Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

"Тилектештик" тилегине жеткенге 30 жыл


Лех Валенса (оңдо) Гданскидеги салтанатта, 29-август, 2010-ж.
Лех Валенса (оңдо) Гданскидеги салтанатта, 29-август, 2010-ж.

Польша ушул күндөрү мындан 30 жыл мурда Москва бийлеп турган Чыгыш Европадагы эң алгачкы көз карандысыз кесиптик кошуундун баш көтөрүшүнө жол ачкан Гданск келишиминин мааракесин белгилеп жатат. «Солидарност», же «Тилектештик» кошууну бүт аймакта коммунизмдин пайдубалын солкулдатып, акыры коммунисттик системанын кыйрашында чечүүчү роль ойногон.

Мындан 30 жыл мурда коммунисттик Польшада көз карандысыз кесиптик кошуундун жаралышы Чыгыш Европадагы советтик көзөмөлгө сокку урган алгачкы кадам катары майрамдалып келет. Бул тарыхый окуя бүт өлкө боюнча ар кыл иш-чаралар менен белгиленүүдө. Бирок башкы салтанаттар «Тилектештик» кошууну «көз жарган» Гданск шаарында өтүп жатат.

Лех Валенса иш таштаган жумушчулардын алдында. 8-август, 1980-ж.
Польшанын президенти Бронислав Коморовский 29-август күнү Щецин портундагы салтанатта «Тилектештик» баштаган күрөш Польшанын көз карандысыздыгын кепилдеп, кийинки жылдардагы ири реформаларга да жол ачканын белгиледи:

– Бул күнү биз ал күрөштүн катышуучуларына сыймыктанып, коммунисттик системаны кулатуудагы алардын баатырдык күрөшүнө таазим кылабыз. Алардын күрөшү коммунизмди гана кыйратпастан, эффективдүү, даанышман реформалардын негизин да түптөгөн.

Бул күрөштөгү алгачкы жеңиш деп 1980-жылдын 31-августунда коммунисттик бийлик менен Балтика деңизинин боюнда иш таштаган жумушчулардын ортосунда Гданск келишиминин түзүлүшү эсептелинет. Ал келишим көз карандысыз кесиптик кошуунга, иш таштоо укугуна, айлыкты көбөйтүүгө жол ачкан, цензураны чектеген, саясий айыпкерлерди бошотуу макулдашылган, мамлекет көзөмөлдөгөн үналгы-сыналгыдан католик таатын жумасына бир жолу берип турууга уруксат алынган.

Ушул макулдашуунун негизинде «Тилектештик» кесиптик кошууну ошол эле жылдын октябрында расмий катталгандан кийин анын катарына 10 миллион киши, башкача айтканда, Польша калкынын төрттөн биринен ашыгы кошулган. Коммунисттик бийликтин бул болуп көрбөгөндөй мунасачыл кадамдарынын артында келишим кол коюлардан жарым ай мурда иш таштоо комитетинин башына келген кеме жасоочу ишкананын жумушчусу Лех Валенса турган.

Ал кезде абал өтө курч эле, «балким өкмөт жумушчуларга күч колдонот, же Москва чыдамы кетип, аскер жиберет» деген кооптонуу күчтүү болгон. Күнү бүгүнгө чейин Валенса өзү да ал кезде болгон окуяларга таң бергенин айтып келет.
Ошондо кимдир бирөө коммунизм кулайт, Полша суверендүү, өз алдынча өлкө болот десе мен ишенмек эмесмин ... Лех Валенса


- Эгер ошондо мага кимдир бирөө коммунизм кулайт, советтик бийликтин өкүлдөрү кетет, Польша суверендүү, өз алдынча өлкө болот десе мен ишенмек эмесмин, мен буга биздин күчүбүз жетерине ишенген эмесмин,- деп айтты Валенса Гданскидеги салтанатта.

Бирок Валенса «Тилектештик» менен алысташып кеткен. Анын жетекчилиги астында уюм 1989-жылы коммунисттик өкмөттүн алмашышында башкы ролду ойногондон бир жылдан кийин Валенса Польшанын президенти болуп калган. Үстүбүздөгү жылдын башында президенттик шайлоодо «Тилектештик» уюму консерватор талапкер Ярослав Качинскийди колдоп чыкканда эки ортону дагы кара мышык аралады. Ал шайлоодо Качинский утулуп калган.

Валенса өткөн аптанын соңундагы Щечиндеги салтанаттарга катышуудан баш тартты. Ал өз блогунда «өтө чарчаганын», бир гана тилеги - «тынч эс алуу» экенин жазды. Кабарчылар ал президент Коморовский менен өкмөт башчысы Доналд Туск сүйлөй турган Гданскидеги бүгүнкү пресс-конференцияга катышпайт болуш керек деп айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG