Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Баяхуновдун мандатка чейинки баяны


Нурмахаммат Баяхунов
Нурмахаммат Баяхунов

КСДП фракциясынан депутат болгон Нурмахаммат Баяхунов кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берди.

52 жаштагы Баяхунов мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин ордуна келди. Мурда айыл өкмөтү болуп иштеп келген Баяхуновдун ысымы былтыр жер маселесине байланыштуу чыккан чырдан улам белгилүү.

"Мандат алганына таң калдык"

Нурмахаммат Баяхунов менен үйгө муктаждардын “Нур күч” атуу бирикмесинин ортосундагы жер маселеси боюнча жаңжал былтыр тутанган.

Аталган бирикме мүчөлөрүнүн айтымында, ошол кездеги Ново-Покровка айылынын башчысы Баяхуновго 16 миллион сом чогултуп, айыл чарба жоготууларына кенемте катары беришкен. Анын ордуна социалдык турак-жай куруу үчүн 81,5 гектар жер тилкесин алууну макулдашкан.

Айыл башчысы жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу келишимге кол коюп, Ново-Покровка айылдык администрациясынын атынан дүмүрчөк жазып берип, өз кол тамгасы менен бирге мөөр басканы да айтылган.

Бирок кийин Баяхунов мунун баарын четке кагып, акча албаганын жана эч кимге эч кандай убада бербегенин айтып чыккан.

Бирикме мүчөлөрүнүн маалыматында, Баяхунов алган акчанын көзүн жазгыруу үчүн кайра бирикменин жетекчиси Нурлан Үсөновго каршы арызданып, бүгүнкү күндө ал камалып, сот иши жүрүүдө. Ошол эле учурда алар Баяхуновдун өзүнүн үстүнөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз жолдогону менен иш ордунан жылбай жатканын айтышууда.

Бирикменин мүчөсү Наргиза Бекишова бул чыр териштирилбей туруп эле Баяхуновго депутаттык мандаттын берилишине нааразылык билдирди:

- Баяхунов бул жакта эл менен чечише албай жатса, элдин таламын кантип талашат? Өз чөнтөгүн ойлойт да биринчи кезекте. Түшүнбөй жатам, КСДП кандайча ушундай адамды депутаттыкка алып жатат. Ал бизге жер беребиз деп айткан, кийин бизди алдап кеткенде финполицияга арыз жазганбыз. Ошондон бери жооп жок, иш козголгонун же козголбогонун билбейбиз. Анан эле бүгүн ал депутат болуп ант берип жатат. Эмнеге бул кишини депутаттыкка алып жатат деп таң калдык.

Баяхунов курмандыкпы?

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жаңы депутаттын дарегине айтылган сындарды курулай каралоо деп баалады. Баяхуновду көп жылдан бери мыкты билерин белгилеген лидер аны тизмеге киргизип жатканда жана андан кийин да бул маселе териштирилгенин, ага карата кылмыш иши жоктугун айтып, анын ак экенине бөркүндөй ишенерин кошумчалады:

- Ал балага мен билгенден жанагындай маселе менен кылмыш иши козголгон эмес. Бул жерде эл алданган. Бир ошол машаяктар элди сызга отургузган. Бирок өз күнөөнү айыл өкмөткө шылтаган. Бул жигитке жерге байланыштуу үч-төрт жылдан бери аферисттер асылып жүрүшөт. Мен аны жакшы билем.

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда конуштардын саны 60тан ашты. Бишкек шаарынын бир капталын курчап турган бул райондогу жаңы конуштардын дээрлик көбү мыйзамсыз пайда болгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү Бакыт Сатканкулов болсо бирикме мүчөлөрүнүн арызынан соң, кылмыш иши мыйзамсыз жер сатуу фактысы боюнча козголгонун билдирди. Иш аларда үч ай тергелип, Баяхунов күбө катары өтүп, ага айып угузулган эмес. Акыры бул иш аймагына карата Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлүп, ушул тапта териштирүү уланып жатат. Ошол эле учурда Сатканкулов териштирүүнүн жүрүшүндө элдин колунда жүргөн келишимде коюлган мөөр чын эле айыл өкмөттүкү экендиги аныкталганын белгиледи.

- Ал жерде ошол коюлган мөөр айыл өкмөттүкү экени аныкталган. Ошол келишими элдин өзүндө бар. Аныкталган копиялары кылмыш ишине тиркелген. Ошол печаттын аныкталганын эксперттер чыгарып берген.

Сот чечими да, тоскоолдук да жок

Бул иш аягына чейин чыга электе эле Баяхуновго мандат берүү чечими туурасында БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров буларга токтолду:

- Эгер соттун чечими жок болсо, тоскоолдук жок. Бул жалпы жарандардын укуктары боюнча кабыл алынган, киргизилген нерсе. Ошондой эле шылтоо менен тияктан, бияктан бир кылмыш ишин ачып, шайланганга тоскоол кылып койсо болот да. Ошол үчүн атайын сот чечими болмоюн тоскоолдук жок деп киргизилген.

Өздүк булактардын билдиришинче, КСДП партиясынын ичинде дагы сөз ээрчиген жаңы депутаттын мандат алышына карата сын-пикирлер айтылган. Бирок муну четке каккан депутат Дастан Бекешов бул маселе талкуулана электигин, сот чечими чыкмайын кимдир бирөөнү күнөөлүү деп кароо мүмкүн эместигин белгиледи.

- Сот чечим чыгарса көрөбүз да. Соттун чечими жок эле бирөөнү күнөөлүү деп эч ким айта албайт. Эгер бул күнөөлүү болсо анда депутаттык мандатынан ажырайт.

Ошентип былтыр башталган чырдан үй алам деп эл чогултуп берген 16 миллион сомду ким алганы билинбей, дайыны чыкпай турат. “Нур күч” бирикмесинин мүчөсү Таалай Осмоновдун маалыматында, 1000ден ашык киши үй үчүн деп 400 доллардан 3,5 миң долларга чейин акча берген.

- Эми баары экинчи класстагы балага деле түшүнүктүү болуп калды. Бир жарым жылдан бери жөн эле тиякка түртөт, биякка түртөт. Ушу адвокат да жалдасак болмок экен. Бизди билбейт деп эле каалаганын жасай бериптир да.

52 жаштагы Нурмахаммат Баяхунов мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин ордуна келди. Ал буга чейин Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 10 жылга чукул убакыт иштегени айтылууда. БШК ага 31-октябрда мандат тапшырган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG