20-март күнү Кыргызстанда коркунучтуу илдетти жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. 18-мартта алгач ирет Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургунунан коронавирус табылып, ооруканага жаткырылган. 20-мартта Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген дагы үч адамдан коронавирус аныкталган. Алар Ноокат районунун тургундары.
Карантинге илинген Ноокат жана Сузак
Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.