 2000-жылы Кыргызстанда жеке менчик театрлардын саны арбыды. Мунун баары өзгөчө бала бакчадагы жана мектептеги балдар үчүн ачылган театрлар.
Кулмамбетов учурда жеке театрлар жеткинчектерге оюн көрсөтүүдө куурчактын бардык түрүн пайдаланып, билим берүү мекемелеринен сырткары балдардын бешик, тушоо тойлоруна, туулган күндөрүнө да барып оюн-зоок коюп жүргөнүн кыстарды.
Анткен менен жаш режиссер Шамил Дыйканбаев Европа өлкөлөрүндө жеке менчик театрлар кадимкидей калыптанып, атургай мамлекеттен колдоо аларын мисалга тарты. Адистин айтымында, Кыргызстанда пайда болуп жаткан чакан театрлардын арасында чыныгы искусствону жаратууну көздөгөн чыгармачыл топтор да бар:
- Мен билгенден "705" аттуу чыгармачыл топ заманбап искусство менен алек болот. Ар кандай темада сүрөт көргөзмөлөрүн да уюштуруп жүрүшөт. Заманбап спектаклдерди коет. Ачык айтканда алар тууралуу биздин Маданият министрлиги билбейт. Мамлекеттик театрга барган көрүүчүлөрдүн да ал театрлардан кабары жок. Бул абдан өкүнүчтүү. Анткени эгер театр күйөрмандары алар тууралуу билсе, Кыргызстандагы театралдык процесс мындан да кызыктуу болот беле деп ойлойм.
Дыйканбаев сөз кылган "705" чыгармачыл тобунун режиссеру Марат Райымкуловдун айтымында, нукура искусство мамлекеттин, демөөрчүлөрдүн акчасынан жана башка нерселерден көз карандысыз болушу керек. Аталган топ он жылдан бери Бишкектеги бийик үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө оюн коюп, искусствонун түрдүү жанрын аркалап келет:
- Биздин театр же "705" чыгармачыл тобу 2005-жылы түптөлгөн. Андан бери биз кээде көчөдө, кээде ушул жер төлөдө эксперименталдык спектаклдерди коюп келебиз. Башында биз абсурд театры катары түптөлгөнбүз. Азыр деле ошол өзөгүбүздү сактап келебиз. Эмнеге? Анткени театрдын же драманын абсурддугу - биздин турмушубузга жакын.
Бул чыгармачыл топ акыркы кезде өз күйөрмандарын "Сынган көз айнек", "Балдар бөлмөсү", "Кызыл таблетке", "Чычкандардын падышасы" сыяктуу өзгөчө ыкмада даярдалган спектакль, сүрөт көргөзмөлөрү менен кубандырган.
"Азаттыктын" архиви: Жер төлөдөгү саясий спекталь. 2014-жыл
Театр ишмерлери бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов адистер алдыда жеке менчик театрларды жер төлөдөн эл алдына чыгаруу үчүн атайын иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын айтты:
- Жеке менчик театрлардын атайын фестивалын өткөрөлү деп сүйлөшкөнбүз. Эки жылдан бери мүмкүнчүлүктүн жоктугуна байланыштуу бул максатыбыз ишке ашпай келет. Быйыл аракет кылып көрөлү деп турабыз. Биз жеке менчик театрларыбыздын дарамети канча экенин, кандай багытта иштеп жатканын билип, аларга мамлекекет тарабынан кандайдыр бир колдоо керек болсо аны да ойлонуп көрүшүбүз керек. Негизи дүйнө театрларынын тарыхы жеке менчик театрлардын тарыхы. Мамлекеттик театр өтө сейрек көрүнүш. Биз советтик идеологиянын негизинде ал саясатка кызмат кылуу үчүн толтура театр ачып алганбыз. Иш жүзүнө келгенде театр деген чыгармачылыктын бир формасы да.
Кулмамбетов театрлар да жазуучу, акын, сүрөткер сыяктуу эркин болууга тийиш деген пикирде.
Буга чейин Кыргызстанда 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар экени, алардын жарымы гана иштеп жатканы айтылып келген.
Бөргер: Театрда байыш үчүн иштебейт
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.