Кыргызстанда коопсуздук маселеси талкууланууда. Өткөн жумада АКШ менен Улуу Британиянын элчиликтери жарандарын сак болууга чакырса, Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктар делген бейтааныш адамдар видео аркылуу сес көрсөтүшкөн.
Укук коргоо органдарынын коопсуздук чаралары жетиштүүбү, карапайым адамдар коопсуздугун сактоонун жөнөкөй эрежелерин билеби?
"Арай көз чарай" талкуусунда мына ушул маселелер талкууланды.
Талкууга коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков, диний талдоочу Искендер Ормон уулу, ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов катышты.
“Азаттык”: 8-октябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси расмий билдирүү таратып, Кыргызстанда октябрь айында теракт жана адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болуп кетиш ыктымалдыгын эскертти. Андан кийин Британиянын элчилиги да ушундай эле билдирүү таратты. УКМК бул туурасында расмий маалыматы жоктугун, кырдаал иликтенип жатканын билдирди. Кыргызстандын күч түзүмдөрү бул маалыматтар эмнеге негизделгенин билүүгө мүмкүндүгү барбы, элчиликтен андай маалыматты суратып алабы?
Талант Раззаков: Негизи бул биздин коопсуздук органдарынын иши эмес. Муну Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык жолдор менен сурап алса болот. Күч кызматтарына алар материал, маалымат берүүгө милдеттүү эмес. Мындай жоопкерчиликтүү чоң маанилүү билдирүү болуп жаткан соң министрлик кызыгышы керек. Эгер биз бул өлкөнүн чалгындоо башкармалыгы менен кызматташ болсок, анда башка маселе болмок.
“Азаттык”: Искендер мырза, элчиликтердин эскертүүсүнө чейин интернетке өздөрүн Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктар деп тааныштырган, колдоруна автомат кармаган үч бейтааныш адам атайын видеокайрылуу жасашты. Бул эки окуянын удаа чыгып жатышы жөн жеринен болбосо керек?
Искендер Ормон уулу: Албетте, байланышы болушу мүмкүн. Мунун дүйнөдө биринчи жолу Кыргызстанда эле болуп жатпаганын эскерте кетсек. АКШ элчилигинин Кыргызстанда биринчи жолу кабар таратып, элди удургуткандай маанай жаралып калды окшойт. Бүгүнкүгө чейин көп жерлерде АКШ өзүнүн атуулдарынын коопсуздугун ойлоп, эскертүү тараткан учурлары болуп эле келе жатат. Мисалы, Түркияда ошондой эскертүү болгон соң артынан жардыруулар болгон учурлар болду. Жардыруу ишке ашып кеткен учурлар болду. Бул эскертүүлөрдү реакциячыл маанайда эмес, тамырын байкап, өзүбүздүн жарандардын коопсуздугу үчүн анализдеп карашыбыз керек.
“Азаттык”: Бакыт мырза, ушул окуяларга удаа эле аскер кампасынан курал-жарак уурдалганы маалым болуп, ага аскер кызматкерлеринин тийиштиги бардыгы иликтенип, азыр бул иш Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул жагдайдын коопсуздук маселесине таасири кандай, курал-жарактар кайда кетип жатканы аныкталдыбы?
Бакыт Сейитов: Бүгүнкү күндө ИИМ курал-жарактарды алуу боюнча иш жүргүзүүдө. Бирок дагы эле жарандардын колунда курал-жарак бар экендиги бизге маалым. Ошол себептен биз жалпы Кыргызстан боюнча атайын ыкчам аракеттерди жүргүзүү менен курал-жаракка тийиштүү деп эсептелген аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кээ бир кызматкерлери бар экендиги тууралуу маалыматтарды тактап, учурда кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен өтө көп сандагы курал-жарактарды уурдап сатууга тиешеси бар кызматкерлер камакка алынды.