"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Президенттин кызматтан кетиши тынч демонстрациялар аркылуу бир нече аптадан бери талап кылынып жаткан Түштүк Кореяда парламент мамлекет башчысы кириптер болгон саясий жаңжал боюнча расмий иликтөө баштады. Парламенттик оппозиция мурдагыдай эле президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүүдө.
Кургак учукка каршы казакстандыктар ойлоп тапкан дарынын Кыргызстанда сыналышы көп суроолорду жаратууда.
"Белизгейт" чыры бийликтеги тирешти тереңдеттиби?
Сокулукта 2-класстагы баланын энеси менен мектеп жетекчилигинин ортосунда талаш чыкты.
Сокулукта 2-класстагы баланын энеси менен мектеп жетекчилигинин ортосунда талаш чыкты. Мектеп тестиер баланын кабыл алуу жөндөмү башкаларга салыштырмалуу төмөн деп эсептеп, аны үйдө индивидуалдуу окутууну сунуштаган. Жалгыз бой эне буга каршы болууда. Ал уулу медициналык-педагогикалык комиссиянын те
Парламентте айрым депутаттар энергетика тармагындагы саясат чаржайыт жүрүп жатканын билдирип чыгышты.
Өкмөткө кесипкөй кадрлар тандалдыбы же бийликке жакындар гана келдиби?
КСДП фракциясынан жаңы депутат буга чейин коррупциялык чырга аралашканы менен белгилүү.
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарады. КСДП фракциясы коалициядан чыгуусунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгонуна байланыштырды. Алар өз кезегинде КСДП чечимин өзүмбилемдик деп атап, Баш мыйзам коалицияны таратууга шылтоо гана болгонун белгилеп жатышат.
Ала-Букада каза болгон байбиченин сөөгү жерге эки ирет берилип, кайра казылып, үчүнчүсүндө жашыруун көмүлдү. Жаңжал маркум тирүү кезинде исламдан башка динди тутунган деген кинеден чыкты.
Ала-Букада каза болгон кары аялдын сөөгү жерге эки ирет берилип, кайра казылып, үчүнчүсүндө жашыруун көмүлдү. Жаңжал маркум тирүү кезинде исламдан башка динди тутунган деген кинеден чыкты.
Бөйрөгү оорулуу, гемодиализ алган жарандар аларга жеңилдик берген Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун программасын 2017-жылга узартып берүүнү жана ага оорулууларды толугу менен киргизүүнү суранып жатышат. Оорулуулардын жакындары буга байланыштуу президентке кайрылуу жолдошту.
Бөйрөгү оорулуу, гемодиализ алган жарандар аларга жеңилдик берген Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун программасын 2017-жылга узартып берүүнү жана ага оорулууларды толугу менен киргизүүнү суранып жатышат. Оорулуулардын жакындары бул туурасында президентке атайын кайрылуу жолдошту.
Кыргызстанда теракт коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилүүдө. Укук коргоо органдары элди көп чогулган жайларда, жолдордо сак болууга чакырууда.
Кыргызстан экономикасында жана бюджетин аткарууда кооптуу жагдайлар көбүрөөк айтыла баштады. Өкмөт бир жагынан бюджеттин чыгашасын болуп көрбөгөндөй кыскартууга барса, экинчи жагынан эл аралык каржы уюмдары тышкы карыздын кескин өсүшү тынчсыздануу жаратканын билдирүүдө.
“Каректе Евразия” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Орусия Жогорку сотунун Крым татарларынын Межлисин жойгон чечимине Украинанын каршылыгы, Бабий Яр трагедиясынын 75 жылдыгы, Казакстанда абактагы аялды зордуктаган майордун соттолушу, Тажикстандагы айыл шаарлардын аттарын тажиктештирүү а
Жогорку Кеңештин депутаттары Аскер сотун жоюу демилгесин көтөрүп жатышат. Алар аскер судьяларын жарандык соттордун курамына киргизип, бюджетти оптималдаштырууну көздөөдө. Аскер соту демилгеге каршы болуп, эл өкүлдөрү алардын иштөө өзгөчөлүгүн түшүнбөй жатканына нааразы.
Кыргызстандын быйыл Евразия экономикалык биримдигинин орток бажы салыгынан 3 миллиард сом албай калышы ыктымал. Каржы министрлиги муну 2016-жылга карата салык төлөмдөрүнүн кыскарып кетиши менен түшүндүрүүдө. Талдоочулар бул суммадага каражат Кыргызстан үчүн чоң жоготуу экенин жана анын эпкини элди
Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси үзөңгүлөш жана атаандаш саясатчылардын, партиялардын ыркын кетирди. Соңку компроматтар согушу эмне менен бүтүшү мүмкүн?Саясий тирештен улам тагдыры арсар турган көпчүлүк коалиция акыры тарайбы?Алты жылдан бери катылып жаткан Кадыржан Батыровдун ишин көтөрүү менен бийлик акыйкаттыкты издейби же убактылуу өкмөт мүчөлөрүн куугунтуктайбы? Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышындаушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутат Узарбек Жылкыбаев менен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев катышты.
Алты жылдан бери катылып жаткан Кадырж Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутат Узарбек Жылкыбаев менен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев катышты.
Дагы жүктөңүз