Маркум эмгек жолунда 400дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин автору болгон. Алгачкы эмгек жолун Илимдер академиясынан баштап, 15 жыл Кыргызстандын Жазуучулар союзун башкарып турган.
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Теңдик Аскаров илимде социалдык философия жана эстетика боюнча ири адис катары таанымал. Ошол эле мезгилде ал өз заманынын жигердүү мамлекеттик жана коомдук ишмери катары бир нече жооптуу кызматтарда иштеген.
Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков кеп салды:
- Ал өзүнүн эмгек жолун Улуттук илимдер академиясында баштаган. 1960-жылы адегенде аспирантурага өтүп, 1963-жылдан тартып илимий кызматкер болуп иштеп калат. Андан кийин эле ошол кездеги Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун окумуштуу катчысы болуп жүргөн. Ал жерден кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин партиялык кызматка өтүп кеткен экен.
Тамыры илимден башталган Аскаров алгач «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары, андан кийин 15 жыл Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1986-жылы Улуттук илимдер академиясына кайтып келип илимий ишмердүүлүгүн уланткан.
Осмон Тогусаков бул аралыкта Теңдик Аскаров өзүнүн илимий мектебин түзгөнгө жетишкенин белгилеп, анын окумуштуу катары жасаган эмгектеринин өзөгүнө токтолду.
- Теңдик Аскаров алгачкылардан болуп жарандык коомго түшүнүк берген. «Жарандык коомдун курамы кандай, ал кандай багытта өсүп-өнүгүшү керек, анын ичинде коомдун үлүшү кандай болот, ошол жерде өкмөттүк эмес уюмдар кандай ролду ойнойт?» деген суроолорго жооп издеп, изилдеп чыккан, - деди ал. - Экинчи багыты катары ал улуттук философиянын багытын, тарыхын изилдеген. «Кыргыз философиясынын тарыхы» деген окуу китебин жазып чыккан.
Теңдик Аскаров адабиятта устаты академик Азиз Салиевдин жолун улантып, чыгармаларга эстетикалык, философиялык өңүттө караган өз үнү бар сынчы болгон. Философиялык маселелерге, көркөм маданиятка диалектиканын мыйзамдары менен категориялары аркылуу терең ой жүгүртүп, илимий, көркөм процесстин көрүнүштөрүнө талдоо жүргүзүүнүн салттуу эмес жолдорун издөөгө далалат кылган. Ал жөнүндө Эл жазуучусу Мелис Абакиров айтып берди:
- Адабият боюнча Кеңешбек Асаналиевден кийинки эле чоң адис десек болот. Бирок бул чыгармаларды философиялык өңүттө сындаган. Бийик адабияттын чен-өлчөмүндө категорияны жогору коюп, ошого жооп береби же жокпу - ошону гана айтып жүрүп отурат. Ар бир авторго бирден токтолуп, бирден талдап отурбайт. Чынында кызык. Мен Аскаровдун сынына аябай таң калам. Ал калемгерлерди кошоктотуп ар кайсы категорияга бөлүп коёт. Жаштар адабияты десе аларды мисалы Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, анан түкүнчө, баланча деп ошол деңгээлдегилерди бир санайт. Бирин да өзгөчө бөлүп көрсөтпөйт. Бул адабияттагы калыстыктын үлгүсү.
Абакиров маркум замандашын студент кезден бери билерин кеп кылып, ал инсан катары түпкүлүгүнөн мырза пейил, сылык-сыпаа, улууларга да, кичүүлөргө да «сиз» деп кайрылган, эч кимге жамандык ойлобогон алпейим инсан болгонун кошумчалады.
Теңдик Аскаровдун атасы Экинчи дүйнөлүк согушта каза болуп, энеси тарбиялап чоңойткон. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Маркумдун үйүндө сөөк башында турган туугандарынын бири Кемел Керимов жакынын мындайча эскерди:
- Биз дээрлик 50 жылга жакын бирге болдук. Бул жалгыз гана биздин үй-бүлөнүн жоготуусу эмес. Кыргыз интеллигенциясы да чоң жоготууга учурады. Мен бул кишини Кыргызстандагы нукура интеллигенттердин бири деп айтар элем. Ал өзүнүн илиминде жогорку бийиктиктерге жетүү менен бирге элге, адамдарга, туугандарына жасаган мамилеси жагынан да өтө бийик инсан эле.
Теңдик Аскаров 1937-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Маркум менен коштошуу зыянаты 6-мартта Улуттук илимдер академиясында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.