Акыркы жылдары кыргыз коомунда балдар чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көңүл бурула баштады. Бир катар режиссерлор балдар катышкан скетч-шоу, көркөм тасмаларды тартып, алар эл арасында жылуу кабыл алынууда.
Баш каарманды бала ойногон “Шамбала” тасмасы кыска убакытта бир катар эл сынактарда байгелүү орундарга илинди.
Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган “Шамбалада” ойногон Артур Аманалиев быйыл 11 жашта. Ал тасманы тартуу учурунда айрыкча сууга түшкөн жана ыйлаган эпизоддорду аткаруу кыйын болгонун айтып берди:
"Мен негизи мурда тасмага тартылган эмес элем. Өзүм тамак жасаганды жакшы көрөм. Ашпозчу болом го деп жүрчүмүн. Бирок киного тартылган жакты, азыр келечекте актер болууну кыялдана баштадым. Тасма тартуучулар мен окуган мектепке келип, көп баланын ичинен тандап алышты. Кара-кайра ыйлаган, сууга түшкөн учурлар кыйын болду”.
“Шамбала” тасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүковдун айтымында окуя, сюжет, стиль жагынан “Ак кеме” фильминен да, повесттин өзүнөн да бир топ айырмаланып турат. Тасманын жалпы философиясында Айтматовдун ою берилгени менен чыгармачыл топ бүгүнкү турмуштун сүртүмдөрүн чагылдырган.
Сүйүндүковдун айтымында, балдар менен иштешүү жеңил эмес, мындай учурда режиссер ар тараптуу болушу керек. Ал жаш актерду баш каарманга мүнөздүү “ички кайгыны” көрө алганы үчүн тандап алганын белгиледи:
"Бул баланы тандаганыбыздын бир себеби, менин бала чагымдагы кезиме окшошуп кетет экен. Анан мүнөзү да туура келди. Балдар менен иштегендин кыйынчылыгы да, жеңилдиги да бар. Балдар кээде чарчабай, көңүлдүү тартылса, кээде тескерисинче болуп калат. Ошондуктан кээде психолог болушуң керек, кээде мугалим болушуң керек, кээде ата-энесинин ордун толукташың керек. Балдардын потенциалы боюнча айтсам, бардык жерде эле бирдей. Баланын дымагы өзүнүн табиятынан, режиссердон анан чөйрөдөн да көз каранды”.
Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Ак кеме” тасмасын буга чейин өткөн кылымдын 70-жылдарында режиссер Болот Шамшиев тарткан. Ал баш каарман Нургазы Сыдыгалиевди “Пионерлер ордосунда” бий ийримине катышып жүргөн жеринен тапкан экен.
Момун таятасы айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазынын образын жаратуу жети жаштагы бала үчүн оңойго турган эмес. Нургазы Сыдыгалиев ошол 45 жыл мурун тартылган тасма тууралуу буларды эскерди:
“Мени тасмада ыйлата алышпай, анан апамды шаардан чакырышкан. Бир күнү эртең менен турсам эле апам жок, көрсө аларды бир-эки күнгө кайра эс алып келгиле деп атайын жөнөтүп жибериптир. Күтсөм бир-эки күн келбей коюшту. Анан ыйлактасам Болот Шамшиев мага келип: “Көрдүңбү, сен бизди укпайсың, тартыларда тоого качып кетип каласың, анан мына апаңдар да тентектигиңден таштап кетип калды. Азыр эми камерага мындан кийин андай кылбайм, сөздү угуп тартылам деп айт” деп тартып алышкан”.
Сыдыгалиев “Ак кемеден” кийин советтик режиссер Эльер Ишмухамедовдун “Биздин үмүттүн куштары” (Птицы наших надежд”) тасмасында башкы каарманды ойногон. Андан кийин Жали Сооданбектин “Процесс”, Болот Шамшиевдин “Эрте келген турналар” тасмасында эпизоддордо тартылган.
Сыдыгалиев бала чакта киного тартылуунун жаш аң-сезимге терс жагы да бар деген пикирде. Ал өзү да учурунда “жылдыз оорусуна” кабылганынын айынан көп тасмага тартылбай калганына токтолду.
“Кинодон кийин "жылдыз оорусу" менен оорудум. Анткени бул кино аябай дүңгүрөдү да. Азыр ошол кезде мага абдан чоң сыноо келген окшойт деп ойлоп калам. Анан Шамшиев да ошол себептен андан кийин тартпай эле коюуну чечкен окшойт. Себеби, фестивалдарга барып келгенден кийин эле “ооруп” калчумун. Киного тартылган баланын окуусу да калып калат экен. Менин ал кезде сабактарым да окулбай калган эле”.
Кыргыз тасмаларындагы балдар тууралуу кеп болгондо айтылуу “кыргыз керемети” деген атка конгон тасмалар, алардын ичинен “Бакайдын жайыты” эске түшөт.
1966-жылы тартылып бүтүп, кыргыз кинематографиясында барандуу ордун тапкан тасманын баш каарманы Калыкты актер Насирет Дубашев он жашында ойногон.
“Ал убакта ушундан кийин актер болуп кетем деп деле ойлогон эмесмин. Өзүм да умтулган жокмун. Убагында режиссердун тапшырмасын аткарып берип турдум. Баланын көз карашы менен болгону өзүмдүн дүйнөмдү ойнодум да. Тасмага бала чактан эрте келип, кийин тартылбай калдым деп деле кейиген жокмун. Кубанганым тестиер чагымда Мелис Убукеев, Андрон Кончаловский, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев баштаган күчтүү режиссерлор менен иштешип калдым. Алардын деңгээли такыр башка да”.
Мезгил өтүп азыр Насирет Дубашев жогоруда сөз болгон "Шамбала" тасмасында Момун чалдын ролун аткарды.
Ал эми айтылуу “Саманчынын жолу” тасмасын режиссер Геннадий Базаров 1967-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында тарткан. 24 жаштагы Базаровдун бул эмгеги анын ВГИКти бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.
Тасмада Толгонайдын үчүнчү уулу Жайнактын ролун саясат талдоочу, кийин аскер кызматкери болуп кеткен Токтогул Какчекеев аткарган.
“Тасма тартылганга чейин шаардык кесиптик техникалык окуу жайдын киномеханик бөлүмүн бүтүп, “Ала-Тоо” кинотеатрында иштеп жүргөм. Ал кезде бокс менен да машыкчумун. Бир күнү режиссер Төлөгөн Сыдыков Геннадий Базаров менен тааныштырды. Кино ал маалда керемет дүйнө эле да. Элдин баары артист, режиссер, оператор болгусу келчү. Анан режиссердун жардамчысы болуп иштөөмдү сунушташып, тасмага да тартылып калдым".
Жаштайынан көпчүлүктүн көөнүндө калган кинодо роль жараткан Какчекеев тасма тааласынан кандайча алыстап кеткенин айтып отурду. Ал "Саманчынын жолунан" кийин бир да киного тартылган эмес.
"Ошол кезде мен да режиссер болсом деген оюм бар эле. Бирок, ал кезде Москвага барып окууга өтүү татаал болчу. Анан каражат да көп кетет деген ой менен Ленинграддагы ИИМдин жогорку аскердик саясий окуусуна өтүп кеттим. Анан кинодо жүрүп эле кетип калдың дегендерге “Агасынын өлүмүн угузуп жаткан кезде, эл ыйлап турган чакта согушка качып кеткенимди билесиңер. Анан ошол бойдон аскердик кызматта калдым” деп тамашалап айтчумун. Бирок аскердик кызматка кетип калганыма өкүнбөйм, Орусия, Украинада да эмгек кылдым. Болгону 20 жаш куракта тасмага тартылган маалды эстесем, көңүлүм кыйла көтөрүлүп калат. Андагы чыгармачыл топтогу адамдардын көркөм тилде сүйлөгөнүн, бири-бирине кылган мамилесин сагынам. Бүгүн андай жок. Азыр адамдык баалуулукту баалабай, коммерциялык гана кызыкчылыкта жашагандай туюлат”.
Адистердин пикиринде, балдар киносунун негизин балдар адабияты түзөт. Режиссер Асел Жураева соңку жылдары балдарга арналган жакшы чыгармалар аз болуп жатканы үчүн да жакшы кинолордун көп тартылбай калганына себепкер экенине токтолду.
"Мисалы, “Көз айнекчен” тасмасын ушул күнгө чейин жаш-кары дебей көрөбүз. Ошондой балдардын ички дүйнөсүн, ой чабытын ачып берген тасмалар болсо жакшы болмок. Бирок ага күчтүү сценарий керек. Биз ошол жагынан аксап жатабыз. Мыкты актерлор, талантуу балдар болсо мамлекетке, коомго деле пайда да. Себеби, ошол каармандар аркылуу көрүүчүлөр ойго батмак, аларда катарсис сезимдер ойгонуп, жан дүйнөсү агармак. Жаш муундар ошол каармандарга шыктанмак. Жашоосунда туура жолду табууга умтулмак. Негизи эле балдар киносун өнүктүрүү үчүн колдоо керек. Мамлекеттин эле колдоосу эмес, ата-эненин колдоосу да маанилүү".
Анткен менен Асел Жураева балдар тартылган тасмалар өнүкпөй калды дегенге макул эмес. Ал балдардын образы көркөм тасмаларда жакшы ачылбай жатканы менен даректүү тасмалар аркылуу берилип жатканын кошумчалады.
"Кино чөйрөсүндө сенин тасмаңда балдар менен жаныбарлар ойносо, кошумча мүнөттөр берилет. Киностудиянын ошондой жобосу бар да. Анткени балдар менен жаныбарларды тартуу абдан татаал. Бирок мен Кыргызстанда балдар катышкан тасмалар аз деген ойлорго кошулбайм. Балдар кыска метраждуу тасмаларда ойноп жатат. Мисалы, режиссер Караш Жанышов дипломдук ишинде балдар үйүндөгү балдарды тарткан. 15 мүнөт ичинде көп образды ачып берген. Мээрим Догдурбекованын “Бакыт” деген тасмасынын баш каарманы да бала. Мына “Шамбала” тасмасын алалы, эл аралык фестивалдарга катышып жатат. Жакында эле режиссер Руслан Акун окуучулар тууралуу сериал тартканы айтылып жатат. Мен көрө элекмин. Мындайнан алганда көп эле. Башта айткандай балдар менен иштөө татаал. Ошол себептүү айрым режиссерлор бул теманы тандап алгандан коркушу да мүмкүн".
Кийинки жылдары балдар тууралуу тартылган тасмалардын бири “Айыл кэмп”. Бул тасмада бир топ жаш балдар менен иштеп, башка каармандын ролун аткарган Эркин Нурбаев буларды кеп кылды.
“Кыргызстанда негизи балдар үчүн кино аз. Дүйнөдө балдардын аң-сезимине жакшы таасирлерди берүү жаатында иштер жасалып жатат. Биз да жакшы тарбия берүү максатында 2017-жылы “Айыл кэмпти” тарттык. Негизи бул тасма ийгиликтүү долбоорлордон болду. Ийгилигинин себеби – дал ошол жаш балдардын киного тартылганында. Баланын дүйнөсү таза эмеспи, алар камерага жасалма ойной албайт. Кастинг жарыялаганда да биз камерадан сүрдөбөгөн балдарды чогултканбыз. Тасмадагы чоң кишилер режиссер айткандай роль ойнодук, балдар кандай болсо ошондой табиятында тартылды. Дал ошол кадрлар тасманын көркүн ачты. Балдар менен иштеген чоң ырахат дагы, азап дагы. Кыйынчылык жагы алар эркелеп кетет, бат чарчайт”.
Нурбаевдин айтымында, бул тасмага кийинки учурда комедиялык тасма жаратуучулардын бири Жеңиш Майрамбек уулу режиссерлук кылган. Ал эми сценарийинин идеясын чыгармачыл топтогу Бакыт Осмонкановго бейтааныш кыз берген. Тасма жарыкка чыккандан кийин казакстандык кино жаратуучулар сценарийин сатып алып, эки бөлүктөн турган тасма жаратышкан. Ошондой эле кинонун таасиринен улам Кыргызстанда кийин этнолагерлер ачылган.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин алгачкы жолу балдарга арналып тартылган фантастикалык "Жетикс" киносунун режиссеру Сүйүн Откеев балдар бир нерсеге кызыкса, анын фанаты болорун белгиледи. Анын айтымында, балдарга арналган тасмалардын көп тартылбай жатканы каражатка көз каранды.
"Балдар үчүн тасмаларды тартуу үчүн бизде сценарий, идея жетиштүү. Керек болсо айрым жеке менчик студиялардын жакшы сценарийлери даяр. Бирок, маселенин баары эле каражатка барып такалат. Дагы баса белгилей турчу нерсе, кино балдарга таасир берүүнүн эң жакшы куралы. Өспүрүмдөргө бир нерсени сүйлөп түшүндүргөндөн көрө тасма аркылуу жеткирсең алда канча эффективдүү. Алардын жүрүм-турумуна, ой жүгүртүүсүнө таасир берүүгө мүмкүн. Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо ролу чоң. Ошону түшүнсөк жакшы болмок", - деди Откеев.
Эгемендиктин алгачкы жылдары тартылган режиссер Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир” тасмасы терең мааниси менен кыргыз киносунун тарыхында өз ордун таба алды. Совет доорунда Кыргызстанда балдар темасында "Космонавттар көчөсү", "Кетирекей", "Атадан калган туяк", "Көз айнекчен", "Айдагы жезкемпир", ж.б. көркөм тасмалары тартылган. Кыргызстандык режиссер Динара Асанованын "Ленфильм" студиясында жараткан "Мадырабаштар" тасмасы да социалдык курч теманы козгогону менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган.