Айрым сыйлык алуучулар бул жолу Кыргызстанда мамлекеттик наамдар татыктуу инсандарга өз учурунда берилбей келери байкалганын кеп кылышты.
«70 жыл чайнап, жутуп, кепшеп атып араң 70 жашка чыкканда наам алдым», - дейт акын, сатирачы, 30 жылдан ашык телерадио тармагында иштеп келген Жолочу Рысбаев.
Жакындан бери ден соолугу начарлап жүргөн акын аты аталганда сахнага балдак менен чыгып, президенттин колунан «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алды.
Кийинки убактагы «жалгыз сатирачы-акын» деп саналып жүргөн калемгер бул аралыкта мындай наамды шоу-бизнесте жүргөн өзүнүн неберелери менен тең ырчы-чоорчулар алып келгенин, негедир өзүнө кеч берилгенин кеп кылды:
«Мен бала болуп башыма кулак-мурун чыкканы суранып көргөн адам эмесмин. Менде азыр толкундануу сезими деле болгон жок. Катардагы эле бирдемени алгандай болдум. Албетте, мындай алганда наам алганым сыймык дечи. Бир жерлерге барып калганымда «Кандай наамың бар?» деп сурашып, ошондо гана бир аз бет кызарып туруп берчүмүн... Убагында майда-чүйдө иш кылган экенбиз. Ошол эмгегибиз бааланды. Ага ыракмат! Азыр сүйлөгөнгө тилим күрмөөгө келбей жатат».
Куйкум сөздүү акын сыйлыкка шыктанып иштей турган кези өтүп кеткенде араң жеткенине өкүнүп, сыйлангандардын арасында өзү сыяктуу кеч сыйлануучулар бир топ экенине кейиди.
Коомчулукта мамлекеттик сыйлыкты таптакыр жоюп салуу тууралуу пикирлер да айтылып келет. Азыркы мамлекеттик сыйлыктар системасын СССР убагынан калган ашыкча адат катары баалагандар да бар.
Бул иш-чарада «Кыргыз эл акыны» наамын алган Карбалас Бакиров болсо Рысбаевдин пикирин коштоп, Кыргызстанда мамлекеттик сыйлык кеч берилген учурда өзүнүн шыктандыруучулук милдетин аткара албайт деген оюн билдирди. Бул боюнча акын чет өлкөгө поэзия фестивалдарына барганда байкагандарын ортого салды:
«Мисалы, Орусиянын Якутия, Алтай жана башка аймактарынан келген акындар 40-45 жашында эле «Эл акыны» наамынын ээси болуп калганын көрөбүз. Бизде болсо мындай наамды 80-90 жашка чыкканда кечиктирип берип жатышат. Татыктуулар үчүн мындай наамды эртелеп беришсе жакшы болмок. Ошондо алар мекен үчүн да жакшылап иштеп бермек».
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата 29-августта кол койгон.
Анда тизменин башында мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков көзү өткөндөн кийин баатырлык наамын алган бул эки инсан тууралуу мындай деди:
«Урматтуу мекендештерим, эл үчүн жасаган эмгек эч качан жерде калбайт. Эл эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында калат. Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрү, баскан жолу, Мекенге арнаган эмгеги, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуу. Атактуу эки инсаныбыз тең өзгөчө урматтоого татыктуу. 40 жылга жакын эл башкарып, өлкөгө, элге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн Төрөбай Кулатовдун ысымы эл ичинде эчак легендага айланган».
Президент андан аркы сөзүндө бул жолу мамлекеттик сыйлыктарды берүүдө айылдарда өздөрү демилге көтөрүп, жамаат түзүп, жардам күтпөй эле өз көйгөйүн өздөрү чечип жаткан каармандарга, дарыгерлерге, мугалимдерге, спортчуларга, ишкерлерге, маданият, жөнөкөй аскер кызматкерлерине басым жасалганын белгиледи.
Экинчи даражадагы «Манас» ордени менен Кыргыз эл артисттери Жамал Сейдакматова, Самарбүбү Токтакунова сыйланды.
Үчүнчү даражадагы «Манас» орденине акын Надырбек Алымбеков, Кыргыз-Өзбек университетине караштуу Котормо жана окуу китептерин басып чыгаруу борборунун жана «Табигый таш» илимий-изилдөө борборунун директору Мухаммаджан Мамасаидов татыктуу болушту.
«Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын алгандардын арасында «Азаттык» үналгысынын мурдагы кызматкерлери - режиссёр, драматург, Аманбек Жапаров жана акын Фатима Абдалова да бар.
Сыйлык алгандардын катарына Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдолимжон Жураев, Таабалды Тиллаев, Азизбек Турсунбаев, Бактыбек Турусбеков, Абдумажит Юсуров да кошулган.