Мимоза Жаныбек кызы студенттердин жапырт каттоого тургузулуп жатканы тууралуу сюжет даярдаган. Кабарчы 5-мартта ага өздөрүн милицияданбыз деп тааныштырган адамдар бир нече жолу телефон чалышканын, дарегине ар кандай сөздөрдү айтышканын билдирди.
"Бирөө менен мессенжер аркылуу жазышкан экенсиң, башка бир партияга "1500 сомдон берет, ошого шайлап койгула" деп өзүң агитатор болгон экенсиң" деп айтышты. Мен аны моюнума алган жокмун, себеби жазышкан эмесмин. "Биз Ош ИИБден чалып жатабыз, атым Данияр Асрандиев" деп чалышкан. Эки номерден бир адамдын атынан телефон чалышты. Эки башка нерсени айтып чакырып жаткандыктан чындыгында кооптондум. Муну басым деп эсептейм. Расмий түрдө түшүндүрүп айтса, мен деле түшүнмөкмүн. Анан булар "агитатор болуп жатыптырсың" деп айткандарын коркутуу катары кабыл алдым".
Ал эми "Ынтымак" телеканалынын программалык директору Асанбек Каракозиев суракка чакырууну кадыресе көрүнүш катары эсептегени менен, бул журналисттерди кыжалат кылчу маселе экенин "Азаттыкка" айтты.
"Бул нерсени кысым деп айтууга болбойт. Коомчулукка жарыяланган материалдарды мыйзам боюнча атайын арыз жазбаса деле текшерип жаткан турбайбы. Биринчиден, тергөөчүлөр өз милдетин аткарып жатат. Экинчиден, "кысым болуп жатат" деп айта турган болсок жазылбаган мыйзамдын негизинде кандайдыр бир кыжалат кылат деген сөз да. Эртең журналисттер, же болбосо жарандык коомдун өкүлдөрү эркин ой жүгүртө албай калабы деген маселе жаралып калат. Буга чейин да суракка чакыруу болгон. Биздин кабарчыларга белгисиз адам тарабынан кысым көрсөтүү болгон. Ал нерсени башыбыздан өткөрдүк".
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 18-февралда интернетке "студенттерди мажбурлап каттоого тургузуу" жөнүндө чыккан маалыматтардын негизинде "Добуштарды сатып алуу" беренеси менен иликтөө иштери башталган.
Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков жогорудагы иш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, окуу жайдын мугалимдери жана университеттин жатаканаларынын кызматкерлери сурак берип жатышканын билдирди. Ал ошондой эле кабарчы коркутуу боюнча арыз жазбаганын, эгер жазылса ички иликтөө болоорун айтты.
"Журналисттин айткан сөздөрүн биз жазганынан гана окудук. Кайсы милиционер коркутканы, эмне деп коркутканы тууралуу азыр маалыматыбыз жок. Бизге, жетекчиликке же тийиштүү көзөмөл органдарына арыз менен кайрыла элек. Эгерде кабарчы милиция кызматкери кайсы номер аркылуу коркутканын айтып, тиешелүү маалымат берсе сөзсүз ички иликтөө жүргүзөбүз".
Бул 2020-жылы Ош шаарындагы журналисттердин суракка чакырылганы ачыкка чыккан үчүнчү учур. Бир жума мурда TMG телеканалынын кабарчысы Самара Парпиеваны прокуратурага чакырышкан. Анда "Мөл-Булак" бала бакчасынын мурдагы жетекчиси Тургунай Касымова журналист акча талап кылганын айтып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылган. Ал эми Парпиева аталган мекеменин мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууга кабылганын билдирген.
TMG телеканалынын башкы продюсери Нурлан Адаев буларга токтолду.
"Касымова биздин үстүбүздөн прокуратурага кайрылган. Прокуратура өз учурунда аны териштирип, ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгына берген. Ошонун негизинде "Акча талап кылуу" беренеси боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ошол эле учурда тиги тараптын жакындары журналисттин жакындарына чалып коркутуп, ошол факттын негизинде биз ички иштер башкармалыгына кайрылдык. Ал арыз боюнча да териштирүү жүрүп жатат. Бул окуя боюнча эки иш тергелип жатат. Биринчиси - бизге коюлган доомат боюнча, экинчиси - бизге карата коркутуп-үркүтүү боюнча".
Бул окуядан мурда да Ош шаардык милициясы "Клооп" порталынын айдоочусунан тарта мурдагы кызматкерлерине чейин беш кишини суракка чакырган. Буга Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун жеке жашоосуна кийлигишүү боюнча жазган арызы себеп болгон.
Медиа эксперт Гүлзат Газиева суракка чакыруу журналисттердин ишине терс таасирин тийгизет деп эсептейт.
"Журналистке күбө катары деле сурак берүү жеңил эмес. Бул моралдык жактан басым. Буга чейин журналисттер жасаган материалынан улам күбө катары чакырылган учурларды кезиктирчү эмесмин. Акыркы күндөрү аябай көбөйүп жатат. Бул кадыресе көрүнүшкө айланып жатат. Муну сөз эркиндигине басым деп айтса да болот. Иликтөө жасап, сын пикирин айткан журналисттердин ишмердигине тоскоолдук жаратып жатат десе болот".
Кыргызстанда «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде «журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына, тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт» деп жазылган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.