Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө тууралуу мыйзам долбоорун 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылып, парламент колдогон.
"Ата-Бейит" мемориалдык музей комплексинде президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын катышуусунда эскерүү иш-чарасы өттү.
Төрт бийлик өкүлү бул күнү 1916-жылдагы Үркүн окуясынын, репрессия курмандыктарынын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 7-апрель баатырларынын кабырына гүл коюшту.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу элге кайрылып, кыргыз эли орто кылымдарда улуу каганатты түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолоруна кез келип, Үркүн, Октябрь революциясын башынан кечиргенин эске салды.
"Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды. Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз”, – деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Совет доорунда 7-ноябрь Октябрь революциясынын жеңген күнү катары белгиленип келген. Кыргыз коомчулугунда мурдагы майрамды өзгөртүүнүн кажети жок эле деп эсептегендер да жок эмес.
Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев Октябрь революциясы кыргыздын эл катары сакталып калуусуна чоң салым кошконун айтып келет.
- Кыргыз эли үчүн Октябрь революциясынын мааниси өтө терең. Себеби, 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Октябрь революциясы болбосо биздин тарыхыбыз, тагдырыбыз талкаланып калмак. Эл болуп калат белек же калбайт белек белгисиз. Бул күн орустарга башкача таасир бериши мүмкүн. Себеби, аларда падышалык бийликти жактагандар да, башка багытты көздөгөндөр да бар. Ошондуктан алар ар кандай сүйлөп жүрөт.
Анткен менен тарыхчы Кыяс Молдокасымов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөөдө кыргыз элинин башынан өткөн бардык окуялар камтылганын кеп кылды.
- Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүшүндө каза болгон 120 миңдей ата-бабабыздын арбактарына таазим кылынат. Андан кийин 1917-жылдагы февраль буржуазиялык революциясы, анан эң негизгиси 1917-жылдагы Октябрь революциясы, ал революциянын кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш жыл болгону белгиленет. Октябрь революциясынан кийин кыргыздар да күрөшүп отуруп автономиялуу облусун, андан ары жүрүп отуруп Кыргыз АССРин түзгөнү, Кыргыз ССРине айланып, анан 1991-жылы эгемендик алганы эскерилет.
Молдокасымов ошол эле учурда бул күнү мамлекетти түптөө жолунда сталиндик репрессияга дуушар болгон кыргыздын тунгуч интеллигенциясы эскерилет деди.
“Ата-бабаларды эскерүү” дегенде Үркүн деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган.
Себеби, мындан 81 жыл мурун 5-8-ноябрь аралыгында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу "эл душманы" деп жалаа жабылган 138 адам атылып, кийин сөөгү Чоң-Ташта табылган.