Ушундан улам азыр коомчулукта: «Бир аз жыл мурун эле капиталдык ремонттон өткөн театр эмне үчүн саналуу жылдарда эле кайрадан оңдоого муктаж болуп калды?» деген суроолор бар.
«Мына, бул суу түтүктөрдү болсо пластмассадан коюп салышыптыр. Болгондо да муздак сууга ылайыкташкан пласмасса экен. Анан кышында ысык суу келгенден кийин баары жарылбадыбы...» - деп сөз баштады Кыргыз академиялык драма театры оңдоп-түзөлүп жаткан жылдары ага директор болуп келген Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев. Ал театр имаратында буга чейинки оңдоп-түзөө иштери кандай жүргөнүн көрсөтүп жүрдү:
«Мен бул театрга 2010-жылы 6-июнда директор болуп келдим. Ошондо имарат ремонтто экен. Ошондо мага чейин театрга оңдоп-түзөө иштерине деп 16 млн. сом бөлүнүптүр. Ал каражат кандай жумшалганын билбейм. Мен келгенде экинчи кабаттагы боёнуучу бөлмөлөр, директордун кабинети толук бүтүптүр. Сахна чала бүтүп, туура эмес чапталып, аялдар ажатканасы таптакыр талкаланып жаткан экен».
Алышпаев ушундан улам театрдын эсеп-кысабын жакшылап текшертип, анын жыйынтыгында имаратты оңдогон курулуш компаниялары эки миллион сомдон ашык карыз болуп чыкканын эске салды. Бул иштер боюнча соттошуу башталып, натыйжада ал компаниялардын бири бүтпөгөн ишин аягына чыгарса, экинчиси юридикалык жактан жоюлуп, дайын-отун таптырбай кеткен.
Алышпаев андан да өкүнүчтүүсү - ага чейин бүткөрүлгөн оңдоп-түзөө иштери жана сатылып алынган эмерек өтө сапатсыз болуп чыкканына кейиди:
«Залдагы креслолор аз өтпөй эле талкалалана баштады. Келгенде эле анын сапатсыз экенин көргөм. 800дү алып келген экен. Мен 600үн койдуруп, 200үн кампага алып койгом. Сынгандарын улам алмаштырып атабыз. Боёнуучу бөлмөлөрдүн эшиктерин карап көр. Абдан сапатсыз, калдыраган эшиктер коюлган. Менимче булар тендерден уткандан кийин көзөмөл кылган эмес».
Алышпаев болгону отургуч, кийим илүүчү чакан шкаф, боёнгонго күзгү коюлган актерлордун иш бөлмөсү 1 млн. 100 миң сомго жасалганын айтып, бул жерде да шектүү аракеттер бар деп божомолдойт.
Кыргыз академиялык драма театрын Марат Алышпаевге чейин бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп иштеп жаткан Кыргызбай Осмонов жетектеп турган. Ал өзү жетектеп турган учурда театр капиталдык ремонттон толук өтпөгөнүн айтып, жасалган иштердин сапаттуу болбой калганынын себебин мындайча түшүндүрдү:
«Эми ал убакта театрлардын оңдоп-түзөлүшүнө каражат бир эле учурда баары бөлүнүп калган эмес. Бөлүк-бөлүк болуп берилип турган. Ошого жараша ремонт жүргүзгөнбүз. Аны капиталдык ремонт деп айтканга болбойт. Аз-аздан алган акчага зарыл болгон бөлүгүбүздү эле ремонт кылып турганбыз. Бардык эле теарларда ошондой болгон».
Театрга Осмоновдон кийин Алышпаев директор болуп келгенде мамлекеттен имараттагы оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоого 2010-жылы 8 млн. сом бөлүнгөн. Ал бул каражатка театрдын чатыры жаңыланып, сахна кайра оңдолуп, фойе жасалгаланганын айтат. Бүгүн театрда кайра ошол жаңыланган чатырдан суу өтүп жатат.
Режиссер Темир Бирназаров - маданият тармагындагы коррупция боюнча маселе көтөрүп, бул темада өз пикирин ачык айтып келген өнөрпоздордун бири. Анын баамында, эгемендик жылдары ансыз да каралбай калган маданиятка бөлүнгөн азыноолак каражаттан өөнөгөндү өздөштүргөн топтор да бар.
«Бизде бул адат болуп калды, - дейт ал. - Бизде бардык тармак ушундай. Маданият тармагындагы жемкорлук кайра-кайра айтылып, жазылып атат. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатпайбы. «Башка тармактарга караганда аз эле болуп атат» дегенсип көңүл бурулбайт окшойт. Мына, Тарых музейи тууралуу өтө көп айтылды. Азыр анын жыйынтыгы кайда?»
Бирназаров маданият тармагында айрыкча тендер өткөрүү аркылуу жең ичинен өз көмөчүнө күл тартуу көнүмүшкө айланып калганын белгиледи.
Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын азыркы имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Азыр бул имарат оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык-техникалык базасын жаңылатууга 76 млн. сомдон ашуун акча каражатына муктаж экени айтылып жатат.