"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Ири бизнести колдогон күчтөр парламенттик шайлоодо жеңиши өлкө экономикасына кандай таасир тийгизет?
Кыргызстандын темир жолчулары бүгүн иш ташташмак. Бирок иш таштоо кийинкиге калтырылды.
Парламенттик шайлоого 4 күн калды. Бул жолку жарышка 29 партия ат салышууда. Мынчалык көп партия арасынан татыктуусун тандоо кандай болушу керек?
Айыл-шаарларды бир туугандаштырууга маш француздар кыргыздарды да имере тартып жатышат, бирок кыргыздар мындай демилгени колдоп кете абалы?
АКШ ирандык мартабалуу сегиз жетекчиге «адам укуктарын одоно жана улам кайра» бузгандыгы үчүн финансылык жаза жарыялады. Бул укук бузуулар өткөн жайдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки толкундоолорду күч менен басуу мезгилинде орун алган.
Советтик доордо мусулмандар куугунтукка кабылып, ислам дини караланып келген. Ата-мекендик согуштун мезгилинде гана сырткы душмандын коркунучун эске алуу менен коммунисттик бийлик аймакта исламга бут тосконун азайткан. Бирок тоталитардык система кулаганда көз карандысыздыктын жылдары ислам дини аймакта коммунизмден калган боштукту тездик менен толтура баштады.
Ушул күндөрү 130тан ашык өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Бириккен Улуттар уюмунда ашкере жакырчылыкты 2015-жылга чейин жоюу тууралуу пландарын кандайча аткарып жатышканы тууралуу отчет беришүүдө.
Июнь коогалаңы өлкөдө гана эмес, чет жактарда да кыргыз-өзбекти кырды бычак кылды. Бирок ал күндөрү түштүктө эки улуттун өкүлдөрү бири-бирине жардамга келген учурлар да болгон. Алардын биринде Ош шаарынын өзбек тургунун, 61 жаштагы Адолат Аскарованы кыргыз жигит куткарып калган.
Кыргызстанда экономикалык кылмыш жасагандарга кечирим бериле турган болду. Transparency International - дүйнөдө коррупциянын деңгээлин изилдеген көз карандысыз уюм. Анын Европа жана Борбор Азия боюнча директору Миклош Маршалл "Азаттыкка" сүйлөп жатып, кыргыз бийлигинин чечимин “аргасыз чара” деп сыпаттады.
«Иштеген тиштейт, иштебеген твиттейт». Жаңы замандын бул жаңы макалын сиз билбешиңиз толук мүмкүн, себеби анын автору Азим Азимов аны эми гана ойлоп тапты. Ойлоп таап, футболкасына бадырайта жазып алды. Бул футболканын сүрөтүн Фейсбук деген интернеттеги социалдык баарлашуу сайтынан көрө аласыздар.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар чынында эле акыйкаттык жана адам укуктарынын сакталышы үчүн бейтарап күрөшөбү же айрым учурда бир тарапка тартып, экинчи тарапты каралоого жол береби? HRW уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча отчетундагы айрым жагдайлар бейтараптуулуктан күмөн туудурду.
Польша ушул күндөрү мындан 30 жыл мурда Москва бийлеп турган Чыгыш Европадагы эң алгачкы көз карандысыз кесиптик кошуундун баш көтөрүшүнө жол ачкан Гданск келишиминин мааракесин белгилеп жатат. «Солидарност», же «Тилектештик» кошууну бүт аймакта коммунизмдин пайдубалын солкулдатып, акыры коммунисттик системанын кыйрашында чечүүчү роль ойногон.
Азербайжандын баш калаасы Бакыда президент Илхам Алиевдин аялын, кыздарын билген киши мунайга бай бул өлкөдө айрым аялдар эбегейсиз таасирге ээ экенине ынанат. Бирок баш калаадан жүздөгөн чакырым аралыктагы айылдарда элеттик аялдардын турмушу таптакыр бөлөк.
Эки миңге чукул адамдын өмүрүн алып, бүтүндөй бир шаарды жайпап кеткен Катрина бороонуна беш жыл толду. АКШнын президенти Барак Обама кечээ Ню-Орлеандын Хавиер Университетинде чыгып сүйлөп, шаарды кайра курууну аягына чыгарууга сөз берет деп күтүлүүдө.
Кыргызстандагы оор кырдаал дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда кала берүүдө. "Гардиан" гезити эл аралык донорлордун жардамы ашкере улутчулдукту карманган Ош бийликтерине берилбеши керектигин жазса, Орусиялык гезит Москва үстөмдүк кылган уюмдун курамында Борбор Азия үчүн биргелешкен бейпилдик полиция күчтөрүн түзүү керектигин жазды.
Taжикстанда коркунучтуу кылмышкерлер тобу менен түрмөдөн качыптыр деген кабардан кийин, Кыргызстан бул өлкө менен чек арасын бекемдеген. Мындан төрт күн мурда качкан 25 кишиден алигиче эч кимиси кармала элек.
Оле Солванг "Хюман Райтс Уотч" уюмунун «чукул кырдаалдар» бөлүмүнүн изилдөөчүсү жана уюмдун Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогасы тууралуу отчеттун авторлорунун бири. Ал аталган отчет боюнча жана бүгүн коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып келаткан бир катар маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Ош, Жалал-Абад аймактарындагы коогалаңдуу абал тынчыган сайын адистер бүгүн бул жердеги эл биринчи кезекте психологиялык колдоого муктаж экендигин айтышууда.
Венада сүрөтчү-фотограф Шайлоо Жекшенбаевдин көргөзмөсү аяктады. Көргөзмө сүрөткердин жалпы чыгармачылыгына арналды. Бул слайд-шоуда ал көргөзмөгө кирбеген апрель окуялары боюнча сүрөттөрүн да көрө аласыздар. Жекшенбаев кесиби архитектор, Венада буга чейин да сүрөттөрү коюлган, бул ирет жеке өзүнүн көргөзмөсү болду. Сүрөткер көргөзмөсүн уюштурганы Австрияга июн айынын башында кеткендиктен, Ош окуяларын көрбөй калды. Бирок апрел окуяларына өзү күбө болуп, андан кийинки күндөрдү сүрөткө түшүргөн. Ал сүрөттөр документалдык чыгарма эмес экендигин белгилейт, максаты - өлкөдөгү, Бишкектеги 80ден ашык киши өлтүрүлгөн коогалуу күндөрдөн кийинки маанайды чагылдыруу.
Келерки парламенттик шайлоо 10-октябрда өтө турган болду. Эмне себептен шайлоо эрте өтүп жатат? Ага кимдер катыша алат? Ушул өңдөңгөн шайлоо боюнча негизги суроолорго айрым жооптор.
Дагы жүктөңүз