11 журналист 10 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда отурат

Кыйноолордун алдын алуу борбору 16-январда кармалган 11 журналист алигүнчө милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушканын бүгүн да билдирди.

Ал арада журналисттердин жакындары маалымат жыйынын көчөдө өткөрүүгө аргасыз болушту. Буга чейин убадалашкан Бишкектеги "Парк отель" мейманкасынын жетекчилиги "суу таамп жатат" деген негизде имаратта маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Кыйноолордун алдын алуу борбору 16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу соттун чечими чыкканына бир жума болсо да, алигүнчө милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушканын билдирди. Аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун 26-январда маалымдашынча, анын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, журналисттер дагы деле ал жерде экенин аныкташкан.

"17-январда Биринчи Май райондук соту 11 журналисттин баарын тергөө абагына камоо чечимин чыгарса да, алардын баары бүгүнкү күнгө чейин которула элек. Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча сот чечими токтоосуз күчүнө кирип, милдеттүү түрдө аткарууга жатат", - деди Рысбеков.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Мыйзам бузулуп жатат". 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды

Жаза аткаруу кызматы бул маселе боюнча "Азаттыкка" жооп берип, журналисттердин тергөө абагына которула электигин Ички иштер министрлигинин иши деп билдирген. Маалыматка ылайык, сот чечими чыккандан кийин убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына жеткирүү ИИМдин милдети. ИИМ азырынча буга жана "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Ал арада 11 журналисттин жакындары алдын ала макулдашылган маалымат жыйынын Бишкектеги "Парк отель" мейманкасында өткөрө албай калышты. Отелдин жетекчилиги "суу таамп жатат" деген негиз менен жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок. Алар менен чогуу келген укук коргоочу Азиза Абдирасулова залдын тамчы тамбаган бир бурчуна маалымат жыйын өткөрө берсе болорун билдирди. Мекеменин кызматкерлери ага макул болгон жок. Журналисттердин жакындары бул тууралуу аларга алдын ала маалымат берилбегенин айтып жатышат. Алар маалымат жыйынды эшикте өткөрүп, бийликти журналисттерди бошотууга чакырды. Камалгандардын жакындары "журналисттердин күнөөсү жок, алар болгону ишин кылышты" деп эсептешет.

Тергөө абагы менен убактылуу кармоочу жайдын айырмасы кандай?

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту көз карандысыз медиада иштеген 11 журналистти жана активистти 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Журналисттер бир жумадан бери убактылуу кармоочу жайдан (ИВС) тергөө абагына (СИЗО) которулбай жатканын айрым укук коргоочулар жана адвокаттар да айтып чыгышты. Алар журналисттерди кармоо тартиби сакталбай, укуктары бузулганын билдиришүүдө.

Дагы караңыз

Борбор Азия: Бутага алынган журналисттер

Убактылуу кармоочу жай - бул Ички иштер министрлигине, ал эми тергөө абагы - Жаза аткаруу мекемесине карайт.

Адвокат Нурсултан Жаныбековдун айтымында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тергөө сотунун чыгарган токтому токтоосуз аткарылууга тийиш экени көрсөтүлгөн. Соттун чечимин камакка алган тергөөчүлөр, убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери токтомдун негизинде аткарышат.

Жактоочу журналисттер менен катарлаш кармалган башка шектүүлөрдүн көбү убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына которулуп кеткенин, журналисттер дале которулбай жаткан себеби белгисиз экенин кошумчалады:

"Убактылуу кармоочу жайдын шарты начар. Аты айтып тургандай, 48 саатка гана, убактылуу кармоочу жай. 48 сааттан кийин соттун чечими чыкты. Азыр кармалып тургандардын бири Сайпидин Султаналиев мурда инфаркт болгонун, ар кайсыл жери ооруп жатканын айтып даттанып жатат. Убактылуу кармоочу жайда дарыгер, санитардык бөлүм жок. Тергөө абагынан текшерүүдөн өтөт, оору аныкталса, 31-мекемеге же кардиология ооруканасына, улуттук госпиталга которуп коюшу мүмкүн. Убактылуу кармоочу жайда биз ал мүмкүнчүлүктү, укуктарыбызды ишке ашыра албай жатабыз. Убактылуу кармоочу жайда ысык тамак жасай алышпайт, тергөө абагында өздөрү тамак жасаса болот. Тамакты деле кээде ичип, кээде ичпей калып жатышат. Жуунуп-тарана турган, сыртка чыга турган шарт болуш керек. Убактылуу кармоочу жайда сейилдөөгө чыгарбайт. Киргизген тамактар аларга жеткенче эле муздап калат. Соттун чечими чыгып жатат да, бул ички эрежелерге карабайт. Соттун чечими Конституциялык күчкө ээ. Ал чечим эмне үчүн аткарылбай жатканы бизге дагы табышмак болуп жатат".


Жаныбеков бул жагдайлар боюнча ИИМдин тийиштүү мекемелери жетиштүү жооп бербей, бири-бирине шылтап жатат дейт.

Жактоочунун белгилешинче, журналисттердин тергөө абагына которулбай турганы бөгөт чарасын кароо боюнча кийинки соттук отурумду үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

"Сот убактылуу кармоочу жайдан алып келип бергиле деп айтпайт. Ал жактан эч ким алып барбайт. Сот бизге аппеляциялык даттануу түштү, ошонун негизинде тергөө абагынан шаардык сотко алып келгиле деп айтат. Бул ишти Жаза аткаруу кызматынын департаменти аткарат . Эртең департамент бизге которула элек десе, сот үзгүлтүккө учурап, болбой калышы мүмкүн", - деди Жаныбеков.

Прокуратурага кайрылуу

Ал ортодо Кыйноолорду алдын алуу борбору журналисттердин бөгөт чарасы боюнча соттун чечими чыккандан кийин дагы убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди:

Бакыт Рысбеков.

"Бөгөт чарасы аныкталгандан кийин, шек саналып жана айыпталып кармалгандарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө мыйзам иштей баштайт. Бул боюнча Улуттук борбор тарабынан акты түзүлүп, териштирүү боюнча шаардык прокуратурага жөнөтүлгөн. Ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биз буга чейинки баяндамаларда дагы көрсөтүп келгенбиз. Бөгөт чарасы чыктыбы - аны ИИМдин убактылуу кармоочу жайында кармап кереги жок. Аны токтоосуз тергөө абагына өткөрүп бериш керек. Анткени убактылуу кармоочу жайдын шарттары узак мөөнөткө кармоого ылайыкташкан эмес. Бишкектеги ИИМдин убактылуу кармоочу жайында эки маал гана тамак берет. Мындан сырткары температуралык режим көрсөтүлгөн ченемге туура келбейт. Кышында талап боюнча 18-22 градус болуш керек. Биз барып ченеген учурда 13 градуска жетпей турду".

Буга чейин эки айга камалган журналисттердин бири Сайпидин Султаналиев абактан кайрылуу жолдогон. Анын билдирүүсү 23-январда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Султаналиев укук коргоо органдары кармалган журналисттерге айып тагуунун ордуна алардын материалдарына көңүл бурушу керектигин, ошондо “мыйзамсыздык кайсы жакта болуп жатканы тактала турганын” жазган. Ал соттордун ишмердигин сынга алып, журналисттердин иши боюнча “көз карандысыз чечим кабыл албаганын” айыптаган.


Султаналиевдин кайрылуусу, алардын тергөө абагына которулбай жатканы боюнча ИИМ комментарий бере элек. Анын жубайы Асел Молдоболотова он күндөн бери жолдошун көрө элек жана кармалгандан кийин жолдошунун жүрөгү ооруп, тез жардам чакырылган экен.

"Үй камагына чыгарып берсе деген суранычыбыз бар. Кармалган күндөн тартып жолдошум менен жолукканга бир дагы мүмкүнчүлүк болгон жок. Азыр убактылуу кармоочу жайда деп угуп жатабыз, тергөө абагына которула элек. Колдон келишинче тамак-аш киргизип жатабыз. Акыйкатчыдан биз кармалган жерде алардын укугу тебеленген жокпу, кыйноо болгон жокпу жана башка өзүбүздүн суроолорубузду бердик. Алар монторинг жүргүзүп жатканын айтышты. Акыйкатчы институтунан кирип чыгышыптыр, кыйноо катталган жок дешти. Бирок кармалгандан кийинки 48 сааттын ичинде жолдошумдун жүрөгү ооруп, "Тез жардам" чакырылып, дарыгерлер жардам бериптир".

Президент Жапаровдун жүйөсү

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

“Эч кандай коркутуулар жок жана болушу да мүмкүн эмес. Элибизди бир нерсе менен коркута алабызбы? Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет. Бир гана нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүн, биринчи кезекте улуттук коопсуздукту жөнгө салган мыйзамдарды сакташыбыз кажет. Бүгүнкү күндө салттуу журналистика менен атаандашкан социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай шартта ар бир жаран журналист болобу, блогер болобу, коомго пайда алып келүү ниети менен бирге ар бир тараткан сөзү үчүн жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүгө тийиш. Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш. Биз коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин кыйрашына, атап айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз. Биздин эркиндигибиз күзөттө туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу абзел", - деген мамлекет башчы маегинде.

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикири


Эки айга камакка алынган 11 журналисттин жакындарын акыйкатчы 23-январда кабыл алган. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева убактылуу кармоо жайында кармалып турган журналисттердин ал-абалы, кармоо шарттары тууралуу суроолорго жооп берген.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.