Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Аялды азапка салган зомбулук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында тараткан маалыматта үй-бүлө зомбулугу өлкөдөгү чоң көйгөй болуп калганын белгиледи. Ички иштер органдары бир жылда зомбулукка байланыштуу 5185 учурга ордер берген.

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилеп, мындан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет.

Акыркы жылдардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 95% аялдар болгон. Анын себебин «Демократиялык процесстерди иликтөө борборунун» адиси Гүлбарчын Жумабаева «Азаттыкка» мындайча түшүндүрдү:

- Бизде «аял үй-бүлөдөгү бардык түйшүктү көтөрө билиши керек» деп калыптанып калган көз караш бар. Ал түшүнүк зомбулуктун бир өзөгү болуп калууда. Үй-бүлөдө ынтымак болсо, тиричилик түйшүгүн эки тарап тең бирдей көтөргөндө гана зордук-зомбулук токтойт деп айта алам.

Адистер кызыл камчы күйөөсүнөн таяк жеп, көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналарын, ала качууга туш болгон кыздар көп экенин, бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынарын сөз кылышат.

Кара дубанын артындагы зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:23 0:00

Журналист Турат Бектенов болсо Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар көп болуп жатканын социалдык кыйынчылыктарга байланыштырып, бул көйгөй эркектердин да башында бар экенин кыстарды.

- Аялдардай эле эркектер да зордук-зомбулукка кабылып жатканы чындык. Экономикалык зордук деген бар. Совет мезгилинен кийин өлкөдө экономикалык абал начарлап, көпчүлүк аялдар үй-бүлө багууда негизги жүктү көтөрүп калган учурлар өтө көп болгон. Ошол себептен көпчүлүк эркектер психологиялык жактан жабыркап, өздөрүн жоготуп алды.

Бектенов айткандай, дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк өлкөлөрүндө аялдарга салыштырмалуу эркектер өз өмүрүнө көбүрөөк көп кол салып, баңгизат колдонуп, ичкилик ичүү менен бирге олуттуу илдетке чалдыгып, жашоо менен кош айтышат экен.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүм башчысы Роза Бекматова Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан балдар да, аялдар да, эркектер да жабыр тартып келатканын белгилеп, бул акцияга коомчулук да жигердүү катышуусу керек экенин кошумчалады:

- Бул учурда көбүнчө аялдар менен балдар жабыркайт. 2016-жылдын аягында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата мыйзам чыккан. Мыйзамдын негизинде бул ишти жөнгө салууга 17 субъект катышат. Андан кийин 1-августта токтом чыккан. Анда жабыркоочу кандай жардам ала алары, кимдерге кайрылары так жазылган.

Бекматова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы боюнча көптөгөн иш-чараларды белгилегенин, анын басымдуу бөлүгү алыскы аймактарда өтөрүн белгиледи.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренесине («Үй-бүлөдөгү зомбулук») ылайык, өкүмзордук кылган киши 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып төлөйт, же эки айга түзөтүү иштерине, 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат. Бирок байкоочулар ушул учурга чейин бир да эркек «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен жоопко тартыла электигин, ага эки тарап кайра келишип алганынан иш сотко жетпей каларын айтышат.

«Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фондунун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG