Биздин тарых
Үркүн: сөөктү кайра көмүү талаш жаратты
Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия Ысык-Көлдүн Чаар-Арча аймагынан тапкан сөөк “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлбай калды. Алар бул иш-чара боюнча өкмөттүк комиссия менен макулдашкан эмес. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия алып келинген сөөктү атайын экспертизадан өткөрүп, анан “Ата-Бейитке” жерге берүүнү сунуштаган. Ага коомдук комиссиянын мүчөлөрү макул болгон жок.