Импорттон толук көз каранды болгон мамлекетте чет өлкөлүк валютанын кымбатташы баалардын, инфляциянын өсүшүнө алып келет деп чочулап жаткан шартта министрдин көңүлүн жайгарган кандай жагдай болду экен?
Кыргызстандын бюджети жыл сайын миллиарддаган сом тартыштык менен кабыл алынат. Аны кайсы бир бөлүгү сырттан алынган грант жана насыя түрүндөгү жардамдар менен жабылат.
Ольга Лаврованын айтымында, сомдун күчүнүн кетүүсүнөн көп чочулоонун кажети жок. Анткени грант жана жардамдар доллар түрүндө келгендиктен, демек аларды сомго айлантканда көлөмү көп болот.
Министр Лаврованын бул көз карашы жана позициясы анын өтө кууш кызыкчылыкты көздөгөнүн көрсөтөт. Анткени экспорту импорттон дээрлик төрт эсе аз, импорттон абдан көз каранды болгон Кыргызстандай өлкөдө валютанын кымбатташы товарлардын кымбатташына, демек инфляциянын өсүшүнө алып келет. Мындай жараяндар жалпы жарандардын кирешесин азайтат.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылдын он айында Кыргызстандын экспорту 1 млрд. 264 млн. долларды түзсө, импорту 4 млрд. 544 млн. долларга жеткен. Демек тескери сальдо дээрлик төрт эсеге жакын.
Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев экспорту күчтүү өлкө үчүн улуттук валютанын күчүнүн кетүүсү кайсы бир деңгээлде пайдалуу дейт. Бирок Кыргызстандыкындай шартта ал жалпы калктын жакырлануусун күчөтөт дейт:
- Биринчиден, бизде бюджеттик кызматкерлер, бюджеттен көз карандылар көп. Алардын баарынын айлыгы сом менен берилет. Сом канчалык арзандаса, алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү ошончо кыскарат. Демек алар ушул айларда жакырчылыкка жакындап, артка кетишет.
Эмил Үмөталиев элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн кыскарышы менен кызмат көрсөтүү, өндүрүш тармагы да жабыркашын эскертет. Анткени алардын товарлары сатылбай, кызмат көрсөтүү кыскарат. Натыйжада баары жабыркайт.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев министр Ольга Лаврованын сөзү туура эмес деп, сомдун күчүнүн кетүүсү менен келип жаткан зыяндарды эсепке алды:
- Сомдун түшүп кеткенинин таасири жаман. Эгерде биз бюджетти 53 сомдон кабыл алсак, бүгүн бир доллар 60 сом болуп жаткандан кийин мунун баары бизге абдан чоң проблемаларды жаратат. Курс менен эсептегенде тартыштык көбөйүп баратат. Экинчиден, сом түшүп кеткендиктен айлыктарыбыздын күчү кетүүдө. Товарлар кымбаттап, сомдун баркы кетүүдө. Үчүнчүдөн, импорт бизде көп болгондуктан доллар сырт жакка агып чыгып кетүүдө. Ошондуктан бизге тескери таасири абдан эле чоң.
Каржы министри сомдун курсунун төмөндөөсүнөн оң нерселерди көрүп жаткан менен Улуттук банк сомдун курсун сактап калуу үчүн тынымсыз интервенцияларды жасоодо. Январь айынын ичинде эле Улуттук банк 50 млн. долларга жакын интервенция жасады. 13-январда жасалган 37 млн. доллар интервенция 61 сомдон ашып бараткан долларды биз аз ооздуктап, 14-январда бир доллар акча алмаштыруу жайларында 60 сом 50 тыйынга сатылып калды.
Бирок дүйнөлүк базарда мунайга баанын арзандашы менен кошо куну качып бараткан орус рубли кыргыз сомун да сазга тарта беришин эксперттер эскертишүүдө.