«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
«Клооп» басылмасы кабарчы Аскарбек Мырзабековдун суракка чакырылышын басым катары баалап жатат.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов 24-ноябрда маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Абдураимов жаңы дайындалган акимдер, администрациянын «уйкусураган» кызматкерлери жана Кара-Суу районунун акимине сунушталган талапкерлер тууралуу айтты.
Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Ош облусунда Алай, Чоң-Алай жана Ноокат райондорунун акимдери алмашты.
Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрматбек Исмаилов Кара-Сууга аким болуу ниетин билдирди. Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен.
13-ноябрь Ош шаарында күнү мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чара ал өзү бир топ жыл бою жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болду. Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500 кишиден ашты.
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Буура 2 айылы ичүүчү сууга жети жылдан кийин араң жетти. Суу алып келүү үчүн айыл тургундары өз алдынча каражат топтоп, жалпысынан 2,5 миллион сомдой сарптаган.
УКМК ички иштер министринин биринчи орун басарынын иниси рейдерлик боюнча шек менен кармалганын билдирди.
Ошто бир айдын ичинде эки кыз жанын кыйды. Бири тоодон бой таштап, экинчиси сууга агып көз жумган. Кыздардын бири кош бойлуу экендиги белгилүү болду.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, эл менен жолугушту. Бир топ жарандардын суроолоруна жооп берди. "Азаттык" Садыр Жапаровдун элдин суроолоруна берген жообу тууралуу сурамжылоо жүргүздү.
Ош облусуна караштуу Алай районунда деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Могол айылында үй-музей ачылды. Үйдү жергиликтүү тургун Ташкул Урустамов 1962-жылы курган экен. Анын келининин аракети менен ачылган музейде жергиликтүү элден чогулган буюм-тайымдар да коюлган.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрь күнү Ошто иш сапары менен болду. Анын эл менен жолугушуусу борбордук стадиондо өтүп ага 5 миңге чукул киши катышты.
Президенттин милдетин аткаруучу конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирди.
"Азаттык" жаңы өкмөттүн акыркы кадрдык дайындоолору боюнча коомчулуктун пикирине кызыгып көрдү.
Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон.
Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.
Ош шаарынын тургуну Самара Абдыкеримованын уулу Тоюланга үч жашында аутизм диагнозу коюлган.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө.
Дагы жүктөңүз