"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Жаш обончу Түмөнбай Колдошев “Азаттыктын” студиясынан өзүнө атак алып келген “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу обонун ырдап берди.
Манасты өзбекче сүйлөткөн Малика
Скрипка-оркестр ханышасы
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар теарында Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Элес” спектаклинин бет ачары өттү.
Бүгүн кыргыз коомчулугу "Супара" этнокомплексинде Кыргызстандын алгачкы демократтарынын бири, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев менен коштошту.
“Ак илбирс” кино сыйлыгы ээлерин тапты
Табылды Эгембердиевдин дүйнөдөн өтүшү кыргыз коомчулугу үчүн оор жоготуу болду. Замандаштарынын айтымында, Эгембердиев өз өмүрүндө улуттук маданияттын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, улут уюткусуна айланган эле.
Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели тургузулду
"Азаттыктын" бул жолку апталык түрмөгү айыл чарбасына арналды. Бул ирет аймактагы дыйкандар менен малчылардын үнүн, көйгөйүн жана жетишкендиктерин уга аласыздар.
Кыргызстандын тарыхында Экинчи Дүйнөлүк согуш темасы боюнча азыркыга чейин такталбаган актай барактар бар. Жергиликтүү тарыхчылар майданда жыйырмага чукул кыргызстандык жоокер татыктуу эрдик көрсөтүп, бирок белгисиз себептер менен Советтер Союзунун Баатыры наамын албай калганын айтышууда.
Маркум акын, публицист Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу адабий мурасын чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жылуу кабыл алды. Адабиятчылар аталган жыйнак кыргыз адабиятынын жаңы табериги экендигин айтышууда. Китепке калемгердин буга чейин эч жакта жарыяланбаган көркөм поэзиясы жана котормолору кирген.
“Ыр аке”деген ысымга ээ эл акыны Рамис Рыскулов быйыл 80 жашта. Акын азыр деле карылыкка моюн бербей так секирип бийлеп, ыгы келсе ырдап, эргисе ырын жазып, сүрөтүн тартып иштеп жатат. Биз Рыскуловдун үйүнө барып, өнөрканасында маек курдук.
Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында Дүлөйлөр жана дудуктар жатак мектебинин окуучулары катышкан “Үмүт” аттуу спектаклдин бет ачары өттү.
“Ак илбирс” кино сыйлыгына түшкөн тасмаларга калыстардын берген баасы 16-майда белгилүү болот. Кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын өтүүчү бул сынакка быйыл отуздан ашык тасма катышып, алардын ичинен он үч тасма тандоо турунан өткөн.
“Жан дүйнө” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы 90-жылдары популярдуу обончу катары таанылып, күтүлбөгөн жерден өмүрдөн эрте кеткен сахна жылдызы Чубак Сатаевге арналды.
Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын алдында китеп күнүнө карата “Китеп - адамзаттын рух азыгы” аттуу көргөзмө жана “Алыкулга таазим” аттуу поэзия кечеси өттү.
Билим берүү министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жардамдарын натыйжалуу пайдалануу максатында быйыл бир айлык “Биздин мектеп” долбоорун ишке ашыруу демилгесин көтөрүп жатат. Мындай демилгени сындагандар да, кубаттагандар да бар.
Орусияда тыюу салынган “Номер 44” тасмасы Кыргызстанда да көрсөтүлбөй турган болду.
Дагы жүктөңүз