Бул боюнча мыйзам кабыл алынып, тийиштүү даярдыктар көрүлүүдө. Бирок топтолгон биометрикалык маалыматтардын жоголушу, алардын бирдиктүү түйүнгө бириктирип, топтоо жана сактоодогу көйгөйлөр чыгууда.
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүнө караганда, азыркы мезгилге карай 3 млн. 800 миңдей шайлоочунун 2 млн. 532 миңден ашууну биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Бул биометрикалык маалыматтарын тапшырууга тийиш болгон калктын 60-70% түзөт.
Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого 50 күн калганда шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат. Бирок шайлоочулар өздөрүнүн тизмеде бар-жоктугун добуш берүүгө он күн калганга чейин тактай беришет.
Бирок баары заманбап технологиялардын негизинде жасалат деген биометрикалык маалыматтарды топтоо системасында так эместиктер, ал эмес топтолгон маалыматтардын жоголгон учурлары чыгууда.
Маселен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган “Азаттыктын” эки кабарчысы өздөрүн текшерип көрүүнү чечкенде shailoo.srs.kg. сайтынан бирөө жөнүндө маалыматтар чыгып, экинчиси жөнүндө эч кандай маалымат табылбай койду.
Андан сырткары биометрикалык маалыматтарын тапшыргандыгы боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн ысымдарын текшере келгенде, алардын айрымдарынын маалыматтары чыкпай калууда. 7-июлда биометрикалык маалыматтарын тапшырган президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматтары сайттан табылса, биометрикага жоопкерчиликтүү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тууралуу эч кандай маалымат чыкпайт.
Мамлекеттик каттоо кызматынын кайрылуу борборунун кызматкери бул маселелерге карата мындай жооп берди:
- Маселе, базага маалыматтарды жакында эле киргизиле башташында. Ошондуктан күтө туруп, анан кайрадан текшерүү керек. Мүмкүн кээ бир маалыматтар базага киргизиле элек. Ага убакыт керек. Күтө туруш керек.
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 12 миңдей шайлоочунун биометрикалык маалыматтары жоголуп, азыркы кезде үймө-үй кыдырып, кайрадан биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жүрүүдө. Бул фактынын өзү биометрикалык маалыматтарды топтоонун ишенимдүүлүгү, коопсуздук маселелерин жаратты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков биометрикалык маалыматтардын жоголушун адам фактору жана бул системанын эми эле ишке киргизилиши менен байланыштырды:
- Биометриканы чогултууда көп киши иштеди. Бирөө жакшы иштеди, бирөө туура эмес жасап койду. Алып атканда техникалык ката кетирип, кирбей калды. Ар кандай болушу мүмкүн. Бирок башка жерлерде андай болгон жок да. Бир айылда жок болуп жатса, анда ошол жерде ката кетирген. Анда башка айылдарда андай маселе жок.
Ишенбай Кадырбеков биометрикалык маалыматтар менен шайлоону өткөрүү добуштардын жыйынтыгын бурмалоого, бюллетендерди массалык таштоолорго жол бербесин кошумчалады.
Кадырбековдун айтымында, биометрикалык маалыматтар менен айрым айыл кеңештерине шайлоо өткөрүлүп, система таза жана адилет шайлоону камсыздарын далилдеди. Бирок учурда биометрикалык маалыматтарсыз эле шайлоону өткөрө берүү боюнча бийлик тараптан кыйыр таасирлер болуп жатканын Кадырбеков кошумчалады.
Биометрикалык маалыматтар менен гана добуш берүүгө уруксат берүү адамдардын укугун бузат деген талаш-тартыш чыгууда. Бул маселе Конституциялык палатада каралып, ал Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын кызматтан кетирүү менен аяктады. Клара Сооронкулова маселе боюнча чечим чыгарылганга чейин эле биометрикалык маалыматсыз добуш берүүгө тыюу салуу Конституцияга каршы келерин билдирип койгон. Мына ушул маселе анын кызматтан алынышына негиз болуп берди.