"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды. Кыргызстандык тасма сынактын дебюттук программасына тандалып алынган.
Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын райондук соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырган жок. Алар эми Жогорку Сотко кайрыларын билдиришти.
1916-жылкы улуттук боштондук күрөшүнө арналган эстелик кечээ, 2-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде ачылды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ачылышка Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү келген жок.
Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 25 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды. “Фотографтар тобунун” демилгеси менен уюштурулган бул көргөзмөгө эгемендиктен берки урунттуу окуялардан фотобаяндар коюлган. Айрым көрүүчүлөр фотокөргөзмөгө тарыхый эмес, саясий боек көбүрөөк сүртүлгөнүн айтышты.
Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов жети жылдан бери Италиянын театрларында классикалык чыгармаларды аткарып келет. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясынан окуган. Улуттук опера жана балет театрында ырчы болуп иштеп жургөндө Санкт-Петербург шаарындагы кар
Бишкекте 23-августа көчө музыканттарынын “Музыкалык Эркиндик” деген аталыштагы флешмобу өттү. Классикалык музыкалардын “Тенгри-мюзик” Эл аралык фестивалын утурлай өткөн флешмобго түрдүү музыкалык аспапта ойногон музыканттар катышып, жаштар ырдап, бийледи. Адистер “Музыкалык Эркиндикти” маданият
“Жан дүйнө” радио түрмөгүндө бул жолу кыргыз театрындагы улуу муун өкүлдөрүнүн жан дүйнө кыйкырыгы жана жаш муун өкүлдөрүнүн муун алмашууга болгон көз карашы тууралуу сөз жүрдү. Теманын козголушуна Санкт-Петербург театралдык академиясынын студенти Уланмырза Карыпбаев даярдап жаткан унутулган театр жылдыздарынын тагдырын камтыган даректүү спектакль себеп болду.
Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия Ысык-Көлдүн Чаар-Арча аймагынан табылган сөөктү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине койбой калды. 1916-жылдагы кандуу окуяда каза болгон деп болжолдонгон маркумдун сөөгү эми кайра Чаар-Арча аймагына жеткирилип, ошол жерге көмүлмөй болду.
Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия Ысык-Көлдүн Чаар-Арча аймагынан тапкан сөөк “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлбай калды. Алар бул иш-чара боюнча өкмөттүк комиссия менен макулдашкан эмес. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия алып келинген сөөктү атайын экспертизадан өткөрүп
Мамлекеттик коргоо комитети аскерге барбай жүргөн аскер курагындагы жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрдү.
Августтун биринчи жумалыгына туш келген Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө солгун жүрүп жатат. Серепчилер кандуу окуянын быйылкы жүз жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленбей эле, коомдук уюмдар уюштурган маданий иш-чаралар менен чектелип калууда деген пикирде.
Уздардын "Оймо" фестивалы
“Жан дүйнө” берүүсүнүн коногу Кыргыз Эл артисти Керим Турапов өз чыгармачылыгы жана элге белгилүү айрым ырларынын тарыхы тууралуу айтып берди.
Бишкектин Жаштар аллеясына бийиктиги эки, узундугу алты метр “Көзайнек. Көз караш” деп аталган арт-эстелик орнотулду.
Бишкектин 6-кичи районундагы “Жаңгак токою” бакчасында көчө китепканасы эшигин ачты. Көчөгө кадимкидей эле текче орнотулуп, ага ар кандай китептер коюлган. Эс алуу багына келгендер китеп окуп, бирок аны үйүнө алып кетпеши керек. Демилгечилердин айтымында, шаар тургундары текчени өздөрүнүн окуп бүткөн китептери менен толуктап турса да болот.
Кыргыз Эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев менен коштошуу зыйнаты Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Митинг-реквиемге президенттин, өкмөттүн өкүлдөрү, бийчинин замандаштары, шакирттери катышып, маркумдун кыргыз балетине кошкон салымы жана өлкөдөгү хореография искусствосунун бүгүнкү абалы тууралуу сөз болду.
Кыргызстанда жарык көргөн китептердин нускасы беш жүздөн ашпайт. Илимий эмгектер отуз, кырк даанадан гана басылат. Акыркы жылдары массалык нуска менен жарык көргөн көркөм адабият дээрлик болгон эмес. Адистер анын себебин китеп окурмандар аздыгынан жана чыккан китептерди таратуу чоң көйгөй экендигинен көрүшөт.
Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Кыргыз академиялык драма театрында өттү. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Кыргызстанда театрларды башкарууну реформалоо боюнча жаңы жобо иштелип жатат. Учурда өкмөттүн токтому менен театрларда көркөм жетекчинин ордуна артыкчылык берүү бекитилди. Маданият министрлиги мындай өзгөртүү театрлардын репертуарынын жакшырышына шарт түзөт деп үмүттөнүүдө.
Дагы жүктөңүз