"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
“Азаттыктын” студиясына куудул Жамбыл Камчыев келип, өзүнүн жеке турмушу, чыгармачылыгы, саясатка эмне үчүн аралашып жүргөнү тууралуу маек куруп берди.
Президент Алмазбек Атамбаев 20-январда ар кыл тармактарга эмгек сиңирген жүз элүүгө чукул инсанга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Акыркы жылдарда коомчулукта мамлекеттик сыйлыктардын барк-баасы кеткени айтылып, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.
“Ак шоола” үлгүлүү балдар хору өзүнүн отуз жылдык маарекесин белгиледи. Бул аралыкта аталган топ миңдеген окуучуларды тарбиялап, көптөгөн өлкөнүн сахнасында ырдап келди. “Ак шоола” окуучуларды ырдоого эле үйрөтпөй аларга көркөм-эстетикалык жана педагогикалык таалим-тарбия да берип келе жатат.
18-январда Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда болгон “Ак шоола” менен ырдайбыз” же “Туулган күн” деп аталган мааракелик театрлаштырылган оюн-зоок концертине белгилүү опера, эстрада, фольклордук топтун ырчылары катышты. Алар “Ак шооланын” элге таанымал “Чыр бала”, “Мамалак”, “Мээрим” ырларын балдар менен чогуу ырдашты.
"Калемгер" адабий клубу ай сайын жарыялап келаткан аңгемелер сынагында диний-саясий көйгөйлөрдү чагылдырган аңгемелер социалдык тармактарда мыкты окулган чыгармалар катары жеңишке жетишти.
13-январда Бишкектеги соода борборлорунун биринде Кыргызстандагы атактуу инсандардын бейнелерин чагылдырган сүрөт көргөзмө өттү. Мында жип менен токулган, акварель, карандаш менен тартылган жана торт түрүндө жасалган мамлекет жетекчилеринин, спортчулардын жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бейнелери коюлду. Иш-чараны "Чебер компани" сунуштады.
Бишкекте кенже класттын окуучулары "мисс", "мистер" наамы үчүн ат салышкан сынактарды педагогдор балдардын табиятына туура келбейт деп сындап жүрүшөт.
Бүгүн бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өттү.
Бишкек, Ош шаарларындагы жана аймактардагы башкы театрлар бул күндөрү өз репертуарларынын көпчүлүгүн мектеп курагындагы жана мектепке чейинки балдарга ылайыкташтырып түзүп жатышат. Январь айында театрлар балдарга жана чоңдорго ар кандай оюн-зоокторду сунушташууда.
2015-жылы Кыргызстанда адабият таануу илимине тиешелүү жарык көргөн китептердин саны арбын болду. Ошол эле учурда классик акын-жазуучулардын томдуктары кайрадан басылып чыкты. Бирок китеп сатуу менен алектенгендер китеп соодасы төмөндөгөнүн белгилешет.
“Туңгуч” театры койгон “Лотос кыз” спектакль-балетинде эч кандай сөз сүйлөнбөйт. Бардык окуя бий аркылуу баяндалды. Кытай жомокторунун негизинде даярдалган спектакль жаш көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. “Туңгуч” театры мындан ары балдар үчүн дүйнө элдеринин жомокторун сахналаштыруу долбоорун баштаганын билдирди.
“Тurkvizyon-2015” сынагынан байгелүү кайткан ырчы Жийдеш Идирисова “Азаттыктын” кабарчысына өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Ал өткөн жумада 21 өлкөнүн ырчылары катышкан эл аралык сынакта 194 балл алып биринчи орунду ээлеген.
Тurkvizyon-2015 сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Жийдеш Идирисова “Азаттыктын” кабарчысына өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Ал 21 өлкөнүн ырчылары катышкан бул эл аралык сынакта 194 балл алып, биринчи орунду ээлеген.
Кожомкул атындагы Спорт сарайында кытай элинин жомокторунун негизинде даярдалган “Лотос кыз” аттуу спектакль-балети коюлду. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен “Туңгуч” театры даярдаган. Балдар үчүн коюлган спектаклдин актерлук курамы да мектеп жашындагы о
Каржы министрлиги драматургдар менен композиторлордун мамлекеттик театрларда коюлган чыгармалары үчүн берилчү калем акысын төлөбөй жатат.
22-декабрда Бишкекте шоу-бизнес өкүлдөрү, акындар жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышкан “Маани-маңызы жок ырлар руханий дүйнөнү талкалап жатабы?” аттуу тегерек үстөл өттү.
Кыргыз эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев Орусиядагы сынакта алдыга чыкса, Тurkvizyon-2015 сынагында Жийдеш Идирисова 194 балл алып, биринчи орунду ээледи.
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли кайрадан коюлду.
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли кайрадан коюлду. Театр күйөрмандарынын айрымдары аталган драманы азыркы доордогу режиссерлордун бири Марат Козукеев жаңы өңүттө сахналаштырганын айтып жатат.
Бир катар талаш-тартыштардан кийин Шабдан баатыр жөнүндөгү тасманы тартуу чечими кабыл алынды. Бирок айрым окумуштуулар каршы пикирлеринен кайтышкан жок. Тасманы каржылоону өкмөт мойнуна алган.
Дагы жүктөңүз