Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:18

Бейшеналиев: Атамды уят кылбаш үчүн жоопкерчилик алдым


Азиз Бейшеналиев.
Азиз Бейшеналиев.

Киноактёр Азиз Бейшеналиев белгилүү киноактёр Болот Бейшеналиевдин уулу, Бишкек шаарында төрөлүп, Ташкентте балалыгы өткөн. Алматы жана Москва шаарларында жашап, акыркы учурда кыргыз кинолоруна да тартыла баштады.

- Азиз Болотович, мен сизден дароо эле сурагым келип турганы – көпчүлүк кыргызстандыктар да ушуну билгиси келип жатат деп ойлойм – сиз Бишкекке жолдон эле бурула калдыңызбы же көпкө турасызбы? Кандайдыр бир жергиликтүү долбоорлорго да катышасызбы?

- Бул суроого жооп берүүдөн мурда, мени маекке чакырганыңыздар үчүн ыраазылык билдиргим келет. Демократия менен эркиндик жарчысы катары "Азаттык" көп жылдан бери адам укуктарын коргоп келет, бул аракетин өзгөчө баалайм. Ачыгын айтсам, мени тез-тез эле маектешүүгө чакырып турушат. Ошондо "бул эмне болгон ЖМК, мага кайрылып жаткан кандай журналист, өзү ким, мени менен эмне тууралуу сүйлөшкүсү келет?" деген суроолор пайда болбойт койбойт. Мен үчүн мунун баары чоң мааниге ээ. Анткени өзүңдүн сөзүң, иш-аракетиң, жүрүм-турумуң үчүн (айрыкча маалымат мейкиндигинде) жоопкерчиликтүү болуу – өтө орчундуу маселе. Сизден чакыруу алганымда менде жогорудагыдай суроолор пайда болгон жок. Себеби, мен үчүн сиздердин радиоңуздун кадыр-баркы өтө жогору жана талашсыз.

- Ошентип, сиз Бишкекте көпкө болосузбу?

- Жок, мен документтерге байланышкан чукул иштер менен келдим. Ал эми жергиликтүү кино долбоорлор тууралуу айтсам, бул жыл мен үчүн өтө жагымдуу жана жемиштүү болду. Негизи кино тармагында 1996-жылдан бери иштеп келем, 27 жыл болуп калды. Быйыл Кыргызстанда төрт киного тартылдым. Буга чейин жердештеримдин эки тасмасына чакырылгам. Биринчиси - 2006-жылы тартылган "Бейиш куштары" аттуу тасма. Бишкектин эки кинотеатрында ийгиликтүү коюлду. Тилекке каршы, мен азыр ошол картинанын тасмасын таппай жатам. Сценарийдин авторлору таланттуу сүрөтчү жана жаркын инсан Талгат Асранкулов менен алматылык сценарист Газиз Насыров болчу. Ал бюджети аз болсо да өтө кызыктуу, көркөм, артхаустук фильм эле. Буга чейинки кино тармагындагы менин экинчи тажрыйбам ошол кездеги жаш режиссёр Чыңгыз Айтбаевдин дебюттук "Бейиш – 604" тасмасы болду. Жаңылбасам, биз аны 2015-жылы тарттык. Бул дагы болор-болбос каражатка тартылган, бирок көркөмдүк жактан кыйла жетик иштелген автордук чыгарма болчу. Аны Индияда, Гоада тарткан элек. Ажайып окуя баяндалган мыкты сценарийдин негизинде тартылганы менен, тилекке каршы, ал коюлбай калды.

Мен өнөр адам катары да, жаран катары да өз кино тармагыбызды өнүктүрүүгө катыша албаганым үчүн санааркап жүрдүм эле. Кудай буюруп, мына быйыл удаасы менен үч долбоорго катыштым.

- Сиз үчүн сценарийлер кызыксызбы же кандайдыр бир майда-барат долбоорлор болгондуктан сизди чакыруудан тартынышабы?

- Билесизби, сценарий маселеси жана шарттары жагабы же жакпайбы – бул экинчи катардагы маселе. Эң башкысы, сизди чакырышканы.

- Эгерде сизди тарыхый тасмага тартылууга чакырышса, кайсы тарыхый каармандын ролун аткаргыңыз келет?

- Чынында мен кайсынысы болсо да аткармакмын. Албетте, сценарийди окугандан кийин жагар-жакпасы тууралуу ойлонуп каласың. Сиздин сурооңузга жооп берип жатып бир нерсени айтып өтпөсөм болбойт. Жакында, 7-ноябрда Бишкекте орус тарыхчысы Виктор Козодойдун "Сибирь кыргыздарынын беги – Эренек" деген китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болду. Ага мен дагы чакырылган элем. Бул үчүн авторго үлкөн алкыш айтам. Тилекке каршы, башка зарыл жумуштар чыгып, катыша албадым. Буга азыр да өкүнөм.

Мага бет ачардын видеосун жиберишти. Анда Виктор Козодой эгерде качандыр бир кезде бул китеп боюнча кино тартыла турган болсо, Эренектин ролун мага ылайык көрөрүн айтыптыр. Бул мени абдан шыктандырат. Ушул бүгүн эле, сиз менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин (бул ирет мен болгону бир гана күнгө келдим) китеп дүкөнгө барып, аталган китепти сатып алам. Анткени мен аны окубасам болбойт.

- Сөзүбүздү улайлы. Бир нече өлкөдө иштейсиз, ошондуктан сиз үчүн салыштыруу жеңил болот деп ойлойм. Учурдагы кыргыз киносу өнүгүп жатабы же дымып калганбы? Кыргыз киносу жөнүндө сөз кылышканда "кыргыз кереметин" эске түшүрүшөт. Ал кезде таалим-тарбиясы бар, жогорку деңгээлдеги сапаттуу тасмалар тартылчу эле дешет. Чын эле ошондойбу?

– "Улуу советтик кинематограф, ажайып советтик тасмалар бар эле, тиги одоно, уятсыз коммерциялык Голливуд анын бучкагына тең келбейт" дегендерди көп угам. Мен буга кошулбайм. Ырас, биз советтик доордо жана советтик киностудияларда тартылган ондогон тасмаларды азыр да зор эргүү менен көрөбүз. Бирок биз картиналардын жалпы саны өтө көп болгондугун унутуп калабыз. Ал эми ошол тасмалардын басымдуу бөлүгү акча үчүн, киноиндустрияда иштеген кишилердин жан багышы үчүн гана тартылып турган.

Эптеп-септеп тартылган тасмалар оголе көп болгон. Биздин эсибизде калган шедеврлер, жумшак айтканда, жалпы кинонун үчтөн бирин да түзбөйт.

Ал эми кыргыз кино өнөрүнө келсек, "кыргыз керемети" дүйнөлүк кинодогу өзгөчө көрүнүш болгону анык. Биз бул үчүн Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров ж.б.у.с. инсандарга милдеттүүбүз. Мен жалаң режиссёрлор тууралуу гана айтып жатам. Дүйнөлүк деңгээлдеги актёрлор, актрисалар да болгонун унутпайлы.

1991-жылы Советтер Союзу өз жашоосун токтоткондо бул татынакай киноиндустрия, кино өнөрү андан ары жашап кете алган жок. Биринчиден, кино – адамдын колу жараткан искусствонун бардык түрлөрүнүн ичинен эң жашы. Экинчиден, ал искусствонун эң татаал жана кымбат түрү. Анткени ал адамзат буга чейин ойлоп тапкан өнөрдүн баарын – адабият, архитектура, драматургия, фотография, живопись, музыка ж.б.у.с. – өзүнө жуурулуштурат. Бул өтө кымбат бааланат, ички түзүлүшү да өтө татаал. Логистикасы да абдан оор. Өтө көп каражат талап кылынат, шык-жөндөмдүү, билерман, даярдыгы, тажрыйбасы мыкты кесипкөй кишилер керек. 1991-жылдан кийин улуттук кино өнөрүнүн жашап калышы үчүн эӊ зарыл шарт болбогондугу түшүнүктүү. Тилекке каршы, мындай кырдаал өтө узакка созулду. Кудайга шүгүр, кийинки жылдары абал оңолгонун көрүп кубанып жатам. Мурда Бишкекке бир келгенимде шаардагы кайсы бир соода борборунун жанынан өтүп баратып, имараттын бир капталын бүт ээлеген улуттук тасмалардын жарнамасын көрүп абдан сүйүнгөм. Өзүмдү бактылуу сезген болчумун.

Албетте, кимдир бирөөлөр аларды түккө турбаган, сандырак комедиялар деп айтышы мүмкүн. Алардын айтканында жүйө бар. Бирок мен аларга: "Жигиттер, атактуу Голливуд ошол сандырак тасмалардын жардамы менен курулган" деп айтаар элем. 20-30-жылдардагы экономикалык депрессия заманында кино эки долларга тартылып, беш долларга сатылып турган. Жок дегенде 1,5 саат тиричиликтин ташпишин унуткусу келген кишилер маанайын көтөрүү үчүн киного барып, болор-болбос тыйын төлөшкөн. Ошол болор-болбос тыйындар топтолуп отуруп миллионго айланган жана жыйынтыгында Голливуд түптөлгөн. Мен кино өндүрүшүн эмес, дүйнөлүк маданий көрүнүштү айтып жатам. Кыргызстан учурда мына ошол даңазалуу жолго бет алды деп үмүттөнөм. Анткени жанрдык кино эртеби-кечпи терең маанилүү психологиялык, социалдык, фестивалдык кинематографка алып келет.

Айтмакчы, Кыргызстандын фестивалдык киносунун тарыхы эч качан үзгүлтүккө учураган жок. 90-жылдары жашоонун оордугуна карабай Актан Арым Кубат өзүнүн мыкты тасмаларын тарткан. Мен үчүн ал улуттук кино өнөрүнүн бүт жоопкерчилигин жалгыз көтөргөн алпты элестетет. Буюрса, мына эми кайраттуу, дымактуу жаш киночулар анын жолун жолдоп жатат. Алардын кинолору чыгып жатат, сериалдары чыгып жатат. Мен катышып калган акыркы тасмалардын бири “Черный двор” өтө көп уу-дуу жаратты жана коомчулуктун назары түшкөнү туура эле болду деп эсептейм. Ал көңүл бурууга татырлык тасма.

- Мен бир жерден окугандаймын же сиздин маектериңизден уктум бекен – сиз алгач сценарийди окуганда “Черный двор” тасмасына тартылгыңыз келген эмес турбайбы?

- Туура, анткени кино тарбиялык мааниге ээ болууга тийиш. Айрыкча балдар жана өспүрүмдөр үчүн. Бул куракта алар тез таасирленип, өтө сезимтал болушат. Адамдын бала кезде алган таасири өмүр бою сакталып, дүйнө таанымына да из калтырат. Арийне, кишини кино эле эмес, мектеп, үй-бүлө тарбиялайт. Көчө, бардык көрүнүшү менен коом да тарбиялайт. Бирок кино алдыңкы орунда турат. Ошондуктан сценарийди окуй баштаганымда, мага жаккан жок. Анткени мен сценарийден, буга чейин бир канча жолу айткандай, өспүрүмдөр үчүн кылмышты романтикалаган окуяларды көрдүм. Бирок мен биротоло баш тартуудан мурда, сценарийди аягына чейин окуп чыгууну чечтим. Бул дал ошол "эркектер дүйнөсү" деп аталган нерсени романтикага айлантуунун аягы эмне менен бүтөрү тууралуу баян экен. Башкача айтканда, сценарийде андай жолго баргандарды кандай кырсык, түз эле айтканда, өлүм күтүп турары айтылат. Чынында, мен бул тасмага тартылганыма өтө ыраазымын жана биздин киночулар тобу ушундай жакшы ийгиликке жетишип, коомчулуктун көңүлүн бура алганы үчүн кубанам.

– Сиз сентябрь айында "Пери" деген жаңы тасмага тартылдыңыз. Ал тасмада да аялдарга карата зордук-зомбулук, турмушка бут тосуп жаткан эски ырым-жырымдарды айыптоо сыяктуу орчундуу темалар чагылдырылган. Мен өз кейипкерлериңиз аркылуу өзүңүздүн кандайдыр бир жарандык турумуңузду айткыңыз келгенин көп байкайм. Тактап айтканда, коомду өзгөрткүңүз келет. Мындай максатыңыз ар бир тасмада эле ишке ашабы жана аталган сценарий сизди эмнеси менен кызыктырды?

– Билесизби, мен журналист, жарандык активист же укук коргоочу эмесмин, мен актёрмун. Андыктан бул теманы ийне-жибине чейин билем деп айта албайм. Бирок мен ар кандай адамдай, жарандай же коомдун мүчөсүндөй эле көп учурда мыйзам менен адилеттүүлүк дал келбегендигин, биз боло берет деп эсептеген нерселер коомдун күчтүү бөлүгүнө ылайыкталып жатканын көрүп жатам. Акча маселесинде да, кишилердин социалдык абалы боюнча жана канчалык жупуну угулбасын, кара күч жагынан да. Биз көнүп калган салттар менен жөрөлгөлөр көбүнесе эркектерге ыңгайлаштырылган. Дал мына ушул күчтүүнүн күнү тууган акыйкатсыздык биздин мыйзамдарда көп чагылдырылган жана коомдо көнүмүшкө айланган. Биздин коомдо күч-кубат жактан алсыз адамдар – аялдар, балдар, майыптыгы барлардын абалы мени санааркатат. Биз балдарды сүйүш керек, аларга кам көрүш керек деп көп айтабыз, бирок балдарды да сыйлоо керектигин эч ким ойлобойт. Ошондуктан биз жакшы көрүп же кам көрүмүш болгонубуз – бул көбүнчө балдарга карата зордук-зомбулук.

– Көзөмөл, басым-кысым деңизчи…

– Кеп көзөмөлдө эле эмес, күн сайын баланы тамактандырганда деле ушундай. "Ушуну жемейинче турбайсың!" деп мажбурлайбыз. Түшүнсөң, ал курсагы ток, жей албайт! Нан кошуп же дейбиз. Ага анча нандын кереги жок! Бул сандырактай угулат, бирок мени эшитип жаткан киши өзү добуш берүүгө укугу жок болгон кырдаалды элестетип көрсүнчү. Сен эмне жакшыраак экенин билбейсиң, биз билебиз, биз айткандай кыласың дешсе, ар кандай эле киши нааразы болот деп ойлойм. Балдар анте албайт, анткени алардын өз чындыгын коргой турган тажрыйбасы жок. Аларга дайыма сеники туура эмес деп айтышат. Ошондуктан биздин коом кичинекейлерге карата зордук-зомбулук менен мамиле кылууга көнгөн.

– Эми ушул маселе тууралуу сүйлөшөлү. Сиз кандай атасыз? Сиз балаңызды бир топко чейин өзүңүз тарбиялап келгениңиз жөнүндө окудум. Анын шарапаты мен сиз Алматыга көчүп барыпсыз. Эң башкысы, ата-бала ортосундагы ынак мамилени түзүүгө кантип жетиштиңиздер? Сиздей кесиптеги кишилердин убактысы аз болот эмеспи, деги мунун баарына кантип үлгүрөсүз?

– Мен кандай ата экеним тууралуу уулум отуз жаштарга чыгып калганда өзүнөн сураса туура болот деп ойлойм. Албетте, биз баарыбыз балдарыбыз үчүн жакшы ата-эне болгубуз келет. Кимдир бирөө бул жөнүндө көбүрөөк ойлонсо, башка бирөөлөр азыраак ойлойт. Негизи өз балдарыбыз үчүн бизден бөлөк дагы ким жакшы болушу мүмкүн? Тилекке каршы, дайым эле мындай боло бербейт. Эгерде андай болгондо, чоң кишилердин дээрлик баары бала кезден рухий жактан өксүп калмак эмес.

– Анын актёр болгусу келгенин сиз макул көрөсүзбү?

– Уулум кичине кезинде эле мен ага: «Келечекте ким болбогун, мен сени колдойм, сенин тандооң мага жагабы же жакпайбы деген суроо – бул эң акыркы маселе. Анткени бул сенин жашооң. Сага буйрук берип, өзүмдүкүн таңуулабайм, себеби кийин мен сен үчүн жашабаймын», – деп айткам.

– Сиздин балалыгыңыз кыйын болгондугун билебиз…

– Кимдин балалыгы оңой болгон дейсиз…

– Ооба, кыйынчылык заман эле… Угушума караганда, сиз 19 жашыңызда үйдөн Орусияга кетүүнү чечкен экенсиз. Үйдө басым-кысым болдубу же өспүрүм курактын буркан-шаркан түшүп турган деми таасир эттиби?

– Үй-бүлөдө да, жеке мамиледе да баары ойдогудай эле деп айта албайм. Ошондой жагдайда капилет бир кишилер пайда болуп, сен бизденсиң, сен бизге жакынсың дешсе, албетте, азгырыласың. 90-жылдардын башталышы болчу. Ал кезде «Ак туугандар», дагы башка ушуга окшогондор көп эле. Мен кошулган топ йога менен алектенген өзүнчө бир хиппи болучу. Ташкенттен келишкен экен. Мен дээрлик баарын таштап ошолор менен кеттим. Алар менен бир жылдай жүрдүм. Үйдөн кеткен ошол саякатымда мен турмушту көрдүм, кагылып-согулдум. Эч кимдин колдоосу жок өзүм нан таап жеп, өзүмө өзүм дем бере баштаган күндөн тартып өсүп-жетиле баштадым. Мен өз өмүр таржымалымдын бул үзүмү үчүн эч өкүнбөймүн.

– Белгилүү болгондой, сиз дал ошол 19 жашыңызда атаңыз менен мамиле түзө баштапсыз. Атаңыздын актёр катары атагы сиздин аны менен чогуу тартылган биринчи тасмаңыз «Улуу Амир Темирдеги» ишиңизге жардам бердиби?

– Жок. Биринчиден, ал кезде атамдын атак-даңкы, анын кесиби мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес эле. Азыр интернеттен каалаган кинону көрүп, таасирленсең болот. Ал кезде мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Советтик доордо телевизордун экранынан эмнени көрсөтүшсө, ошону гана көрчүбүз. Мен атамды жыл сайын эле көрө берчү эмесмин.

Мен аны менен жакын таанышып, адам катары, ата катары баарлашканым мага жардам бербей, тескерисинче, менин жоопкерчилигимди арттырды. Мендей кайсы бир жаш актёр өз ишинде алешемдик кетирсе, эчтеке эмес, а мен «эмне, атаңды уят кыласыңбы?!» деп, өзүмө андайга жол бере албайт элем. Албетте, бул мен үчүн жоопкерчиликтин кошумча жүгү менен бирге түрткү да болду. Себеби канчалык көп аракеттенсең, ошончолук көп тажрыйбага ээ болосуң, ошончолук чеберчилигиң артат.

– Сиз азыр атаңыз тартылган тасмаларды көрөсүзбү? Ал кинодо да, чыныгы турмушта да бирдей адам беле?

– Жок, мен ал тартылган тасмаларды издеп көрөм деп айта албайм. Ал мен үчүн биринчи кезекте актёр эмес, ата болчу. Биз тек ата-бала катары баарлашчубуз, мен үчүн мына ушунусу маанилүү эле. Ал эми анын экрандагы бейнеси чыныгы турмуштагысынан канчалык айырмаланар эле деген суроого келсек… билбейм.

– Сиз өтө көп тасмага тартылыпсыз, тизмеңиз жүздөн ашат экен. Жыл сайын эки-үч долбоорго катышууга үлгүрөт турбайсызбы. Режиссёрлордун бардык эле сунуштарын кабыл ала бересизби же долбоорлорду тандоодо кандайдыр бир принцибиңиз барбы?

– Албетте, принцибим бар. Бирок дайым эле аны кармана албайсың. Кээде акча табуу зарыл болуп калат. Ал эми менде тандоо болгондо, албетте, аны колдонууга аракет кылам.

– Жоочу (боевик), криминал сыяктуу бир жанрда көпкө иштеген тажрыйбалуу актёрдун мындай образдан, мындай жанрдан чыгышы кыйынбы? Кийин сени комедияларга, романтикалык мелодрамаларга чакырышына кантип жетишсе болот? Дегеле бул татаалбы?

– Башкаларды билбейм, мен үчүн татаал. Анткени актёрдун кесипкөйлүк шык-жөндөмүнүн чегинде ал үчүн оңойго турган, табигый түрдө аткарылуучу иш-аракеттер болот. Кээ бир нерселер кыйыныраак болгондуктан, анча мыкты чыкпай калат.

– Режиссёрлор да көнүп калган деңиз…

– Ооба, режиссёрлор менен продюсерлер да тобокелге баргысы келбейт. Маселен, Казакстанда менин жакшы санаалашым, жакшы кесиптешим бар. Аны комедиялык маскарапоз катары кабыл алып көнүп калышкан. Биз баарлашып турабыз. Ырас, куудулдук жөндөмү бар экени анык. Бирок анын негизги актёрдук шыгы бөлөктө. Эгерде кимдир бирөө тобокел кылып, олуттуу психологиялык драмага чакырса, анын чыныгы таланты ачылмак. Бирок продюсерлер тобокелге баргысы келбейт. Аларды да түшүнсө болот, анткени өз атына, аброюна жамынып алган акчасын тобокелге салып жатат, кийин ошол акчасын кайтарып бериши керек.

– Эгерде сизди комедиялык тасмада ойногонго чакырышса, эмне кылар элеңиз?

– Эч нерсе кылмак эмесмин. Бул жөнүндө мурда да бир нече жолу айткам. Актёрдук кесиптин бир кемчилиги – ал колуктуга окшош. Биздин коомдо көнүмүш болгондой, эркек өзүнө колукту, аял тандайт. Байкуш кыз мага ким көңүл бурат экен, мага ким үйлөнөт экен деп күтөт. Актёрдун кесиби дал ушундай. Мени чакырар бекен же жокпу деп, ал дагы күткөнү-күткөн. Кайда чакырышары да ар бир жолкуда өзүнчө суроо.

– Өмүр баяныңызга саресеп салсак, сиз өзүңүздү тез-тез сынап турат экенсиз. Сиз Москвада италия жынсыларын жеткирип берүү иши менен да алектенген экенсиз. Ошол жерден да сизди таап алышкан турбайбы. Бул тагдырбы же тек жолдуулукпу?

– Бул сыноо эмес эле, буга чейин көп жолу кеп кылганымдай, бул чоң шаардагы (биз үчүн эми бөтөн өлкөдөгү) кадимки эле мигранттын турмушу болчу. Нан табыш, үй-бүлө багыш үчүн мен туш келген жерде иштеп жүрдүм. Ал эми москвалык киночулардын мени таап, тасмага тартылууга чакырганы, албетте, бул ошондо жолумдун ачык болгону. Бул үчүн мен эч нерсе кылганым жок. Алар өздөрү мени издеп таап, өздөрү чакырышты. Ошол күндөн тартып мен ушул кесипте жигердүү иштей баштадым.

– Сизди коомчулукка тааныткан тасмаларыңыздын бири – "Мустафа Чокай". Казакстандын маалымат каражаттарында башкы ролду эмне үчүн кыргызга беришти дегендерин окуп калдым. Тасма тартылып жаткан учурда же андан кийин кандайдыр бир бут тосуулар, жагымсыз кеп-сөздөр болдубу?

– Андай кеп-сөздөрдү мен эмес, тасманын режиссёру Сатыбалды Нарымбетов тасма тартылганга чейин көп уккан. Ал кишини мен кесибимдеги эле эмес, өмүрүмдөгү да устатым деп эсептейм. Менин казак киносуна аралашуума анын салымы чоң. Башкы ролдогу актёрду алмаштырбасаӊ, бул мүмкүнчүлүктөн кол жууп калышыӊ мүмкүн деп катуу эскертишкен. Бирок ал «актёрду алмаштырчу болсоңор, мени да алмаштыргыла!» деп болбой койгон. "Эгерде бул тасманы тартуу укугун мага берсеңер, мен өзүм каалагандай жана өзүм тандаган актёр менен иштейм" деп бекем турган.

Жок, кеп менин актёрдук мыкты чеберчилигимде эмес эле. Ал менин менен ачык сүйлөшчү. Ал аталган ролго мен эле татыктуумун деп ойлобо деп бетиме айтчу. Бирок «режиссёр катары, сүрөткер катары мен бул ролду мурдагы ролдорун элдин эсине салбаган жаңы актёр аткарышын каалайм. Анткени Мустафа Чокай жөнүндө бизде эч нерсе билишпейт, ошондуктан көрөрмандар “аа, бул артистти билебиз, аны башка ролдордо көргөнбүз” дебей, экранда жаңы жүздү көрүшү керек» деген болчу. Ал адамдар экранда өз ишин мыкты аткарган артистти эмес, кейипкердин өзүн көрүшүн каалаган эле. Ошондуктан ал мени тандады. Албетте, мен өзүмдү Казакстандагы мыкты актёрмун деп такыр эсептебейм.

– Мен ал тасманын үзүндүлөрүн көрдүм, мен сиздин талантыңызга ишендим.

– Рахмат. Татыктуу болууга аракет кылып келе жатам.

– Сиз коммерциялык долбоорлорго да катышасызбы же идеясы терең, таалим-тарбиясы бар тасмаларга гана тартыласызбы?

– Жана айтып өткөнүмдөй, актёрдун кесиби жаш колуктунун тагдыры сыяктуу, актёрдо тандоо мүмкүнчүлүгү аз болот. Мен мүмкүнчүлүккө жараша бул нерселерди айкалыштырууга аракет кылам. Жакында эле Казакстанда алматылык сценарист Tanya Pfeffer’дин идеясы боюнча жаңы тасма тартылып бүттү. Сценарийдин үстүнөн Татьяна, менин келинчегим иштеди. Мен дагы анча-мынча кол кабыш кылдым. Аталган тасманы коммерциялык кинотасмаларга (биринчи кезекте комедияга) адистешкен Tiger Films кинокомпаниясы тартты. Биздин сценарийде чөлкөмдөгү аялдардын аянычтуу абалы тууралуу баяндалат. Биз козгогон тема менен кинокомпания көргүсү келген жанрдын ортосундагы компромисстик жолду табууга умтулдук.

Кинокомпания коммерциялык тасма, б.а. комедия тарткысы келди, бирок биз тандаган тема такыр күлкүлүү эмес болчу. Биз тил табышып, сценарийди социалдык сатира жанрында жаздык. Тасма тартылып бүттү. Баары ойдогудай болот деп ишенем. Буюрса, жакында Казакстандын бардык кинотеатрларында бет ачары болот. Апрель айларында Кыргызстанда жана интернетте да көрсөтүлөт. Тасманын жумушчу аталышы – "Менин атым Кызболсун". "Менин атым Кожо" деген казактын классикалык тасмасы бар.

Биз классикалык маданияттын мындай жаңырыгы, балким, биздин коомдун чыныгы шартында жашоого укугу бар деген чечимге келдик. Кызболсун деген ысымдуу эркекти элестетсеңиз! Бул кандай шермендечилик! Бала күнүнөн баштап ата-энеси аны күтпөгөндүгүн билет. Анткени алар кыз төрөлүшүн каалашкан. Ал ата-энесинин үмүт-кыялын талкалады. Андай десек, эмне үчүн бизде Уулболсун, Уулжан, Жаңыл деген аттар кадыресе эсептелет? Аял бала чактан баштап өмүр бою ушундай ат менен жашайт, биз дагы баарыбыз муну боло берет деп ойлойбуз. Мындай болбошу керек! Келгиле, жагдайды башка өӊүттөн карайлы, ошондо биз мунун баары канчалык туура эмес, канчалык адилетсиз экендигин көрөбүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG