“Республика” фракциясы депутат Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу сунушун киргизди. Жогорку Кеңештин комитети ал маселени шейшемби күнү кароону чечти.
Узап бараткан жумада өлкөдө саясий күрөш күч ала баштаганы байкалды. Өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр жарыяланды.
2014-жыл артта калып, 2015-жыл өз өкүмүн жүргүзүүгө киришти. Өткөн жылы кыргыз экономикасы эмнеге жетишти жана быйылкы жылы эмнелер күтүп турат?
“Азаттыктын” 2+1 форматындагы маегинин кезектеги коногу - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаров.
Каржы министри Ольга Лаврова доллардын курсунун өсүшүнүн мамлекет үчүн оң жагы да бар деп эсептейт.
Жаңы жылдан кийинки жумада президент өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү. Электр энергиясына тарифтер ай сайын өзгөрө турган болду.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен 2001-жана 2008-жылдары түзүлгөн жашыруун келишимдер болгонун билдирди.
Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттик бөлүштүргүч компанияларга “Электр станциялар” акционердик коому тарабынан сатыла турган электр энергиясына тарифтерди аныктады.
Конституция жана мыйзамдар боюнча күз айларында кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Венеция комиссиясынын сунуштарына ылайык, шайлоого бир жыл калганга чейин мыйзамдар өзгөртүлүп бүтүп, “оюн эрежели” аныкталууга тийиш.
Жаңы жылдын алдында Ош шаарына газ берилип, түштүк борбордун тургундарына күтүүсүз белек жасалды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялап, айрым белгисиз маалыматтарды ачыктады.
2014-жыл Кыргызстан экономикасында өсүштүн басаңдоо жылы болду. Ошондой эле улуттук валюта сомдун курсун кармоо үчүн жыл аягына чейин тынымсыз күрөш жүрдү.
Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 пайызын ала турган болду. Бул республиканын Бажы кызматы буга чейин топтоп келген бажы төлөмдөрүн жаба алабы?
Узап бараткан жумада Кыргызстан Бажы биримдигине кошулду. Башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кете турганы маалымат каражаттарына чыгып, аны жума соңунда президент жокко чыгарды.
2014-жылдын соңунда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Күтүлгөндөй эле КСДП фракциясы кээ бир кадрларын кызматтан бошотуп, жаңыларын дайындады.
Коалициялык күчтөрдүн 2015-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгаруу планы бул өлкөнүн кошуналарын чочулатууда.
23-декабрда Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлду. Эми ал келишим Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.
23-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул максатта президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз делегациясы 22-декабрда Москвага жөнөп кетти.
Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнө сапар менен барды. Кумтөр боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр уланды. Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин экинчи окууда кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабияга сапарында Кыргызстан аркылуу өтө турган Кытай-Иран темир жолу тууралуу билдирүү жасады.
Жогорку Кеңештен келерки жылдын бюджети каралууда. Кыргызстандын эң башкы өнөктөшү Орусия келерки жылы рецессияга батаарын билдирип жатса, Кыргызстан өкмөтү 6.2% өсүшкө жетебиз деп, оптимисттик көз караштан тайбай турат.
Дагы жүктөңүз