Актер Нышанбай Топчубаев өткөн жылда “Архидея”, “Раззаков”, “Өнөктөштөр” баштаган алты тасмага тартылган. Анын ичинде эки фильмде башкы ролдо, калганын эпизоддордо ойногон. Бирок Топчубаевдин айтымында, өзүнүн бир жылда алты тасмада иштегени анчалык деле көп эмес, себеби учурда кыргыз тасмаларында андан көп ролдо ойногон артисттер да бар:
- Бизде актерлор кудайга шүгүр. Бирок аларга жолукпай эле “ушуну мен жылдыз кылышым керек”, деп бир-эки актердун тегерегинде гана жүрө берген режиссерлор да бар. Бул алардын изденбегени. Мындан улам биздеги далай актерлордун багы ачылбай калууда. Негизи ар бир актердун талантын ачуу режиссердун жумушу эмеспи. Эгер ачылбай калса, ал режиссердун кемчилиги деп ойлойм.
Топчубаев жогорудагыдай себептерден улам кээ бир жигиттер башкы каармандардын образын жаратуу үчүн кайра-кайра тандала берип, бул көрүнүш көрүүчүлөргө эр жигиттер арасынан актерлор аз чыгып жаткандай таасир калтырышы мүмкүн деп ойлойт.
Анткен менен “Кыргызфильм” кино студиясынын редактору Талип Ибраимовдун баамында, бүгүнкү күндө үйрөнчүк режиссерлор тарта турган тасмаларда ойногусу келген үйрөнчүк актерлор көп болгону менен, олуттуу тасмаларга тартыла турган жаштар сейрек:
- Олуттуу тасмаларга башкы каарман издөөдө кыйналып калабыз. Улам-улам кастинг өткөргөнгө туура келет. Ушундан улам жаш балдарды мурдагыдай эле кайрадан тандап, даярдай баштайт окшойбуз деген ой келет. Өзгөчө эркектердин ролуна актер табыш өтө кыйын. Кыздардан маселе жок. Алар ансыз деле көп. Балдарды башкы ролго тандоодо жүзү, таланты туура келсе бою туура келбей калат. Жаштар арасында бой-келбети, кесипкөйлүк деңгээли туура келген актерлор өтө сейрек.
Талип Ибраимов учурда бир кезде таланттуу жаш актерлор деп эсептелген өңдүү, түстүү Эмил Борончиев, Бусурман Одуракаев, Болот Тентимишов, Улан Өмүралиевдердин мууну да бүгүн кырктан ооп калганын кошумчалады.
Режиссер Рысбек Жабиров болсо кыргыз тасма базары жаңыдан кызый баштаган маалда өзгөчө актерлордун ортоңку мууну жокко эсе болгонун эскерди. Ошондуктан ал жылдар аралыгында тартылган тасмаларда базар экономикасы жаңы кирген учурдагы турмушту чагылдырган каракчы, мушкер каармандардын образын жараткан орто муундагы актерлорго талап чоң болуп, алар бир нече тасмаларга тартылып турган:
- Мен жаңыдан тасма тарта баштаган 2003-2004-жылдары кино актерлордун орто мууну жок болчу. Себеби ал учурда орто муундагы кесипкөйлөрдүн дээрлик баары жеке ишкер болуп же башка өлкөлөргө кетип калган эле. Ал эми жаштар жетиштүү болгон. Мисалы, ал кезде “Дем” театрынын балдары жаңыдан окууну бүтүп келип иштей баштаган эле. Эми алар өздөрү орто муун болуп калышты.
Жабиров ал эми азыркы мезгилде кино тартууда элүү жашка чейинки актерлор жетиштүү экенин, тескерисинче, 60-70 жаштагы аксакал актерлор жетишпей жатканын айтты.
Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, учурда актерлор көп болгону менен билимдүү кесипкөй актерлор саналуу. Алар сунушталган тасманын баарына эле катыша бербейт:
- Мисалы, жаш балдардын ичинде чет өлкөдөн окуп келген кесипкөй актерлор бар да. Чындыгында алар көптөгөн режиссерлорду режиссер катары эсептешпейт. Алар тарта турган тасмаларга барышпайт. Мен булардын өз ара ошондой тасмаларга тартылып калган теңтуштарын шылдыңдап жатканын да көргөм. Тигил режиссерго тартылдың, сенин режиссеруң ошол деп шылдыңдашат. Ал эми ар кандай тасмаларды тартып жүрүшкөн көчө режиссерлору кесипкөй актерлор менен иштешкенден чочулайт. Анан калса сапаттуу актер олуттуу калем акыга иштейт дегендей...
Адистин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда кино тартуу жанданганы менен айрым режиссерлор да, актерлор да образ жаратуу эмне экенин жакшы түшүнө элек:
- Образ эки нерседен турат: психологиялык образ деп коёбуз - буга актердун мүнөзү, ички сезимдери кирет. Анан сырткы физикалык образ деп коёбуз - бул сырткы келбети, турган турпаты, өңү. Эми азыркы тартылып жаткан тасмаларга катышкан актерлордун көбү образ эмне экенин деле түшүнбөйт.
Бирназаров ушундай жагдайлардан улам иш жүзүндө бүгүнкү күндө тартылган тасмаларда чыныгы кесипкөй, таланттуу актерлор жетишпей жатканы байкаларын, арийне режиссерлор каражат тартыштыгынан улам жаңы жүздөрдү издебей ролдорду Бишкекте жашаган актерлорго эле сунуш кыларын кошумчалады. Ошондуктан тасмалардагы актерлор таланты менен болбосо да жүзү менен таанымал болуп, көрүүчүнү иренжитет.
Адистин ырасташынча, режиссерлордун жер-жерлерден актер издөөгө чамалары келбей жатканы өкүнүчтүү. Маектешибиз кино каармандарын Маданият министрлигине караган 23 драма театрда иштеген миңге чукул актерлордун арасынан да издесе болот дейт.