«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
29-январь күнү Ош облусундагы Өзбекстан менен чектешкен айылдардын мектеп окуучулары Ош шаарына чогулушту.
Шаардык кеңештин депутаттары сессияда калаанын бюджетин бекитип беришти.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында 25-январь күнү ишкер Каныбек Акаев үч уулун сүннөткө олтургузуп, аламан улак уюштурду. Анда Бишкектен бир бөлмөлүү батир, беш машине, тогуз төө жана акчалай сыйлыктар байгеге коюлду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун мугалимдерди жемелегени талкуу жаратты.
ИИМдин тизмесиндеги Умар Маратовдун жактоочусу Динара Турдуматова басма сөз жыйынын өткөрдү.
Ош облусуна караштуу Араван районунун борборунда 20-январь күнү маданият үйүндө эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Ош шаарын ортосунан тең бөлүп өткөн Ак-Буура дарыясында 400гө чукул мыйзамсыз объект бар.
Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокунуу майрамын белгилешти. Буга утурлай Ош шаарындагы христиандар салтка айланган Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокунуу майрамын белгилешти.
Ош шаарында үй камагына чыгарылган кримчөйрөнүн өкүлү Умар Маратов 17-январда кайра кармалды.
Мамлекет башчы талаштуу чечим чыгарган Ош шаардык сотунун судьясын иштен бошотту.
11-январда белгисиз топтон токмок жеген Улан Раимбеков оор абалда ооруканада жатат.
Ош шаарында 11-январда соода борборлорунун биринде «Бийлеген эркиндик» аттуу акция болуп өттү. Ага бардык каалоочулар келип бийлөөгө болот. Ышкыбоздор поппинг, брейк-данс сыяктуу түрлөрү бийлерди көрсөтүштү.
Ошто жергиликтүү журналист кесиптештерин зордук-зомбулукка байланыштуу маалыматты жазбоого үндөдү.