"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендеги "Айгүл таш" мамлекеттик коругу 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.
Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.
Кыргызстанда көмүрдү чет жактарга экспорттоо боюнча күз-кыш айларында убактылуу чектөө киргизилип келет. Министрлер кабинети автожол аркылуу сыртка көмүр ташууга тыюу салууда. Быйыл көмүрдү сыртка ташууга чектөө күзгө чейин узартылып, көмүр казгандар четке сата албай калганын айтышууда.
Баткендин борборунан 130 чакырымдай алыс, тоо арасындагы кышы узак, электр энергиясы жете элек, автоунаа каттабаган Зардалы айылына келерки жылы асканы боорлой автожол салынмай болду. Президент Жапаров бир тилкелүү жолдун долбоору даярдалып жатканын жарыялады.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Жолдошбай Момунов айылы түптөлдү. Чек араны бекмедөө максатында 2014-жылы тургундарга жер тилкелери бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан эл айылга толук көчүп бара элек. Жакында конушка айыл макамы берилип, расмий ачылышы өттү.
Баткенде Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 18 жыл болду. Театр жылына он чакты чыгарманы сахналаштырып, көрармандарга тартуулайт. Жакында алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан Раевдин "Маң-миң бир түн" спектаклин сахнага даярдашты.
Баткендин 92 жаштагы тургуну Турду эне 14 баланы төрөп, эрезеге жеткирген. Турду эненин улуу кызы, келини да “Баатыр эне” наамын алган. Кылымга чукул жашаса да отуруп калбай малын карап, короосун тазалап, кыймылы тетик.
Баткенде коомдук уюмдардын көмөгү менен мигранттардын үй-бүлөлөрү, эмгек миграциясында жүрүп келгендер каржылык сабатуулук боюнча окуп, ишкердик баштоого каражат алууда. Бул иш чек арадагы аймакта мигранттарды реинтеграциялоо долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Өткөн аптада кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусунда дагы 10 чакырымдан ашыгыраак чек ара сызыгы боюнча мунаса жетишилгени кабарланды. Жумушчу топ чек араны тактоодогу эң татаал участкаларда иштеп жатат.
Баткенде тамчылатып суугаруу жолу менен 24 гектар жерди бакка айлантуу долбооруна 70 миллион сом каражат сарпталып, бирок эки жылдан бери бир түп дарак тигиле элек. Бул каражат кытай өкмөтү тарабынан грант катары берилген. Калган каржысына акча табылбагандыктан долбоор токтоп калган.
24 жылдан бери туруктуу иш алып барган «Инсан Лейлек» фонду Баткендеги коомдук демилгелерди колдоп, ар кыл долбоорлорду ишке ашырып келет.
Баткен шаарында ичүүчү суунун акысы 20% кымбаттады. Баткендиктер тариф кымбаттаганы менен элге ичүүчү суу толук берилбей жатканына нааразы. Баткен таза суу мекемеси суунун тартыштыгын кыскартып, электр энергиясы жана жумушчулардын эмгек акысын жабуу үчүн бааны көтөрүүгө мажбур болгонун түшүндүрдү.
Баткенде үч жасалма мөнгү тоңдурулду, аны дагы көбөйтүү пландалууда. Мындай жол менен суу тартыштыгын жеңилдетип, кайракы жерлерге суу жеткирип, жайыттарды жакшыртуу аракети көрүлөт.
Кадамжайда 23 жаштагы майып келин жети жыл чогуу жашаган жолдошу сабап, эсине келбей каза болгон.
Кадамжайда 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Окуя 2-январда болгон. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө башталды.
Баткендин чек арага жакын Ак-Татыр айылынын тургундары Бактыгүл менен Апиза эл аралык уюмдун колдоосу менен ишкерлик баштап, айылда популярдуу ашпозчуларга айланган. Алардын колунан чыккан даамдуу тамак-аш ар бир жакшылыктагы дасторкондун берекесин арттырат.
Баткендин борборунан 130 чакырымдай алыс, жолу катаал Зардалы айылында кышындасы туруктуу отузга жетпеген үй-бүлө жашайт. Айылга жол, электр энергиясын жеткирүү, туруктуу байланыш,
Лейлек районундагы уздар жаңы жабдыктын жардамы менен килем токуй башташты. Бишкектен жасалган бул шайман иштин түмөн түйшүгүн кыйла жеңилдетет. Адатта жерге отуруп алып, килем согуу бир топ оор. Уздар жаңы жабдык ишти жеңилдеткенине кубанганы менен килемдин баасы чыкпай жатканына кабатыр.
Дагы жүктөңүз