"Жылкычы чымчык" - кыргыз коомунун тасмага айланган кризиси

"Жылкычы чымчык" тасмасы.

Режиссер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" аттуу тасмасы Париж кинофестивалында жана АКШдагы Гавайи эл аралык кинофестивалында сыйлыктарга татыды. Коомдогу бир катар курч көйгөйлөрдү баяндаган тасма тууралуу кеп кылабыз.

Тасманын "Жылкычы чымчык" деген аталышынан улам аны көрө электер адегенде канаттуу жөнүндө кино деп да ойлошу мүмкүн. Чынында фильм толук бойдон адам турмушуна арналган.

Тасма жаратуучулар өлкөнүн кооз табиятын, тоолуктардын түйшүктүү мээнетин, ошону менен катар коомдогу кайдыгерлик, адам пейили менен экологиянын бузулушу, вебкам бизнес, аборт, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган. Ал эми кол башындай жылкычы чымчык башкы каарманды кыйынчылыктарда аруу үмүткө жетелеген символ.

"Жылкычы чымчык" тасмасынан.

Кинонун кыскача сюжетине токтолсок, анда эки чоң жарыш сызык бар. Биринчиси - башкы каарман кыз Алтындын тагдыры. Тактап айтканда, дили таза тоолук кыздын ишенчээктигинен азап тартып, оор сыноолорго кабылганы чагылдырылат. Ал эми экинчи сызыкта өлкөдөгү түрдүү кен казуулардан улам эриген мөңгүлөр, түтүнгө ышталган, таштанды көйгөйү чечилбеген борбор калаа, айтор, экологиянын оор абалы көрсөтүлөт.

"Жылкычы чымчык" тасмасынан.

"Түрдүү сындар айтылышы мүмкүн"

"Жылкычы чымчыктын" сценарийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев жазып, тасмага өзү режиссерлук кылган.

Ошол эле убакта ага Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссерлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева дагы көмөктөшкөн.

Бегалы Наргозуев.

“Мектепти бүтүп эле шаарга келген бир кыздын тагдыры аркылуу бүгүнкү коомдогу кризисти, көйгөйлөрдү чагылдыралы дедик. Мунун ичинде, маселен, сүйүүгө болгон мамиле, вебкам индустриясы, экология көйгөйүнөн сырткары исламдагы түрдүү агымдар да бар. Ал эми чет өлкөдөгү фестивалдарга эмне үчүн жөнөтүп жатам? Анткени фильмди өлкөдө көрсөтсөм, тааныштар мактай бериши мүмкүн. Ошондуктан чет жактагы профессионалдар да чыныгы калыс баасын берсин дедим. Азырынча жакшы пикирлерди угуп жатам. Эми, албетте, кино дүйнөсүндө чоң жаңылык жаратып салдым деп айта албайм. Бирок мен өзүмдү биздин улуу муундагы кинорежиссерлордун жолун улантуучу катары эсептейм. Колумдан келишинче кино искусствосуна жакшы бир чыгарма жаратайын деген тилегим бар. Мына ушул себептен коммерциялык кинолорго көңүлүм тартпайт, көрбөйм дагы. Бир кезде Актан Арым Кубат коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган тасмаларды тартса, кээ бирлер "жалаң биздин жаман жагыбызды тартып, сыйлык алышат" деп сындачу. Бул өксүк комплекси бар адамдардын ою деп ойлойм. Эми "Жылкычы чымчыкка" да биздин коомдон түрдүү сын пикирлер да айтылышы мүмкүн. Мен ага көңүл бурбайм. Бул жагы адамдардын кабыл алуусуна жараша”.

"Жылкычы чымчык" тасмасынан.

Отуз жылдан кийин тасмага айланган аңгеме

Наргозуевдин айтымында, тасманын сценарийи студент кезде эле аңгеме болуп жазылыптыр. Алгачкы аталышы "Сайраке менен Сейдеке" экен.

Режиссер 1983-жылы азыркы Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктап, "Кыргызфильм" киностудиясына барып режиссердун жардамчысы болуп ишке орношкон. Кино тартууну жаш чагынан кыялданып жүргөн Наргозуев режиссер болом деп ал учурда киностудияда он жыл иштейт. Ошол жерден атактуу талант Кубатбек Жусубалиев менен таанышат. Жазуучу жаш калемгердин аңгемесин баалап, биргеликте кино тартмай болушат. Бирок киного каражат бөлүнбөй калган доор келип, Бегалы Наргозуев тасмага акча табам деп ишкерликке, кийин саясатка аралашып кетиптир. Ошентип, "Жылкычы чымчыктын" багы отуз жылдан кийин ачылыптыр.

Наргозуев алдыда дагы эки тасманын сценарийи менен иштеп жатканын, аларда да коом турмушу чагылдырылып, негизги каармандар кыздар болорун айтат.

"Жылкычы чымчык" тасмасынан.

"Коомго чакырык бар"

"Жылкычы чымчык" тасмасындагы башкы каарман Алтындын апасы Гүлнардын ролун ойногон белгилүү актриса Альбина Имашова тасмада аялдарга болгон үстөмдүк мамиленин көрсөтүлүшү коомго кагылган коңгуроо болгонун айтты:

"Акыркы кезде аялдарга карата зордук-зомбулуктар дүйнө жүзүндө көп болуп жатат. Бул көйгөйлөр "Жылкычы чымчыкта" да берилген. Мисалы, аялга болгон күйөөсүнүн ар түрдүү коркутуу-үркүтүүлөрү, үстөмдүк мамилеси, муну менен катар түйшүктүн баарын аялдарга жүктөп койгон күйөөлөрдүн да образы бар. Муну мындай жоруктар кайталана берсе, муундан-муунга өтүп, уул-кыздарыбыздын жашоосуна доо кетирет деген чакырык катары түшүнсөк да болот".

"Жылкычы чымчык" тасмасынан.

Алтындын ролун аткарган жаш актриса Мадалена Абдрахманова - чыныгы жашоодо да Альбина Имашованын кызы. Атасы Арнис Кыдырмышев да - өлкөдөгү белгилүү театр жана кино актеру. Таланттуу жуптардын тун кызы ата-энесинен таасирленип өнөргө аралаша баштаган. Театр сахнасында да кичинекей чагынан айрым спектаклдерде роль жараткан экен.

Алтындын ролун аткарган Мадалена Абдрахманова.

Мадалена жогорудагы тасма тартылган кезде эми гана 17 жашка чыккан мектеп окуучусу болгон. Имашова кызы жаш болсо да өзүнө артылган жоопкерчиликти татыктуу аткарып, биринчи тартылган киносунда баш каармандын ролун ийгиликтүү ойногонун айтып берди:

"Тасма бир жылдай тартылды. Мадалена ал кезде 11-класстын окуучусу эле. Башкы каарманды ойной турган болгондо атасы экөөбүз кино үчүн сабакты калтырып койбо, баары жетише алам десең гана тартылууга макул бол деген кеңеш бергенбиз. Анан өзүнүн каалоосу күч экен, бир учурда мектепке да, киного да, үй иштерине да жетишип жатты. Ошол эле маалда чыгармачылыктын түйшүгүн да жакшы эле тартты. Тасмага тартылган күндөрү мектепке атайын кат жолдонуп, мугалимдери да түшүнүү менен мамиле кылып, кээде сабактан бошотуп жатышты. Азыр кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатат".

"Жылкычы чымчык" тасмасынын Парижде жараткан ийгилиги.

"Жылкычы чымчык" тасмасы быйыл май айынын башында эле үч чоң эл аралык сыйлыкка татыды. Алгач АКШдагы Гавайи эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссердук дебют" номинациясын жеңип алса, бир апта өтпөй Париж эл аралык аялдар кинофестивалында "Мыкты толук метраждуу тасма" сыйлыгына ээ болду. Андан соң Канаданын Торонто шаарындагы көз карандысыз фильмдердин "Толук метраждуу көркөм фильмдер боюнча эң мыкты дебюту" сыйлыгын жеңип алды.

"Жылкычы чымчык" тасмасындагы таененин ролун актриса Жамиля Сыдыкбаева аткарган.

Көйгөйлөр жана кооз табият

Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Лайли Үкүбаева тасма кандайдыр бир деңгээлде өз максатына жетти деген ойдо:

Лайли Үкүбаева.

"Биринчиден, автор бүгүнкү күндөгү көп маселелерди синтездеп, түрдүү көйгөйлөрдү ар тараптуу чагылдырган экен. Айрыкча жаштар арасындагы социалдык-нравалык маселелерди, жоопкерчилик мамилени, кырдаалдарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып калган эгоистик сезимдердин күч алып баратканын камтып кетиптир. Ошол эле маалда кыргыздын табиятындагы жашоо үчүн күрөштүн күчтүүлүгүн, оор шартка карабай ак карлуу тоолордо топоз баккан эмгекчил адамдардын мээнетин да жакшы ачып берген. Биздин өлкөдө экология маселесинин оорлоп баратканын да кошуптур. Менимче, актерлук ансамбль да жакшы тандалган. Жамиля Сыдыкбаева тоолук байбиченин ролун аткарганы жакты. Анан оператордун ишин да жогору бааладым. Айрыкча чет элдиктерге кыргыз табиятынын кооздугун мыкты кадрлар менен көрсөткөн".

Тасманын көп бөлүгү Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө тартылган.

Үкүбаева тасманын тотемдик түшүнүктөргө байланышканын мындайча чечмеледи:

“Бир караганда жылкычы чымчыктын кинодогу окуяларга эч кандай тиешеси жоктой көрүнөт. Бирок канаттууну режиссер тасмада үмүттүн, жакшылыктын символу катары пайдаланган окшойт деп түшүндүк. Анткени элибизде илгертен тотемдик түшүнүктөр бар да. Кандайдыр бир жаныбарларга, табиятка, ыйыктыктарга ишенимин байлаган, жакшылыктарды үмүт кылышкан. Дал ушул жагынан алганда, жылкычы чымчык символикалык образ катары тандалып, тасма аталышына да куп жарашкан. Бул идея кинонун философиялык масштабын тереңдеткен".

Тотемдик түшүнүк демекчи, тасма жаратуучулар эмгегинде тоо башында кылымдап жаткан ак мөңгүнү да каармандары аркылуу Мөңгү ата деп атап, аны ыйык көрүп, андан жакшылыктарды тилегени да бар.

Тасмада башкы каарман Алтынды дайыма коштоп жүргөн жылкычы чымчык.

Кыргызстандын борборунда жана көл өрөөнүндө тартылган "Жылкычы чымчык" тасмасынын бет ачары Бишкекте былтыр 15-декабрда өткөн. Буга чейин тасма Ницца, Мадрид жана Амстердам шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалдарга катышууга чакыруу алган.

Тасма "Ак илбирс - 2024" улуттук кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинди. Сыйлык тапшыруу 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот.