Июнь коогалаңында аялдардан кордук көрүп, бир нече саат жер төлөдө жаткан төрт баланын энесин биз Адолат Аскарова деп атадык, себеби ал өз атын атабоону суранды. Анын үстүнө өзүн куткарып калган кыргыз жигитке ушунча ыраазы болгондуктан, сотко кайрылып, ачыкка чыгууну каалабайт.
Аскарованы 12-июнда Ош шаарынын борборунда аялдар кармап алып, ошол эле жердеги губернатордун кеңсеси жайгашкан имараттын жер төлөсүнө сүйрөп барышкан. Ал бөлмө азыр да Аскарованын көз алдында.
- Губернатор отурган имараттын жер төлөсүндө керектен чыккан эмерек турган чоң бөлмө экен, оң жагында ашкана.
Албуут аялдар аны сабап, жылаңачтап чечиндиришет:
- Башчысы аял экен, көрсөм тааныйм. Баш талаштыра уруп, жер төлөгө алып келишти. Кыргызча сүйлөп, "чечин" деп айтышты. Эки аял колумдан кармап турду, бири башка тепти. Аял кишилер тепти.
Түн киргенде токмок жеген энени барымтачы аялдар жер төлөгө жалгыз камап кетишет:
- Түнкү саат үчкө чейин ошол жерде отурдум. Качып кетсем деп, ар жак, бер жакты карасам, эч жылчык жок. Катуу үшүдүм, эски эмеректин жабуусун айрып алып, орондум. Такыр жылыбай койдум. Отургучтун такталарын алдыма коюп, үстүмө айрындыларды жамынып, ошол жерге кыйшайдым.
Чаң баскан караңгы бөлмөдө көзү илинбеген Аскарова "балдарымды аман көргөзө көр" деп кудайга жалынып, айласы куруйт.
- Дуба кылдым, келме келтирдим. Ушул көз ирмемде Алладан «кызымды көрсөм, бир кызым оорулуу, башка кыздарым кантти экен, неберелеримди көрсөм» деп тилек кылдым.
Адолат Аскарова Ош шаарында туулуп-өскөн, өмүр бою агартуу тармагында эмгектенген, төрт баласы, небере-чөбөлөрү бүт Ошто агарып-көгөргөн. Барымтада отуруп, ал мындан 20 жыл мурда кантип кыргыз баланын өмүрүн сактап калганын эстейт:
- Эч кимге жамандык кылган жок элем, эми да тирүү калсам, эч кимге жамандыгым тийбейт эле дедим. 1990-жылдагы коогалаңда биздин каршыбызда орустар турчу, алардыкында бир кыргыз бала калган экен, мааленин балдары аны урганы келгенде кыргыз баланы өз үйүмө алып келип, жашырдым эле деп эстедим.
Үнү кудайга жеткен белем, бир оокумда эшик ачылып, аскер кийимчен жигит келип, ага жардам бере тургандыгын айтат:
- Саат үчтөн кийин бир кыргыз бала келди. Келип, «сиз коркпоңуз, азыр сизди башка жакка алып чыгам. Катындар сизди өлтүрүп коет. Алар уктаганда, сизди алып чыгам» деди.
Аскарованын үстүндө кийим жок болгондуктан бала барып, бир аял менен келет. Ал Аскарованы тааныган аял экен, сыртка чыгып, жаңы "Адидас" костюмун алып келип берет:
- Кийимим жок десем, барып эч нерсе таба албай, түрктөрдүн жаңы спортивкасын алып келди. Тоногондо уурдалган оокат окшойт, этикеткасы да алынбаптыр. Аны кийдим. Ал аял мени жаап коюп, кетти.
Кийин аскер кийимчен жигит кайра келип, Аскарованы ошол эле жердеги тепкичтин алдындагы бөлмөгө бекитет. Арадан дагы бир топ убакыт өтөт. Бир кезде эшик ачылып, жигит кайра баш багат:
- Бир канча убакыттан кийин жанагы бала келип, «эже, чыгыңыз» деди. Коркуп атканымды көрүп, «беш кол тең эмес, кыргызда баары жаман деп ойлобоңуз» дейт. Мен да «өзбекте да баары бирдей эмес, жакшысы да бар, жаманы да бар» дедим.
Аскарова жигиттен атың ким деп сураса айтпайт. Бир нече көчө узатып келип, өзү тууралуу эч кимге ооз ачпоону суранып, кайтып кетет:
– "Рахмат, балам, өмүрлүү бол" дедим. Бир топко чейин узатып келип, «атышып жатышат, этият болуңуз, эч кимге ооз ачпаңыз, кетип калыңыз» деди.
Аскарова шаардагы маалелеринин биринде жашайт. Үйү эл катарында, көптөн бери оңдолбогону көрүнүп турат. Бакчанын жанында жүзүм менен жабылган тапчан, короодо бир тооктон башка жандык көрүнбөйт. Июндагы окуяны эскерип отурган Аскарова небересин бетинен сүйүп, сөзүн улады. Көрсө балдары андан үмүтүн үзүп койгон экен, энесин көргөндө басып жыгылышат:
- Келдим. Кыздарым атып салышты деп ыйлап, өлгөндөрдүн катарына кошуп коюшуптур. Бутум, бүт денем көгала, эми билинип атат.
Коогалаңда Аскарованын үйүнө, бала-чакасына тийишкен эмес. Жүздөгөн кишинин өмүрүн алган коогалаңда кыргыз-өзбек болуп кырчылдашып жатканда барымтага түшүп, тепки жеген эне бүгүн өзүнө ыдык көрсөткөн аялдарды карматып, сотко бергиси келбейт, анткени өзүн куткарган кыргыз жигиттин «эже, беш кол тең эмес турбайбы» деп кечирим сураган жылуу сөздөрүн эстейт. Атын билбесе да, ал жигиттин кебете-кешпири бүгүн да көз алдында:
- Жашы 25терде болсо керек. Аскер кийим кийген. Куралы болсо керек, бирок менин алдыма куралсыз кирген.
"Азаттыкка" өз башынан өткөндү баяндап берген Адолат Аскарова бүгүн үйү үстүндө, бала-бакырасы, абышкасы маңдайында, бирок алар өлкөдөн чыгып кетүүнү чечишти. Ушул күндөрү Аскарова чет мамлекетте жашаган кызынан чакыруу күтүп, оокат-кечегин жыйыштырып жатат.
"Азаттыктын" архивинен": Аскерлер өзбек улутундагы жарандарды куткарды
Оштогу өзбек улутундагы айрым жарандар кыргыз аскерлери аларды калабадан куткарып калганына ыраазычылык билдиришүүдө. (JaK)