Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдында алган милдеттери өзгөрөт. Бул каршылыкты жаратып, Бишкектин айыпка жыгылуусу мүмкүн экени айтылууда.
Узап бараткан жумада “Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир бол” партиялары биригерин жарыялашты. Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Өкмөт электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтерди бекитти.
Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча акыркы чечимдерди кабыл алуунун үстүндө иштеп жатат.
Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка жаңы тарифтерди бекитти. Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Кыргызстан жарандары электр энергиясы жана жылуулукка канчадан төлөй баштайт?
Кыргызстан менен Орусия Өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол койду. Фондго биринчи каражат декабрь айында түшө башташ керек.
Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетикасы жана ал жааттагы кризистери боюнча да окшош келет. Эки өлкө тең абалдан биротоло чыгуу үчүн жаңы курула турган ири ГЭСтерге үмүт артууда.
Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоого параллелдүү даярдыктар көрүлүүдө. Шайлоочулардын тизмесин түзүү милдетин Мамлекеттик каттоо кызматына тапшыруу чечими кабыл алынды.
Узап бараткан аптада Кыргызстанга Жорж Соростун келиши геосаясий күрөштүн күчөгөнүн көрсөттү. Кыргызстандагы энергетикалык кризистин чыгымдары мамлекеттин моюнуна илинүүдө.
Кыргызстан менен Европа биримдиги Кызматташуу боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Демократиялык принциптерди өнүктүрүү жана ЕБ тарабынан көрсөтүлө турган финансылык жардам жарыяланды.
Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Анда өсүш боюнча бир топ жогору сандар коюлуп, тартыштык төмөнүрөөк көрсөтүлгөн. Бирок жалпы эле келерки жылдын бюджети азыркы абалында формалдуу экени айтылууда.
Узап бараткан аптада Казакстандан алына турган электр энергиянын баасы боюнча эки ача пикирлер чыкты. “Ата Мекен” менен КСДПнын тирешүүсү кадрдык деңгээлге жетти.
Кыргызстандын тышкы карызы ылдам өсүп, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган чекке жетип калганы кабарланды.
Кыргызстанда экономикалык абал оорлошконун өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мойнуна алды.
Орусия менен Батыштын тирешүүсүнүн натыйжасында Жамааттык коопсуздук келишими уюму НАТО менен диалогду токтоторун жарыялады.
Узап бараткан жумада өкмөттүн аппаратынын жогорку даражалуу кызматкери тыңчылык боюнча кармалды.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга бир күндүк сапар менен кетти.
3-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы жактырылды.
“Ак-Кеме” мейманканасы менен өкмөттүн ортосунда соттук териштирүү жүрүп жатат.
Узап бараткан жумада президенттин төрагалыгы менен өткөн Улуттук кеңештин жыйынында шайлоо системасын реформалоо талкууланды.
Кыргыз валютасы доллар жана еврого карата күчүн тынымсыз жоготуп баратат. Бүгүнкү күндө бир доллардын баасы 58 сомго чыкты.
Дагы жүктөңүз