Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

"Жылкычы чымчык" эл аралык сынакта сыйлыкка татыды


Кыргызстандык кинорежиссер Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" тасмасы АКШдагы Гавайи эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссердук дебют" номинациясын жеңип алды.

Тасманын сценарийин Бегалы Наргозуев жазып, ага Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссерлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева дагы көмөктөшкөн.

Тасманын бет ачары Бишкекте былтыр 15-декабрда өткөн. Буга чейин "Жылкычы чымчык" Ницца, Мадрид жана Амстердам шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалдарга катышууга чакыруу алган.

"Жылкычы чымчык" - тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу тууралуу тартылып, ошону менен катар кайдыгерлик, адам пейилинин, экологиянын бузулушу, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган.

Тасма "Ак илбирс - 2023" улуттук кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинди. Сыйлык тапшыруу 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG