Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Чаткалда журналист суракка чакырылды


Иштамберди алтын кенинде иштеп жаткан техника каражаттары. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.
Иштамберди алтын кенинде иштеп жаткан техника каражаттары. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.

«Клооп» басылмасынын Чаткалдагы алтын казуунун күнгөй-тескейин иликтеген кабарчысы Аскарбек Мырзабеков 25-ноябрь күнү милицияга суракка чакырылды. Муну редакция басым катары баалады. 

Жергиликтүү милиция Мырзабековдун телефонундагы маалыматтарды көргөзүүнү, буга чейин Интернетке жарыяланган видеосун өчүрүүнү талап кылган. Ушундан улам «Клооп» Башкы прокуратурага жана УКМКга тергөөчүнүн үстүнөн даттанды.

«Клооп» басылмасынын кабарчысы Аскарбек Мырзабеков Жалал-Абад облусундагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бир нече депутатынын 26-сентябрда жазган арызынын негизинде суракка чакырылган. Райондук милиция Жазык кодексинин 355-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде сотко чейинки териштирүү ишин ачып, тергей баштаган.

Kloop.kg маалыматтык сайтынын редактору Элвира Султанмурат кызы билдиргендей, Мырзабеков, айылдык кеңешинин депутаттары, алтын өндүргөн компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар катышкан жыйында тасма тартканы үчүн кысымга алынган.

Элвира Акимова.
Элвира Акимова.

«Ал жыйын ачык болгон, - деди ал. - Анын жыйынды тартканга толук укугу бар болчу. Айылдык кеңештин депутаттары арызды бир айдан кийин жазып жатышат. Эмне үчүн алар нааразы болбосо, дароо жазбады? Бул да күмөн жаратат. Суракка да бир айдан кийин чакырылып жатат. Аскарбек Чаткалдагы алтын өндүрүүдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча элдин нааразылыгын чагылдырып келген. Ошол эле экологиянын булганышын, цианиддин колдонулушун, калдыктарды сактоочу жайлардын курулушундагы түшүнүксүз жагдайларды жазып турган. Мындай жол менен ошол мүшкүлдөрдү ачыкка алып чыкканга тоскоолдук кылып, моралдык жактан басым кылып жатышат деп кабыл алдык».

Султанмурат кызынын айтымында, суракка чакырылган иш боюнча редакция юристтери менен окуяны териштирип, анда тергөөчү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн деп күмөн санап, Башкы прокуратурага жана УКМКга арыз жазган.

Кабарчы Мырзабеков анын үстүнө жазылган арызды териштирген тергөөчү телефонун алып, опузалап, «камайм» деп коркутканын айтууда:

Аскарбек Мырзабеков.
Аскарбек Мырзабеков.

«Менден «көрсөтчү» деп телефонумду алып, видеону көрүп, «Youtube» каналындагы видеону өзүнүн телефонуна тартып алды дагы, «Чаткал көйгөйү» деген тайпага «кирип бер» деди. Ал жактагы каттарды да окуду. «Бүт нерсеңди далилдеп алдым, эгер менин атым ошол тайпада атала турган болсо, биринчи сени кармайм» деди. Мен ал жерге башкачараак маанай менен кирген элем. Анан мен киргенде нес болуп калдым».

Ал эми Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев редакциянын тараткан маалыматын четке кагып, «эч кандай кысым болгон эмес» деп ынандырууга аракет кылды. Бирок тергөөчү журналисттин телефонун сураганын жана андагы маалыматтарды көргөнүн ырастады.

«Журналисттер тарабынан айтылып жатат, «кысым болду» деп, эч кандай кысым болгон эмес. Тергөөчү өзүнүн укуктарынын негизинде окуянын чоо-жайын тактоо максатында чакырган. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды дегенге тиешелүү кызматтар гана баа бере алат. Эгерде «Клооп» тергөөчүдөн мыйзамсыз аракеттерди байкаган болсо, арызданууга укугу бар».

«Клооп» басылмасы милиция кызматкерлеринин ишине ишенбестик билдирип буга чейин да арыз жазган. Ага 4-октябрь күнү шайлоо учурунда дагы бир кабарчысына белгисиз кишилер кол салып, чөнтөк телефонун тартып алганы себеп болгон. Султанмурат кызынын маалыматында шаардык милиция эч кимди жоопко тартпай, ишти кыскартып салган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жогорудагы маалыматты тастыктап, жабырлануучу денесинен жараат албагандыктан иш кыскарганын билдирди.

Медиа эксперт, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлзат Газиева журналисттердин өздөрү жасаган материалга байланыштуу суракка чакырылуусу акыркы жылдары кадимки көрүнүшкө айланганын, бул кабарчылардын ишине тоскоолдук жарата турганына токтолду.

Гүлзат Газиева.
Гүлзат Газиева.

«Акыркы жылдары коррупциялык иштердин бетин ачууда журналисттердин аракети жакшы болуп жатат. Бирок журналисттер өз ишинде бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, коррупциялык же болбосо кылмыштуу иштер боюнча материал даярдап, ошону чагылдырууда өздөрү да күбө катары сурак берген учурлар акыркы убакта көбөйдү. Муну журналисттердин ишине чоң моралдык басым деп атаса болот».

Медиа уюмдар, журналисттер бирикмесинин маалыматына караганда, 2020-жылы бир нече медиа мекемелердин кеңсесине чабуул жасалып, иликтөөчү журналисттер сабалган. Мындай окуялар 4-октябрдагы шайлоо жана андан кийин өткөн толкундоо учурунда күчөгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпания катталган.

XS
SM
MD
LG