18-августа Бишкекте төрт партия курултайын өткөрүп, шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин бекитти. Борбордук шайлоо комиссиясына тизмелерди тапшыруу күнү дагы эки партия курултайын өткөрүүгө камданышууда.
17-августа КСДП курултайын өткөрүп, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Шайлоо алдында дагы бир нече партиянын курултай өткөрүүсү белгиленген.
Саясий партиялардын акчалары алардын максаттары канчалык реалдуу экенин көрсөтө баштады. Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери ачылды.
Сарпашев: Шайлоону кынтыксыз уюштуруу жоопкерчилиги мойнубузда
Кытай валютасынын акыркы кезде арзандашы Кыргызстанга таасирин тийгизбейби?Кыргызстан Кытайдын тышкы соодадагы мыкты өнөктөшү.
Бүгүн, 11-августта Жети-Өгүз районунда 1916-жылдагы Үркүнгө байланыштуу курултай өтөт.
Президенттин жакынкы жан-жөкөрлөрүнүн аброюна шек келтирген маалыматтар көбөйдү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Бирок Казакстан менен чек ара ачыла элек. Кыргыз бийлик өкүлдөрү чек ара ачылганда деле айыл чарба продукциялары шыр өтпөсүн эскертүүдө.
Кыргызстанда 4-октябрга парламенттик шайлоо белгиленген. Ага 34 партия шайлоого катышуу ниетин билдиришти. 20-августка чейин партиялар тизмелерин тактап, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.
Кыргызстанда ондогон алтын кендер бар. Алардын 95% ашууну кен иштетүүчүлөргө берилген.
Узап бараткан аптада коррупциялык жаңжалга байланыштуу Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев убактылуу кызматынан четтетилди.
1916-жылдагы үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу жана апааттуу мезгилдердин бири.
Кыргызстан ШКУнун Өнүктүрүү банкын тезирээк ачууну жактады. Орусия аны Евразия экономикалык банкына атаандаш катары карап, банктын ачылышына жол бербей келатат.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Орусия келишим түзгөн. Андан бери бир канча жыл өтсө да ГЭСтин курулушунан кабар жок.
30-июнда үч жылдан кем эмес мөөнөткө тыюу салынган кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруунун жол-жоболору талкууланган. "Азаттыктын" айрым суроолоруна Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жооп берди.
Узап бараткан жумада бийликтеги партиялар парламенттик шайлоо алдында атаандаштыгын күчөттү. Республиканын экономикасы алты айда өскөнү жарыяланды. Бирок эксперттер андан күмөн санашууда.
Кыргызстанда парламенттик шайлоодо бурмалоолорго жол бербеш үчүн биометрикалык маалыматтарды колдонуу чечилген.
Жылытуу мезгилине даярдык көрүү Кыргызстанда өкмөт аткара турган эң татаал милдеттердин бири. Энергетикалык кризис шартында бул милдет ого бетер оорлошуп турат.
Узап бараткан жумада Кыргыз бийлиги эки ири мыйзам долбоорунан баш тартты. Жогорку Кеңештин жайкы сессиясы соңуна чыкты. Кыргызстан саясий майданында жаңы тандем пайда болду.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин доо арызы менен Свердлов райондук соту “Вечерний Бишкек” гезитинин банктын эсебин жана унааларын камакка алды.
Дагы жүктөңүз