Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Шайлоо: Добуш сатып алуу боюнча арыз түштү, Атазов бийликти сындады


Ош шаарындагы шайлоо. 28-апрель, 2024-жыл
Ош шаарындагы шайлоо. 28-апрель, 2024-жыл

Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.

Жекшембиде Кыргызстандын Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо өттү. Бул жолу добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны өтө аз болуп, 20 пайызга жеткен жок. Шайлоо алдында өлкө бийлиги мурдагыдай добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу болбой турганын, ачык атаандаштык камсыздаларын убада кылган. Шайлоонун жыйынтыгында Баткенден Бактыяр Калпаев, Оштон Бекмурза Эргешов, ал эми Кара-Суудан Илимбек Кубанычбеков башка талапкерлерден көп добуш алганы белгилүү болду.

Бекмурза Эргешов деген ким?

№ 7 Ош шайлоо округунан депутат болууну каалаган он төрт талапкердин арасынан 10096 добуш менен (43,75%) Бекмурза Эргешов биринчи орунга чыкты.

Бекмурза Эргешов 1974-жыл 27-апрелде Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылы туулган. Үй-бүлөлүү. 1991-1996-жылдарда Ош айыл чарба техникумунда окуп, аны “Айыл чарбасын механизациялоо” адистиги менен аяктаган. Кийин 2000-2006-жылдарда Ош гуманитардык педагогикалык институтун «Дене тарбия мугалими» болуп аяктаган. Ал көп жылдар спорт тармагында жүргөндүктөн, эл арасында “каратист” деген каймана атка конгон. Акыркы төрт жылда Ош шаарындагы “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасында директор болуп иштеген.

Бактыяр Калпаев, Бекмурза Эргешов жана Илимбек Кубанычбеков
Бактыяр Калпаев, Бекмурза Эргешов жана Илимбек Кубанычбеков

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева Ошто эл аны мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун командасында жүргөндөн баштап тааныганын айтып берди:

“Бекмурза Эргешов Мелис Мырзакматовдун айланасында жүргөн адам катары таанылган. Аны Мырзакматов шаардык спорт комитетине, “Каратэ” федерациясына дайындап, өскөн бала. Ал Алайдан болгондуктан, бул жолку шайлоодо аны алайлыктардын "кланы" колдоду. “Ош шаардык суу канал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Көкөчоров, түбү Алайдан болгон мурдагы мэр Сарыбашевдин жардамчысы шайлоодо чуркап жүрдү деген сөздөр бар. Бул ирет административдик ресурс толугу менен Бекмурза мырзага иштеди, себеби ал көп жылдан бери шаардын жылуулук тармагын башкарып келген болчу. Бекмурза Эргешовдун өзү да буга чейин көчөдө бийликти кетирүү же жаңы бийлик келгенде, же эски бийликти отурукташтырып, калтыруу аракеттеринде бийликтин буюртмасын активдүү аткарып келген жаран болчу. Өзүнүн туруктуу позициясы жок”.

Бекмурза Эргешов Ош айыл чарба техникуму, Ош гуманитардык педагогикалык институтунан кийин эки жолу Ош технологиялык универститетинде билим алган. Алгач 2009-2012-жылдарда «бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча, андан кийин 2020-2023-жылдарда «электр менен камсыздоо» багытында дипломго ээ болгон.

Ал эмгек жолунда «Каратэ» федерациясында башкы тренер, мугалим, кийин Ош шаардык кеңешинде депутат, Ош облустук монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгында жетекчи болуп иштеген.

Шайлоо маалында блогер Ыдырыс Исаков иликтөө жарыялап, Ош шаарынын мамлекеттик бир катар мекеме-ишканаларынын жетекчилери, кызматкерлери Эргешовдун штабында жүргөнүн айтып чыккан. Күч органдары Бекмурза Эргешов тарабынан мыйзам бузууларды аныктап, Ош мэриясы бир топ жетекчилерге чара көргөн. Исаков өз материалында Эргешовду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, депутат Шаирбек Ташиев колдоп жатышы ыктымал деген божомолду айткан.

Мындан сырткары атаандаштары Эргешов бир топ мыйзамдарды бузган деп БШКга кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны шайлоодон четтеткен. Бирок шайлоого бир күн калганда, 27-апрель күнү Бишкек шаардык административдик соту БШКнын Бекмурза Эргешов боюнча чечимин жокко чыгарып, ал кайрадан саясий өнөктүккө катышкан. БШК ал чечим боюнча Жогорку Сотко арызданган эмес.

28-апрелде үч округдагы алдыга чыккан талапкерлер арасынан Эргешовдун шайлоо фондусуна эң көп акча топтолуп, ал үч миллион сомго жакын акча (2,7 млн сом) коротту.

Бактыяр Калпаев

№ 2 Баткен шайлоо округунан он талапкердин ичинен 11814 добуш топтоп (41,51%), Бактыяр Калпаев алдыга чыкты.

Ал 1993-жылы 9-июлда Баткен шаарында туулган. Жогорку билимдүү юрист. 2018-2019-жылдарда Жогорку Кеңеште «Республика - Ата-Журт» фракциясында юрист болуп иштеген. “Баткен өнүгөт” деген ураан менен активист катары мамлекеттик чек ара такталышы керектигин айтып, маалымат жыйындарын өткөрүп келген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен талапкер катары катышкан. Эл арасында ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири катары таанымал.

2015-жылы да “Республика-Ата Журт” партиясынын жаштар канатынын өкүлү катары парламенттик шайлоого катышкан. Кийин аталган партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Калпаевдин мандат албай калганына өкүнгөн жайы бар.

2018-2019-жылдары Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясында юрист болуп иштеген. "Comfort Hous" курулуш компаниясынын башкы директору болуп 2022-жылдан тарта иштей баштаган.

Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.
Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.

Илимбек Кубанычбеков

Ал эми № 9 Кара-Суу шайлоо чөлкөмүнөн 29 жаштагы Илимбек Кубанычбеков тогуз талапкерден озуп, 7601 добуш менен (36,16%) алган.

Илимбек Кубанычбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылында туулган. Ал кесиби боюнча тиш доктур. Ошондой эле укук таануучу юрист. 2018-жылдан бери Ак-Таш айылдык кеңешинде депутат. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун жардамчысы болуп иштеп келаткан.

Шайлообек Атазов агынан жарылды

Бул үч округда тең кайра шайлоо Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун жакын адамдары деген негизде Искендер Матраимов, Айбек Осмонов жана Нурлан Ражабалиев депутаттык мандаттарын тапшыргандан кийин өттү.

Матраимовго байланыштырылып жаткан дагы бир депутат Шайлообек Атазовдун мандаты сот тарабынан чечилгени менен БШК анын мандатын биротоло ала элек. Атазов шайлоо күнү видео кайрылуу менен чыгып, Жогорку Кеңешке мурда болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат деген пикирин айтты:

“13-март күнү мен Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында өлкөдөгү саясий абал боюнча кайрылуу жасадым. Менин мандатымды мыйзамсыз алып жатканы боюнча айтып, мен он экинчи депутат экенмин кетип жаткан, “менден кийин мандат алуу эстафетасын токтоткула” дедим. Ага карабай менден кийин да алты депутаттын мандаты алынды. Кечээ болсо Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин мандатын алышты. Парламенттеги эң таза, эң тажрыйбалуу, чындыкты чыркырап айткан Мадумаровдун мандатын алгандан кийин кечээ келген жаш депутаттардын мандатын алып коюу жөнөкөй эле ишке айланды. Дегеле Кыргызстандын тарыхында буга чейин VII чакырылыштын депутаттарына болгондой кысым буга чейин болгон эмес. Бул болсо демократиянын, парламентаризмдин мындан ары өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Маселе мандат алып коюуда эмес, мандатты эл берди, кийин шайлоого кайра барса эл кайра эле аны берет. Маселе мандат алуу процедураларынын бузулуп жатканында”, - деди ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө.

Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы 28-апрелде үч округда утуп чыккандарга мандат бере элек. Атаандаштар арызданып, сотко кайрылбаса, БШК башка чечим кабыл албаса, бул үч талапкер жакынкы күндөрдө депутаттык мандат алат.

Шайлоо солгун болду

Ошентип, №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жалпысынан 29 талапкер ат салышты. №2 Баткен округу боюнча - 10 талапкер; № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча - 7 талапкер; №7 Ош шайлоо округу боюнча - 12 талапкер.

Эртең менен добушканалардын эшиги саат 8де ачылганы менен, шайлоочулардын катышуусу солгун болду.

Баткен округунда Ош менен Кара-Сууга салыштырмалуу шайлоочулар активдүү катышты.

Бул шайлоо аймагында 81 добушкана ачылган жана 10 талапкер ат салышкан. Шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Баткендик серепчи Хаитали Айкынов округдагы шайлоодо атаандаштык жетиштүү деңгээлде болгон жок деп эсептейт:

"Жалпы өлкө боюнча өткөн шайлоолордой болуп атаандаштык да жакшы жүрбөй калды. Бул жолу Жогорку Кеңештин да депутат болууну каалаган талапкерлердин деңгээлинин түз көрсөткүчү, шайлоочулар арасында рейтинги ушул экен деп түшүнсөк болот".

Жергиликтүү Мирболот аттуу жаран талапкерлер деле элге белгисиз экенин айтты:

"Талапкерлерди көпчүлүк таанып-билбейт. Бирин бири тааныса, калганын тааныбайт. Анан депутаттарга ишенич да аз болуп жатабы дейм. Эмне кылып беришет барганда дешет. Бири кетип, ордуна улам бири келе берсе, эл да көнүлү калат да. Улам эле алмаша бергенден эмнеси пайда? Ошондуктан шайлоочулар добуш берүүгө кызыкпай, кайдыгер болуп жаткандай", - деген пикири менен бөлүштү шайлоочу.

"Эки саатта 33 адам келди, бул аз көрүнүш. Бугүн дем алыш күн болгондуктан түштөн кийин дагы келип калса керек. Шайлоочулардын көп тартылбаганынын себеби мурунку шайлоолордо аларды ташып келип турган. Азыр эми өздөрүнүн каалоосу менен келип жатышат", - деди Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринин төрайымы Бахаргүл Маматалиева.

Добуш берүүгө келген Назар Турганбаев шайлоого болгон ишенич жоголгондуктан жарандардын катышуусу аз деген ойдо.

"Азыр мурункудай эмес. Шайлоого келгендер өздөрү каалаганга таштап жатат. Ал эми келбегендер шайлоого ишенбей калышкан. Мурункудай сатып алуу болуп жатат деп жатышат, бирок азыр андай көрүнүш жоголуптур", - деди Ош шаарынын тургуну Назар Турганбаев.

Экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов да бул жолу элдин шайлоого кызыкпаганына талапкерлердин эл менен жакшы иштебегени, алардын элге таанылбаганы себеп болду деген пикирде:

“Ош округу боюнча шаардын тургуну катары шайлоого катыштым. Талапкерлерди шаардын тургундары дээрлик тааныбайт. Мен шайлоочу катары бир да талапкерди жолуктура алган жокмун. Мисалы, Ош шаарынын маселелерин шайланып калышса кантип чечерин камтыган келечектеги пландарын, механизмдерин сунуштаган талапкерлер болгон жок. Шайлоо күнү добушканаларга баш баксам, ал жерде талапкерлердин байкоочу катары отурган өкүлдөрү да аз болду. Партиялык тизме менен шайлоолор мындан кыйла кызуу өтчү”.

Эки тилкедеги шайлоонун жүрүшүнө көз салган юрист Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

"Шайлоого элдин аз келгенинин бирден-бир себеби татыктуу талапкерлердин жоктугунан десек дагы болот. Өздөрүнүн жакшы программаларын айтып, элди ынандыра турган талапкер же таасирдүү опозициялык көз караштагы талапкерлердин жоктугу деп ойлоп жатам. Элдин келиши солгун болду. Кээ бир шайлоо тилкелеринде 2000ден ашык шайлоочу болсо, ал жерде 150-100 шайлоочу келип жатат. Мунун жыйынтыгын кантип тааныйт, билбейм", - деди Келдибаев.

Добуш сатып алуу аракети тууралуу арыздар түштү

Ошто 27-апрелдин кечинде талапкерлердин биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалганын милиция билдирип, бирок толук маалымат берген жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди:

"Бир иш териштирилип жатат. Калган эки иш бириктирилген. Анткени ал эки иш тең бир адамга таандык болгон. Учурда ал боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси («Добуш сатып алуу») боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат".

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Күлийпа Бердибекова добуш берүү аяктагандан кийин “Азаттыкка” комментарий берип, добуш сатып алууга шектелип жаткан талапкердин ысымын атады.

Күлийпа Бердибекова
Күлийпа Бердибекова

“Кечээгиде добуш сатып алды деген жаран Бекмурза Эргешовго таандык деп айтылды. Кийинчерээк кайрадан тастыкталбады деп айтты да. Бүгүн деле үгүтчү кармалды деп айтып жатат. Бул дагы Бекмурза Эргешов деп айтылды. Азырынча жыйынтык чыга элек”, - деди Бердибекова.

Ал эми Кара-Суу округунда баштапкы маалыматтар боюнча добуштардын көбүн алган талапкер Илимбек Кубанычбековду талапкерлердин бири Турдубек Орунбаев добуш сатып алууга айыптап жатат. Ал аймактык шайлоо комиссиясы, райондук милиция добуш сатып алуу фактысына кылмыш ишин козгободу деп нааразы болуп, башкы прокурордун, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын, ички иштер министринин атына кат жолдоп, чара көрүүнү суранган.

“Буга чейин мыйзамсыз аракет боюнча арызды кылмыштардын бирдиктүү реестринде катташкан. Бирок, эмнегедир, бул иштер жабылып кетип жатат. Менин угушум боюнча, Кара-Суу РИИБде туугандары бар экен. Жанагы Алимбеков деген өкүл атасы бар экен. Мен деле акча таратып, аш бергенге алым жетет эле. Мен шайлоочуларды, мыйзамды сыйлап, таза шайлоо болот деп ал жолго барган жокмун”, - дейт Орунбаев.

Кара-Суу округунда добуш сатып алуу аракеттери тууралуу социалдык тармактарга да видеолор тарады. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов бул боюнча мындай маалымат берди:

“Азыр келип түшкөн кайрылуулар, кечээ кечиндеги, бүгүн жасалган кайрылууларды прокуратура да көзөмөлдөп турат. Кара-Сууда козголгон иш жок. Болгону 12 маалымат келип түшкөн, "мыйзам бузуулар болуп жатат" деп. Бирок ал боюнча кылмыш иши козголгон жок. Дагы текшерилет, эгер мыйзам бузуу аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ал эми Баткенде эң аз иш катталды, эч кандай кылмыш иши козголгон жок”.

Мындан сырткары аймактык шайлоо комиссияларына дагы телефон аркылуу билдирүүлөр түшкөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясына үч, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына алты кайрылуу келген. Жалпысынан шайлоого байланыштуу жарандардан оозеки жана жазуу түрүндө 47 билдирүү катталган. Териштирүүлөрдүн мөөнөтү 12-майга чейин уланат.

Гендер маселеси эске алынган жок

Бул ирет шайлоодо гендердик баланс да сакталбады. 29 талапкердин ичинен бир гана аял талапкер Ош округу боюнча ат салышты.

Аталган үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан. Башта айтып өткөндөй, буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы себеп болгону айтылган.

Мандаттан кол жууган депутаттар

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда - диплом чыры, кылмыш ишине байланыштуу же өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мандатынан ажыратылган. "Азаттык" алардын айрымдарынын таржымалына токтолду.

  • Боршайком 2022-жылы 20-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Орозайым Нарматованы мандаттан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.
  • Бишкек шаарынын №26 Ленин округунан депутат болуп келген Жаныбек Абиров 2023-жылдын март айында өзү жазган арызына байланыштуу мандатынан ажыратылган. Буга анын борбор калаадагы ресторандардын биринде мушташка катышканы себеп болгон.
  • "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылдын 6-июлдагы отурумунда мандатынан ажыраткан. Буга анын 2016-жылы жогорку окуу жайдын дипломун мыйзам бузуу менен алганы негиз болгону айтылган.
  • "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Фархат Исмаиловду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылдын 6-июлдагы отурумунда мандатынан ажыраткан. Буга да диплом чыры себеп болгон.
  • 2023-жылы 26-августта Бишкектин административдин соту Ноокат районунун бир мандаттуу округунан депутат болуп келген Өмүрбек Бакировду депутаттык укугунан ажыраткан. БКШ буга анын шайлоо маалында добуш сатып алганы себеп болгонун жүйө келтирген.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынан шайланган депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда өз арызынын негизинде токтоткон. Ага чейин ал "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде кармалып, бошотулган.
  • 14-февралда 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев депутаттык мандатын тапшырган.
  • 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Буга алардын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.
  • 28-февралда №21 Талас шайлоо округунан депутат Бактыбек Чойбековдун мандаты алынган. Буга Бишкек шаарынын административдик сотунун борбор калаанын мурдагы мэри, Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырганы себеп болгон.
  • Райымбек Матраимов менен байланышы бары айтылган депутат Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту 1-мартта жокко чыгарган. Атазов 27-апрелде мандаты алынганына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдогону белгилүү болду.
  • Матраимовдорго жакын экени айтылган депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин БШК 13-мартта кабыл алган. Чечимге Осмоновдун мандаттан баш тартуу боюнча арызы негиз болгон.
  • “Ишеним” партиясынан депутат Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Ага чейин ондогон үлүшчүлөр Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан.
  • 23-апрелде БШК Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алган. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдогон.
  • 27-апрелде БШК тергөө абагынан чыккан Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратты. Жети айдан бери камакта отурган саясатчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге оогондо, түнкү саат 12ден кийин чыкты.

XS
SM
MD
LG