Демилгечи өлкө Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида өлкөсүндөгү табигый кырсыктардан улам жыйынга келбей калды. Арийне, бул саммит Орусиянын өзгөчө кабатырлануусун жаратып, расмий бийлиги Токионун Борбор Азия боюнча саясатын сындап чыкты.
Чөлкөмдүн, анын ичинде Кыргызстандын Жапония менен мамилеси кандай өнүгүүдө жана эмнелерге көңүл бурулушу керек?
Жапония менен Борбор Азия лидерлеринин 5+1 форматындагы саммити 9-августка белгиленген. Бул өлкө жетекчилеринин деңгээлиндеги алгачкы жыйын болгондуктан, ага Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышмак.
Арийне, Жапониядагы жүрүп жаткан кубаттуу зилзаладан улам Фумио Кисиданын Астанага сапары токтотулду. Премьер-министр мындай кабарды 9-августта эртең менен жарыялаган. Саммит кайсы мөөнөткө жылганы азырынча белгисиз.
Кыргыз президентинин администрациясы тараткан маалыматта саммитте Жапония менен Борбор Азия чөлкөмүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланары кабарланган.
“Астанада өтө турган Борбор Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбор Азия+Жапония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат деп күтүлүүдө. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбор Азия+Жапония” бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда”, - деп билдирген президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.
Дагы караңыз Президент Жапаров Астанада Борбор Азия+Жапония саммитине катышатЖапониянын Борбор Азиядагы мүдөөсү
Соңку мезгилде АКШ, Европа баштаган бир нече өлкөлөр Борбор Азиядагы өлкөлөрдү бир тутумда карап, 5+1 деген форматта кызматташтыкка маани берүүдө. Байкоолор боюнча, чөлкөм катышкан ушундай платформадагы он бештей жыйын өтүп келет. Мындай формат чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгын арттыруу менен бирге регионалдык ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн адистер белгилешет.
Жапониядан билим алган саясат таануучу Чынара Эсенгул Борбор Азия чөлкөмү ар башка экономикалык деңгээлдеги мамлекеттерден тургандыктан, Жапония менен кызматташуунун бирдиктүү саясатын алып барышы кыйынга турарын айтты:
“Жыйырма жыл мурда “Борбор Азия+1” деген форматты ушул жапондор сунуштаган. Ал жапондор тарабынан “силерди бир аймак катары көргүбүз келет” деген белги да. Мурда тышкы иштер министрлери жолукчу эле. Азыр биринчи жолу президенттик деңгээлде болууда. Биринчи жолу саммитти ушундай жогору деңгээлде өткөргөнү жатышат. Бул эмнени билдирет? Жапония жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызматташтыгын жогорку деңгээлге алып чыгалы деген аракет. Бирок, Борбор Азиянын беш мамлекети башыбыз биригип калгандай болбой жатат да. Эки тараптуу дагы мамиле бар. Ошон үчүн Казакстан, Өзбекстан Борбор Азиядагы чоң мамлекеттер катары маанилүү, экономикасы күчтүү, башкалар менен салыштырмалуу армиясы, элинин саны көбүрөөк. Алар көбүрөөк өзүнүн көз карашы болгон маселелерде ар кайсы позицияда болушу мүмкүн. Мисалы, транспорт маселелеринде. Анткени, Орусияда согуш башталгандан кийин “Түндүк коридору” деп аталган түндүккө кеткен байланыштар, транспорт жолдору санкциядан улам жабылып калды. Азыр альтернативдүү жолдорду издеп жатат. Өзгөчө Казакстан менен Өзбекстан ар кайсы вариантты колдоп, ошолорго демөөрчүлөрдү издеп жүрөт. Ушул жерде, ачыгын айтканда, Борбор Азиянын өзгөчө ири мамлекеттеринин – Казакстан менен Өзбекстандын позициялары дал келбей калышы мүмкүн”.
Эксперттер чөйрөсүндө бардык өнүккөн мамлекеттердей эле Жапониянын дагы Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызыкчылыгы саясий, экономикалык жана гуманитардык багыттарда жүрө турганы пикирлер айтылып келет.
Өнүккөн өлкө катары Жапониянын экономикасы табият жана эмгек ресурстарына муктаждыгы өсүүдө. Ал эми социалдык-гуманитардык багытта өз тилин жана маданиятын чөлкөмдүн өсүп келаткан муундарына сиңирүү аракетин да ала жүрөрү эске алынат.
Жапониянын аракеттери Кремлге жакпай турат
Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында “Жапония-Борбор Азия” саммитин жана жапон премьер-министринин Борбор Азияга пландаган төрт күндүк сапарын сынга алган билдирүү жарыяланды.
Орус ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова “Жапониянын өзүнөн миңдеген чакырым аралыкта турган Борбор Азияга кирүүгө аракет кылып жатышы экономикалык кызыкчылыктан улам эмес, америкалык саясаттын таасиринен жаралып жатат” деген пикирин айткан.
“Жапония бул чөлкөмдүн өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы ондогон жылдар бою калыптанып келген чарбалык байланыштардын системасына зыян келтирүүнү көздөп жатат. Аларды Батыштын Орусияга жана Кытайга каршы мүдөөсү бар “эрежеге негизденген тартип” деген идеологиясына тартууга аракеттенүүдө. Мындай келечектин кыйраткычтыгы жана Орусия менен толук кандуу байланышты жоготуунун олуттуу зыяны аларга белгилүү деп үмүт кылабыз”, - деген Орусиянын өкүлү Мария Захарова.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүүсүнө Жапония же Борбор Азия өлкөлөрү расмий комментарий берген жок. Бирок адистер чөлкөмдү өз таасир аймагы катары санаган Орусия мындай форматты жумшак айтканда жактырбасын белгилешет.
Жарандык активист Адил Турдукулов Жапониянын Борбор Азиядагы саясаты Орусияга каршы багытталган деген пикирге кошулбайт.
Ага караганда Кытайдын таасирине тең салмак катары кароо туура болот деп эсептейт. Анткени, Азия континенти менен Тынч Океан аймагындагы Кытайдын күчөп бараткан таасирине технологиялык жактан бийикте турган Жапония гана каршы тура алат.
“5+1 форматындагы саммитти алгач 2004-жылы баштап, прецедент түзгөн так ошол Жапония мамлекети болгон. Бул биздин аймак үчүн маанилүү эле. Анткени, көп мамлекеттер менен башка державалар эки тараптуу гана мамиле түзүүгө кызыкдар болгон. Биздин жалпы Борбор Азия аймагы болуп түзүлбөй жатканыбыздын себеби да ошондон. Ал жакшы жыйынтык көрсөткөнү үчүн жана биздин дагы коңшу мамлекеттер менен ич ара мамилебиз тереңдегендиктен, ошол форматты башка мамлекеттер дагы үлгү катары алып, улантып келе жатат. Бул форматтын кеңейишине өзүбүз кызыкдар болушубуз керек. Анткени, ошону менен Борбор Азия аймагы өзүнүн геосаясий позициясын күчтөндүрөт. Ал эми Орусиянын реакциясы – бул кызгануу. Анткени, ал бул форматты жактырбайт жана биздин чөлкөмдөгү мамлекеттерди бөлүп-жаруу аракетин гана жасайт. Ушундай жол менен өз таасирин күчтөндүрүү багытын уланта берет. Мария Захарованын сөзү ошонун эле уландысы”.
Кыргызстанда экономикага иштей турган жумуш күчү жетиштүү деп эсептелет. Ал эми калкы улгайып бараткан өнүккөн өлкөлөрдө, алардын ичинде Жапонияда дагы соңку жылдары жумуш күчүнүн жетишсиздиги курчуп барат. Мындан улам, соңку 5-6 жылдан бери Жапониянын эмиграциялык саясаты өзгөрүп, бир катар тармактарга чет элдиктерди, аны менен катар борборазиялыктарды жумушка тартуу аракетин көрүп келет.
Дагы караңыз Садыр Жапаров Астанада суу ресурстары боюнча борбор түзүүнү сунуштадыБириккен Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, 2023-жылы Жапониянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара соодасынын жалпы көлөмү 2 млрд доллардан ашкан. Экономикалык кызматташтыкта эң ири өнөктөшү Казакстан, андан кийин Өзбекстан турат. Чөлкөмдүн Жапония менен экономикалык кызматташтыгынын жалпы көлөмүнөн Казакстанга 75%, ал эми Өзбекстанга 13% таандык.
Расмий статистика боюнча, 2023-жылы Кыргызстандын Жапония менен соода алакасынын көлөмү 256 млн долларга чукул болгон. Анын дээрлик баары импорттон турат. Жапониядан келген импорттун 91% транспорт каражаттары жана алардын тетиктери түзөт.
Жапония Кыргызстанга финансылык колдоону адатта Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу берип келет. Жыл башына карай, Кыргызстандын JICA уюмунан алган тышкы карызы 153 млн долларды түзгөн.