"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Сабаттуу жазалы” акциясын бүгүн журналисттерге жат жазуу жаздыруудан баштады. Бир айлык бул акцияга республика боюнча жогорку окуу жайлардын, мектеп, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер катышат.
Бишкек шаарында жыйырма сегиз жаштагы келин көңүлдөшү менен бирге эки жаштагы баласын сабап өлтүргөн деп шектелип, камакка алынды.
“Жан дүйнө” радио түрмөгүнөн Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдиновдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туш болгон балалыгы тууралуу маегин сунуштайбыз.
Президенттин аппаратына караштуу “Мурас” фонду тарабынан “Доор жаңырткан элдик ыңкылыптар” аттуу тарыхый китеп жарыкка чыгып, коомчулукка сунушталды.
Бүгүн Мураталы Күрөңкеев атындагы балдар музыкалык мектеби Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурган “Жеңиш ыры” аттуу кароо сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады.
Акыркы кездери өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, көчөнүн селсаяк турмушуна аралашып кетүү сыяктуу өңдүү көрүнүштөр коомчулуктун назарын бурган олуттуу көйгөйлөрдөн болууда.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатент мекемесинин казынасына автордук чыгармаларды пайдаланган тараптардан сегиз миллиондон ашык каражат түшкөн.
Былтыркы расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу 2,5 миллионго жакын калктын сегиз пайыздан ашыгы жумушсуз.
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү тууралуу маалымат театр ишмерлеринин нааразылыгын жаратууда.
Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган Бишкектеги үйү 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда бул үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси быйыл, 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгынын алкагында акындын Бишкектеги музейин чоңойтууну жана Чолпон-Атадагы үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү сунушутап жатат.
Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 105 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Бул ирет кабарчыларыбыз Бажы биримдигине кирүү алдында турган Кыргызстандагы мал багуунун оош-кыйыштары, эпизоотикалык абалга кызыгып көрүштү.
Диний жана улуттук баалуулуктардын окшоштуктары, айырмалары жана кайчы келген өңүттөрү Бишкекте студенттердин, диний аалымдардын, окумуштуулар менен эксперттердин катышуусунда өткөн жумада талкууланды.
Түркия учурда өз маданиятына, тарыхына өтө аяр, камкор, өзгөчө мамиле кылган өлкөлөрдүн бири.
Аялдардын коомдогу абалы, турмушу, көйгөйү тууралуу "Азаттыктын" атайын макалалар топтомунда сөз болот.
74 жаш курагында көзү өткөн белгилүү окумуштуу, коомдук жана саясий ишмер, аялдардын укугун коргоочу Рахат Ачылованын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Байтик тоосундагы кабырга коюлат. Аны узатуу зыйнаты 7-мартта Кыргыз академиялык драма театрында өтөт.
Кыргыз эл артисти, искусство таануу илиминин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгильдеевдин сөөгү 21-февралда жерге берилет.
Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.
Дагы жүктөңүз