«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
8-октябрда Ош шаарында мэрдин тарапташтары жана президенттин колдоочулары митингдерин өткөрүштү.
5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүзгө чукул шаар тургундары борбордук аянтка топтолду. Эпдемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул жылы чоң иш-чаралар уюштурулган жок.
«Республика» партиясы анын Өзгөндөгү тарапкери өлтүрүлгөнүн айтып чыкты. Милиция адам өлүмү болгонун ырастаганы менен анын саясий өңүтү жоктугун билдирүүдө.
Шамил Артыков мугалимдерден «Биримдикке» добуш берүүнү талап кылып, түштүктөгү коогалаңды да эске салган.
Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан.
Аравандагы эки партиянын өкүлдөрүнүн мушташынан 13 киши жабыркады.
Ош шаарында жана анын тегерегинде жайгашкан тойканалардын ээлери басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Алайдагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жаткан аймакта көмүр казуу иштери башталганы турат. Бул маалымат коомчулукта талкуу жаратты.
Ош шаарынын тургуну, 62 жаштагы Мамасалы Ташматов Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө бир нече ирет марафондо чуркап, баш байгелерге ээ болгон. Анын үй-бүлөсү да чуркоону адатка айландырышкан. Алар сергек жашоо менен ден соолуктун маңызы спортто экенин белгилешет.
Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү.
Ош мэриясы ок атуу чырына байланыштуу иштен бошотулган аткаминерди кайра жумушка алды.
2-сентябрь күнү «Достук», «Кызыл-Кыя», «Кадамжай», «Маданият» жана «Баймак» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чектөөлөр алынды. Алардын эң ириси «Достуктан» алгачкы күнү эле миңдеген адамдар өттү.
Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл толду.
1991-жылы 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган. “Азаттыкка” коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер жана жаштар эгемендүү Кыргызстандын басып өткөн жолу, кетирген кемчиликтери, келечеги жөнүндө оюн билдиришти.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов милицияга сурак берип чыкты.
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
Байыш Юсупов 17-августта өкмөт башчынын буйругу менен облус жетекчиси болуп дайындалды.
Дагы жүктөңүз