Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы каналдан 17-сентябрда 16 жаштагы кош бойлуу кыздын сөөгү табылган. Кыз Ош шаарынын тургуну болгону аныкталган.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына таянып, кыздын өлүмү тууралуу буларды билдирди:
«Өткөөл курактагы - 14-16 жаштагы балдар арасында суицид көп катталып жатат. Мунун башкы себеби - миграция. Сөөгү каналдан табылган кыз тууганынын баласы менен жыныстык катнашта болгон экен. Ал бала «боюңдан алдырасың» деп кызды коркута баштаган. Кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон 20 күндөн кийин сөөгү табылып жатат. Бүгүнкү күндө аны менен «жыныстык байланышка барды» деп шек саналган балага иш козголгон. Ал Кара-Кулжа районунда убактылуу кармоочу жайга киргизилген».
Бул окуя боюнча Кара-Кулжа райондук милициясында сотко чейинки тергөө иштери башталган.
«Мени издебегиле»
30-октябрда Ош шаарында 15 жаштагы секелек Сулайман-Тоодон боюн таштап каза тапты. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталды.
Шаардык милиция билдиргендей, өз өмүрүнө кол салган кыз жакындары менен уруша кетип, үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков буларды билдирди:
«Туугандары тергөө учурунда бул кыз мурун да үйдөн чыгып кетип жүргөнүн айтышкан. Акыркы жолу да «мени издебегиле» деп үйүндөгүлөр менен чырлашып чыгып кеткен экен. Туугандары кыздын сөөгүн алып кетишти. Аны менен акыркы учурда байланышкан кишилер боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Негизги версия катары суицид каралып жатат».
Сыдыков өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салган учурлар кийинки убакта көп катталып жатканын кошумчалады:
«Биз ушунун алдын алууга аракет кылышыбыз керек. Ал үчүн милиция эле эмес, ата-энеден баштап, жергиликтүү бийлик органдары, дин өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер, социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери чогуу иш алып барса жакшы болмок. Ата-энелер балдарын таштап Орусияга кетип жатышат. Ал жакта баласынын келечеги деп жүргөнү менен, бул жакта балдардын бактысы талкаланып жатат да».
Каза болгон кыздардын жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек.
Мындай терс көрүнүштөргө ата-энелер менен балдардын ортосунда байланыштын азайышын себеп катары көргөндөр да бар. Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын оюн угалы:
«Кыздар психологиялык жактан тарбия алган жок, ата-энелик мээримди көрбөй жатат. Анткени, ата-энеси жанында жок. Ошол себептен бул кыздар өзү менен өзү, өз көйгөйлөрү менен жалгыз калып жатат. Кыздар кандайдыр бир жаман ишке кириптер болгондо жанында жакыны жок болуп жатат, айрыкча апасы. Ата-энеси көр тирилик менен үйдөн чыгып кеткен. Үйдөгү өспүрүм кыздар кичинекейинен баштап, өз көйгөйү менен өзү калгандыгына байланыштуу, эч кимге айта албастан «бул менин кылмышым экен» же «мен элдегиден башкача көйгөй менен жашай албайм» деген ой менен жанын кыюуга аргасыз болуп жатышат».
Дарика Асылбекова алардын кризистик борборуна жашы жете элек кыздар боюна бүтүп кайрылган учурлар көбөйгөнүн, алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн жакындары тарабынан жыныстык зомбулукка кабылганын кошумчалады.
Ош шаарында жаштар жана кыз-келиндер менен иштеген «Новый Ритм» коомдук бирикмесинин кызматкери Мадина Салайдинова бул мүшкүлдү ата-эненин гана жоопкерчилиги менен байланыштыруу жетишсиз деп эсептейт.
«Чындыгында мындай кырдаалга жеткирүүгө биздин айланабызда аябагандай көп факторлор таасир этет. Мисалы, өспүрүм балдар менен иштеген мамлекеттик саясаттын жоктугу. Айрыкча аларга тукум улоо саламаттыгы жана жыныстык укуктар айтылбайт. Мектепте бул жөнүндө жөн эле кошумча сабак катары же уялып айтпай койбой, байма-бай айтып, жөнөкөй эле жыныстык катнашта кантип сактаныш керек, кантип оорулардын алдын алыш керек экенин кабарлаш керек. Эгер сабактар болгондо биздин жаштар бир аз да болсо маалыматтарга ээ болуп калмак», - деди ал.
Укук коргоочулар буга чейин кош бойлуу секелектер өз жакындарынын курмандыгы болорун байкашкан.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, 2020-жылда Ош шаарынын өзүндө суицидге баргандардын саны 33 кишиге жеткен. Алар негизинен 18-40 жаштагылар. Жанын кыйгандардын көбү эркектер. 33 кишинин тогузу ууланып көз жумса, басымдуу бөлүгү асынып алышкан.