Балалыктын боектору Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде балдардын республикалык сүрөт конкурсу өттү. Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес мурастардын эстеликтери боюнча “Кылымдардын байланышы үзүлбөсүн” аттуу республикалык балдардын сүрөт сынагы Билим берүү, илим министрлиги жана «Балажан» Республикалык эстетикалык табия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулду. Сынакка Кыргызстанда жашаган 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катышты.