"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Ушул жумада Мамлекеттик тил комиссиясы республика боюнча “Сабаттуу бол” акциясын өткөрдү.
Кыргыз улуттук академиялык драма театрын капиталдык ремонттон өткөрүү маселеси көтөрүлүп жатат. Жакында мамлекет башчы театр имаратын көрүп чыгып, ал тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж экенин айткан.
Манас жана Айтматов академиясы тиешелүү каражат, атайын имарат бөлүнгөнүнө карабай өз ишин баштай албай жатат.
Тыл ардагери Сурма Ызакулова паспорту боюнча быйыл 106 жашка толду. Бирок өзү экинчи дүйнөлүк согуш башталган жылы 14-15 жаштагы тестиер кыз болгом деп эскерет.
Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Бишкекте «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу көргөзмө ачылды. Иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.
Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаев 85 жашында жарыкчылык менен кош айтышты.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында “Чыгыш бермет саптары” аттуу поэзия кечеси өттү. Анда чыгыш элдеринин ырларын ар улуттун өкүлдөрү өз тилинде жаңыртып, кыргыз акындары алардын котормолорун окуп беришт
Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Улуттук илимдер академиясында сакталган кол жазмалар фондунун 80 пайызы санариптешти. Эми аларды Интернеттен таап окуса болот.
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өзүнө окшобой калды деп коомчулукту нааразы кылган айкелди алмаштыруу маселеси талаш-тартыш менен коштолууда. Элдин купулуна толбогон айкелдин автору нааразы экенин билдирип, өзүнүн эмгек акысы толук төлөнбөй жатканын билдирди.
Адабиятчы жана коомдук ишмер Теңдик Аскаров узакка созулган оорудан улам 4-мартта 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Бишкекте өтөт.
Кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү көп жылдан бери кароосуз турат. Шаар тургундары ал жерде учурда селсаяктар түнөп жатканын айтышат.
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Учурдун таанымал жаш акындары тууралуу журналист, акын Болот Таштаналиевдин жазган обзордук адабий сын макаласы калемгерлер арасында кызуу талкууга түштү.
Президент Кыргызстанда жыл сайын жер-жерлерде Көчмөндөр оюндары өткөрүлөрүн жар салды.
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.
Балдары майып ата-энелерге акы төлөп берүүдө суроо жараткан жагдайлар көп. Серепчилер муну жер-жерлерде социалдык колдоого муктаж катмарга түшүндүрүү иштери аксап жатканынан көрүшөт.
Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Назым Меңдибаировдун “Кылым карытар бир күн” спектакли аншлаг менен өттү. Чыңгыз Айтматовдун татаал чыгармаларынын бири катары белгилүү көлөмдүү роман буга чейин сахнада сейрек коюлуп келген. Театр күйөрмандары жаңы спектакль көрүүчүлөргө жеткиликт
Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди.
Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектеп майып, бирок окууга уруксат берилген 14 жаштагы өспүрүм кызды окуудан чыгарды.
Дагы жүктөңүз