"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Эки айга чукул убакыттан бери жетекчи дайындалбаганына нааразы болгон Кыргыз циркинин жамааты Ак үйдүн алдына чыгып, өздөрү сунуш кылган талапкерге көңүл буруу талабын өнөрлөрүн көрсөтүү менен билдиришти. Акцияга чыккандарды Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабыл алып, дире
Бишкекте ар кайсы багытта ийгиликке сүрөгөн тренингдер көбөйдү.
Көп жылдан бери чуусу басылбай, түп-тамырынан бери реформага муктаж болгон Мамлекеттик циркке жетекчи болгусу келгендердин катары калыңдап баратат. Алардын арасында өз талапкерлигин көрсөткөн жана коомчулук сунуш кылгандар да бар.
Билим берүү министрлиги ЖОЖдорго өтүүдө кыргыз тилине артыкчылык берилерин жарыялады.
Эмнеге кыргыз коому эң жөнөкөй эрежелерди сактагысы келбейт?
Кыргыз Эл артисти, белгилүү опера ырчысы, "таң булбулу" деп таанылган ырчы Эсенбүбү Нурманбетова 62 жашында бул дүйнөдөн өттү.
Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун демилгеси менен Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин сериясынын бет ачары өттү.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда Эмгек сиңирген артист Марат Козукеевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, күйөрмандары катышты. Эскерүү кечеде театрдын артисттери ал койгон спектаклдерден үзүндү ойноп беришти.
12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанат Улуттук филармонияда өттү. Иш-чарага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган расмий өкүлдөр, жазуучунун замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.
12-декабрь -Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул күнү залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанат Улуттук филармонияда өттү. Иш-чарага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылказиев баштаган расмий өкүлдөр, жазуучунун замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.
Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандарын аткарган актерлордун жолугушуусу өттү. Иш-чарада залкар калемгердин чыгармалары боюнча тартылган тасмаларда ойногон актерлор чогулду. Чыгармадагы каармандардын алтымыш жылдан кийинки жолугушуусу тууралуу “Эсимде” аттуу тасма да көрсөтүлдү.
Кыргыз музыкасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленип чыккан чыгармалар көп.
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Салтанатта КТРКнын тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордун ыр, күү, бийлери менен коштолду.
Үч жыл мурда өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын отуз миңге жакыны он сегизге чыга элек.
«Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фонду майып акындардын «Тагдыр каармандары» деп аталган поэзия кечесин уюштурду.
Мамлекеттик салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашуун адам салык мыйзамдарын бузганын аныктап, акт түздү. Мекеменин басма сөз кызматы мындан ары да тойлорго рейддер улантыла берерин билдирди.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы аяктап жатат. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Казакстандын он сегиз театры катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрсөттү.
Бишкекте 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өттү. Ага өкмөт өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтты. Адистердин пикиринде бул даталуу күн маданият тармагында жыл сайын эле ашыкча убаракерчилик менен белгиленип ке
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Казакcтанда өтүп жаткан театралдык фестивалга Казак эл жазуучусу Сабит Досановдун "Карышкыр улуган түндө" чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль менен катышып жатат. Оюн-зооктун бет ачары ушул айдын соңунда Бишкек шаарында өткөн. Союжетте билим бер
Дагы жүктөңүз