Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

"Үмүт" - үнсүз дүйнөнүн сахнадагы үнү


Спектаклден бир көрүнүш
Спектаклден бир көрүнүш

Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында Дүлөйлөр жана дудуктар жатак мектебинин окуучулары катышкан “Үмүт” аттуу спектаклдин бет ачары өттү.

Угуу жана сүйлөө жөндөмүнөн ажыраган таланттуу улан-кыздар улуттук маданияттын тарыхында биринчи жолу алты саны аман жарандар менен биргеликте образ жаратты.

Спектаклдин башында өзүнүн тун кызы дүлөй болуп төрөлгөнүн уккан ата ар кандай шылтоо таап, келинчеги менен урушуп, акыры үй-бүлөсүн таштап кетет.

Тубаса майып төрөлгөн наристенин атын - Үмүт деп коюшкан эле. Дарыгерлер кыздын дүлөй болуп төрөлүшүн жаш эненин кош бойлуу кезинде тумоолоп, бирок ага маани бербей койгонунан көрүшөт. Сүйлөбөгөн кызы менен жалгыз калган эне ичкиликке да бериле баштайт. Бирок Үмүт балапан кезинен чеберчиликке кызыгып, акыры ошол өнөрү менен өзүн да, апасын да ачуу тагдырдын баткагынан сууруп чыгат. Мыкты дизайнер катары таанылып, ак эмгегинен баар табат. Дени-карды соо, он эки мүчөсү түгөл жигитке турмушка чыгат.

Көрүүчүлөрдүн бири Батырбек Түлөбердиевдин айтымында, маселе бул жерде бул кайгылуу баяндын бактылуу аякташында эмес:

- Спектакль коомчулук үчүн унутта калган чөйрөнүн социалдык көйгөлөрүн алып чыкканы менен баалуу. Мен чынын айтканда, аны башынан аягына чейин муунум бошоп отуруп көрдүм. Көрсө, биз соо адамдар жаныбызда эмне болуп жатканын билбей жүрө бериптирбиз. Байкасам биз, улуу муундар, сезимибиз катып, көп нерсеге көңүл бурбай калат экенбиз. Бул көйгөйдү студенттер, жаштар көтөрүп чыкты. Ал биздин жүрөгүбүздү ойготту. Образ жараткан дүлөй балдарды карасаңар аябай таланттуу экен.

Батырбек Түлөбердиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда дүлөйлөр менен дудуктардын маалымат алуу, маданий иш-чараларга катышуу укугу чектелүү. Алардын чыгармачылык дараметине, рухий азыкты кайдан аларына эч ким кызыкпайт. Алар үчүн спектаклдерди мындай кой, жалпы коомчулукка тараган маалыматтарды которуп берүү да жетиштүү эмес.

“Алар бар, бирок биз аларды байкабайбыз”

Залдагы көрүүчүлөргө сүйлөгөн артисттердин тили сахнанын бурчунда турган котормочу аркылуу чечмеленип турду. Тактап айтканда, айтылган диалог дүлөй көрүүчүлөр үчүн жаңсоо аркылуу, ал эми дудук артисттердин бири-бири менен жаңсоосу сөз менен түшүндүрүлдү.

Сахнада дүлөй төрөлгөн кызын апасы менен таштап кеткен атанын образын жараткан студент Бексултан Үсөналиев бул спектаклди көрүүчүлөргө алып чыгууда жаралган кыйынчылыктар тууралуу буларды айтты:

- Негизинен башында абдан кыйын болгон. Алар менен сүйлөшүү, өзүбүздүн оюбузду аларга түшүндүрүү да жеңил болбоду. Бирок котормочулардын жардамы менен максатыбызга жеттик деп ойлойм. Биздин негизги максат - коомго алар бар экенин айтуу. Коомубузда укпаган, сүйлөбөгөн да адамдар жашап жатат. Алар биздин шаарда жашайт. Бирок биз аларды байкабайбыз. Байкап жүрүү керек. Анткени алар биздей эле адамдар.

Бексултан Үсөналиев Кыргызстанда алар да башка адамдардай эле маалымат алууга укуктуу экенин, бул боюнча атайын мыйзам чыкканын, студенттердин демилгеси ошол мыйзамдын ишке киришин эртелетүүгө салым кошуу экенин белгиледи.

"Үмүт" - дүлөй кыздын дүйнөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Бул долбоорду уюштуруп, ишке ашырган президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын биринчи курсунун студенти Бегимай Усубалиева экен. Ал бизге аталган спектакль үч айдын ичинде даяр болгонун айтты:

- Өзүбүздүн академиядан, Американын Борбор Азиядагы университетинен, Дүлөйлөрдүн жатак мектебинен актерлорду таап, иштей баштаганбыз. Дудуктар мектебиндеги балдар идеябызды аябай жакшы кабыл алышты. Алар менен биринчи күнү эле достошуп кеттик. Биз күткөндөй эле аталган мектепте өнөрлүү балдар көп экен.

Бегимай студенттер алдыдагы айларда жайкы сынактарды тапшыруу менен алектенип бошобой калышарын, ошондуктан спектаклди бул жолу бир гана күн койгонго туура келгенин айтты. Бул саамалык студенттер сынактарын тапшырып бүткөндөн кийин кайрадан уланарын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG