Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ондой журналисттин камалганы парламентте талкууланды


 “Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевди сот залына алып келатышат. 17-январь, 2024-жыл.
“Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевди сот залына алып келатышат. 17-январь, 2024-жыл.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады. Алардын маселеси парламенттин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, кызматкерлери Акыл Орозбеков жана Максат Тажыбек уулу, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Парламенттеги талкуу

13-мартка чейин Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камалган журналисттерди милиция 16-январда кармап кеткен. Жапырт тинтүү, кармоолорго байланышкан маселени 18-январда парламенттин айрым депутаттары көтөрүп чыкты.

Депутат Гуля Кожокулова жапырт камакка алынган журналисттердин иши боюнча парламенттин кийинки отурумунда Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын маалыматын угуу сунушун берди. Ал Кыргызстанда мындай жапырт камоолор өнөкөткө айланып баратканын айтып муну сынга алды.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Сеид Атамбаев Министрлер кабинетин журналисттердин укугун коргоого чакырды.

“Пикирин ачык айтуу жана басма сөз эркиндиги Конституцияда эле эмес, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактта, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Кыргызстанда журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамда да жазылган. Кечээ болсо сот 11 журналистти эки айга камады”, - деди Атамбаев.

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев сессияда президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диалогго барууга чакырды. Ал журналисттер да ич ара тазаланып, негизсиз каралоо материалдарды жасагандардан тазаланышы керектигин билдирди.

“Парижде, Токиодо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо отурган эксперттер биздин ички саясатыбызды үтүр-чекитине чейин билбейт. Ошондуктан өлкөдөгү өзүбүздүн журналисттер менен сот, прокуратура, ички иштер органдарын жаныңызга алып алып сүйлөшүңүз. Медиа коомчулук менен мунасага келиңиз. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет. Өлкөбүз өсүп-өнүгүп келатат. Эч кимге жалдырабай өзүбүздүн саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып атабыз. Бирок ушуга окшогон кээ бир нерселер залакасын тийгизет. Ошон үчүн журналисттерди чогултуп сүйлөшүңүз”, - деди Түлөбаев.

17-январдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүү сунушун берди.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттер бийликти колдоого милдеттүү эмес. Бул алардын иши да эмес. Журналисттер тескерисинче кетирилген каталарды таап көрсөтүп берип, бийлик аларга рахмат айтып оңдошу зарыл. Журналисттерди душман көрбөй коррупциялык, мыйзамсыз иштерди ачканга көмөк кылган жардамчы катары кабыл алсак. Ооба, майда-чүйдө маселелерди жаза берген да ЖМКлар бар. Алар да жоопкерчилик алышы керек. Бирок өлкөдө эркин басма сөз болушу керек. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, эркин коом да, эркин өлкө да болбойт. Эч ким пикирин ачык айта албайт. Бийликти мактагандар көп. Бирок чындыкты айткандар аз. Ошондуктан президент комиссия түзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам бузуп жатабы же аларга каршы мыйзамсыз иштер болуудабы, иликтеп чыксак”, - деди Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бекешевдин сөзүнө жооп берип жатып, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтты. Спикер айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу иштер мыйзамдын чегинде эле жүргүзүлүп жатканын, ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктай турганын билдирди.

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

“Биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттагы уюмдардан каржылангандар Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, өсүп жаткан экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Журналистикага жамынган, өздөрүн журналист деп эсептеген блогерлердин ээн ооздугунан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким эмне кааласа айта алат, дей алат”, - деди спикер.

Сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырды

Шаршембинин кечинде Биринчи Май райондук сотунда журналисттердин кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы каралды. Судья тергөөнүн өтүнүчүн толугу менен канааттандырып, адвокаттардын айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты.

Асыпбековдун адвокаты Жаныш Бараков журналистти кармоого "эч кандай негиз жоктугун" Азаттыктын кабарчысына айтты. "Бул кылмыш иш бир эле лингвистикалык [экспертизанын] корутундусу менен козголуп жатат. Эксперт интернеттеги публикацияда “массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыштын курамы бар” деп корутунду чыгарганынын негизинде иш козголуп жатат. Бирок Асыпбеков Тыныстандын эч кандай тиешеси жок деп айтсак дагы маани бербей койду”, - деди адвокат.

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова кылмыш ишин коргоого негиз болгон делген журналисттик материалга Асыпбековдун кандай тиешеси бардыгын тергөөчү түшүндүрүп бере албаганын айтты.

"Тыныстан сотто аталган материалды жарыялоого эч кандай байланышы жоктугун айтты. Авторлор өз материалына өздөрү жооп берсин деп, алар менен эч кандай байланышы жоктугун белгиледи. Бирок сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды", - деди Алимова сот имаратында туруп.

“Темиров LIVE” каналынын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумовдун адвокаты Такен Молдокулов соттун чечимин "мыйзамсыз" деп баалады.

"“Менин тажрыйбамда 11 журналист жапырт камалып, бир берене коюлуп жатканы биринчи жолу болуп жатат. Бөгөт чарасында коюлган айып боюнча талашып жатабыз. 278-берене, 3-бөлүм туура эмес коюлган. Бул оор берене, 5 жылдан 8 жылга чейин жаза берилет. Тергөөчүлөр камаш керек деп жатышат. Бул берене коюлбашы керек болчу”, - деди адвокат.

“Темиров LIVE” каналынын кызматкери Акыл Орозбековдун кош бойлуу жубайы Адинай Акылбек кызы кенедей баласы менен жалгыз калганын айтып ыйлап турду.

"Анын эч кандай күнөөсү жок, жолдошумдун эмне иш кыларын билем. Кечээ коркунучтуу кылмышкердей кылып, үйгө келип, баарын аңтарып кетишти. Адилеттикти талап кылам", - деди тестиер кызын жетелеген келин.

“Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевдин жакындары анын ден соолугунан улам абакка камоо кооптуу экенин айтып, чочулап турушат. "Соттун чечимине макул эмеспиз. СИЗОдо кармаганга эч кандай негиз жок. Ден соолугуна байланыштуу абакта кармоо өтө кооптуу, анткени жүрөгү стенокардия. Такай дарыгердин көзөмөлүндө турат", - деди журналисттин жубайы Асел Молдоболотова.

Сотко барган "Азаттыктын" кабарчылары кармалган журналисттерге суроо берип калганга да үлгүрдү. Жоодар Бузумов "бардыгы биздин журналисттик ишмердүүлүгүбүзгө байланыштуу" десе, Тыныстан Асыпбеков "коюлган айыптарга макул эмесмин. Экспертизанын жыйынтыгын окусаң күлкүң келет. Жомок", - деп айтып үлгүрдү.

Актилек Капаров "мыйзамсыздыкка, өзүм билемдикке, коррупцияга каршымын. Коюлган айып - акылга сыйбайт. Абсурд. Макул эмесмин", - деди.

Жоон топтун коштоосунда сот залына жеткирилген Сайпидин Султаналиев "баары жакшы болот. Ойлонбогула. Мыйзамдын диктатурасы орнойт" деп айтканга гана жетишти.

Медиа коомчулук бийликти диалогго чакырды

17-январда Бишкекте медиа уюмдардын өкүлдөрү жыйын куруп, журналисттердин жапырт камалып, суракка чакырылышын сындады. Алар сөз эркиндигине басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин, журналисттердин үйүн таң эрте тинтип, өздөрүн коркунучтуу кылмышкерлердей кармап кеткенин кескин айыпташты. Медиа-эксперт Тамара Валиева президентке кайрылды.

“Мен журналистикада жүргөнүмө көп болду. 30 жылдан ашык ушул тармакта жүргөн киши катары бийликтин ушундай аракетине биринчи жолу кабылып жатам. Кечээ он бир кишини камашты, бүгүн жыйырманы камашы мүмкүн. Өлкөдө журналист калбай калгыча улана бериши мүмкүн. Ушул абалды Баш мыйзамдын кепилдиги катары президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алышы керек”, - деди Валиева.

Бишкектеги маалымат жыйын. 17-январь, 2024-жыл.
Бишкектеги маалымат жыйын. 17-январь, 2024-жыл.

Жыйында бийликти медиа коомчулук менен диалог түзүүгө чакырышты. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева буларга токтолду.

“Биз бүгүн супер президенттик өлкөдө жашайбыз. Президенттик администрациянын таасири чоң. Ага парламент, сот системасы тең келбей калды. Ошондуктан биз президенттин жеке өзү менен бир үстөлгө отуруп маек кылмайынча, анын айланасында адамдар медиа тармакты жаман көрсөтүп жаткандар бар”, -деди юрист.

Ал эми журналист Асел Шамилова кандай болгон күндө дагы журналисттер акыйкаттыкты айткан жолунан кайтпашы керек деди.

“Жаштардын шагын сындырбагыла. Журналисттер душман эмес, ушуну кабыл алып койсоңор. Журналист эл менен бийликтин көпүрөсү дегенибиз менен элдин көйгөйүн көбүрөөк чагылдырабыз. Элдин көйгөйүн чагылдырып жүрүп камалып кеткенибиз туура эмес. Бирок, биз коркуп калбайбыз. Иликтөөлөр чыга бермекчи”, - деди журналист.

Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:07 0:00

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жакындан көз салган эл аралык уюмдар маалымат каражаттарынын кеңселеринде, алардын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, журналисттерди камаган окуяларды кескин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого үндөдү.

Кошмо Штаттар Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө чакырды. 18-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына бул тууралуу атайын билдирүү жарыяланды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэтью Миллер “Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында өкмөттүн көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге каршы соңку аракеттери тууралуу билдирүүлөргө терең тынчсызданууда. Бул аракеттер, кыязы, өкмөт коомдук талкууну жана сөз эркиндигин баскысы келгендей ишмердүүлүк сыяктуу көрүнүүдө. Биз кыргыз бийлигин журналисттерге басым-кысымсыз иштөө шартын камсыз кылууга чакырабыз. Эркин жана көз каранды эмес басма сөз адам укуктарын коргоо, натыйжалуу демократиялык институттарды колдоо жана тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.”

17-январда баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан «Эл аралык басма сөз институту» (International Press Institute, IPI) Кыргызстанда бийликти сындаган макалаларын жарыялагандан кийин камакка алынган 11 журналисттин тез арада бошотулушун талап кылды.

Уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою Борбор Азия аймагында сөз эркиндигинин жана жарандык эркиндиктердин үмүтү катары саналып келген Кыргызстан 2021-жылдан бери журналисттер жана саясий активисттер үчүн кооптуураак өлкөгө айланганы белгиленди.

«Аткаминерлердин ишин чагылдырганы үчүн жооп катары аларды жапырт камоо - бул сөз эркиндигине болгон чоң кол салуу. Ыктымал мыйзам бузуулар тууралуу жазгандарды башаламандыкка үндөөгө теңөө акылга сыйбаган нерсе», - деди IPI директорунун орун басары Скотт Гриффен.

Эл аралык Amnesty International уюму Кыргызстанда журналисттердин жапырт камакка алынганына тынчсыздануу билдирди.

17-январда уюмдун сайтына жарыяланган кайрылууда “кыргыз бийлигинин иш-аракети өз оюн эркин билдирүү укугуна каршы жаңы ачык чабуул катары кабыл алынары жана өлкөнүн адам укуктары боюнча алган эл аралык милдеттенмелерине доо кетирери” жазылган.

“Башаламандык уюштуруу” жана “согушту пропагандалоо” сыяктуу бүдөмүк, негизсиз айыптоолорду коюу кылмыш иштеринин өндүрүшүндөгү өзүм билемдикти көрсөтөрү белгиленген.

"Кыргыз бийлиги башка пикирди карманган жарандарга кысымды токтотуп, кармалган журналисттерди жана өз оюн ачык билдиргени үчүн абакка кесилгендерди бошотушу керек”, - деди Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мейзи Вайхердинг.

«Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы баштаган уюмдар 16-январда Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаласын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. 24.kg агенттигинин кызматкерлери 17-январда дагы суракка кирип чыгышты.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, жалпы 11 киши алгач 48 саатка камалган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

“16-январда аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө кызматы бир нече дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүздү. Жогоруда аталган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Темиров: Соңку кармоолор журналисттик ишибиз менен байланыштуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:57 0:00

"Темиров LIVE" долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Бакыт Төрөгелди

    Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG