Өткөн жума соңунда Бишкектеги соода борборлордун биринде жаш сүрөтчүлөрдүн сатык-көргөзмөсү уюштурулду. Уюштуруучулар бул ыкма кыл калем чеберлерине өз эмгектерин сатууга шарт түзөт, ошону менен бирге коомчулуктун сүрөт искусствосуна болгон кызыгуусун ойготот деп ишенишет.