"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Улуттук Гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жүздөй китеп менен толукталды.
«Улуттук баш кийим жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте колдоо тапса, ак калпакты мазактагандар 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып төлөйт. Мындай мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жактырды.
4-декабрь - Манас күнүнө карата башталган республикалык манасчылар таймашы соңуна чыкты. Сынак эки бөлүктөн туруп, республика боюнча 60тан ашык манасчы ат салышты.
Өкмөт үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында тараткан маалыматта үй-бүлө зомбулугу өлкөдөгү чоң көйгөй болуп калганын белгиледи. Ички иштер органдары бир жылда зомбулукка байланыштуу 5185 учурга ордер берген.
Комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү бүгүн, 12-ноябрда Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында жерге берилди. 44 жаштагы комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам 10-ноябрда каза болгон.
Төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, жаш төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу 26 жашында жол кырсыгында каза тапты. 11-ноябрга караган түнү Кочкорго бараткан жеңил машине жүк ташуучу машине менен кагышып, төрт киши каза болду.
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган.
Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.
Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Филармонияда өткөн салтанаттуу кечеде президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиев өз мезгилинде республикалык гана эмес, жалпы союздук алкактагы мамлекеттик жана партиялык ишмер болгонун белгиледи.
2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет.
«РухЭш» сайты Ишенбай Абдразаков атындагы «Улут үлгүсү» жана Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыктарын тапшырды. Бул жолу сыйлыктарга окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматова жана «Полис Азия» талдоо борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева татыктуу болушту.
СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрү жеткиликтүү изилденбей келет. Чокморов жалпысынан төрт жүздөн ашык чыгарма жараткан. Учурда ал эмгектердин 70тен ашыгы көркөм сүрөт музейинин алтын фондунда сакталуу.
Бишкекте Чүй камералык оркестри концерт берди. Ал кыргыз композиторлор союзунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгынын алкагында уюштурулду. Улуттук филармониянын кичи залында өткөн концертке кыргыз композиторлорунун камералык музыкасы аткарылды.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында "Капас" спектаклинин бет ачары өттү.
Бүгүн төрт гезит жарык көрдү. Алар негизинен 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында кызый баштаган саясий окуялар тууралуу жазды.
Бишкекте “Кыргыз таануу маселелери: байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү.
2020-жылдын соңуна чейин балдар үчүн бир миллиондон ашык китеп тапшырылат. ЮСАИД уюму каржылаган долбоор башталгыч класстын окуучулары үчүн китептерди басып чыгарууда.
Кыргызстанда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленип жатат.
Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында медициналык кызматкерлер, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, чет элдик жарандар болду.
Дагы жүктөңүз