«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Ош шаарында коронавирустун алдын алуу үчүн борбордук көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери башталды. 22-мартта Манас-Ата кичи районунан Курманжан датка кичи районуна чейинки ири көчөлөрдө залалсыздандыруу иштери жүрдү.
Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.
Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген Ноокат районунун үч тургунунан COVID-19 вирусу табылды.
Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталганын маа
Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул райондо бүгүн, 20-мартта коронавируска чалдыккан дагы үч тургун аныкталган.
Ноокат шаарында күнүнө 3 миңге чейин медициналык беткап тигүүчү цех ачылды. Анда 30дан ашуун кызматкер иштейт. Беткап өндүрүүнү «Дастан-Стиль» ишканасы колго алды. Буга чейин Ош шаарындагы цехинде дагы беткап тигип баштаган.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон.
«Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар кечке жуук бошотулду.
Ош шаарында "Ынтымак" телеканалынын кабарчысы шаардык милицияга 6-мартта сурак берип чыкты. Буга журналисттин шайлоону утурлай студенттерди мажбурлап, каттоого тургузуп жатканы жөнүндө жасаган репортажы себеп болгон.
Өткөн жылдын аягында Ооганстандан 10 үй-бүлө өз алдынча Кыргызстанга көчүп келген. Алар Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган.
Ош шаарында учурда жаатташып жаткан эки спортчунун тирешинин жаңы жагдайлары белгилүү болду.
Ошто спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык» деген таризде президентке кайрылган видеосу 14-февралда “Фейсбукка” чыкты.
Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу «Ошто Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деп айтты.
Ошто болгон окуяны жарандык коом сөз эркиндигине коркунуч катары баалады.
14-февраль - дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө.
Акыркы убакта шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандардын саны жарыяланды.
Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй бүлө өз демилгелери менен көчүп келген.
Ош шаарында 2-февралда Дүйнөлүк жолук күнү белгиленди.
Дагы жүктөңүз