Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Президент Жапаров Астанада Борбор Азия+Жапония саммитине катышат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-10-август күндөрү Казакстанда өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана Борбор Азия+Жапония диалогунун саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугуп, өз ара кызматташтыкты талкуулайт.

Астанадагы Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде аймактагы актуалдуу маселелер, кызматташтык пландары талкууланат.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасына быйыл 30 жыл толду. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-20-ноябрь күндөрү расмий сапар менен Жапонияда болуп, жапон парламентинин спикери Фукусиро Нукага, Жапон Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси, ошондой эле бир катар соода уюмдарынын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.

Расмий сапарынын алкагында Жапаров NHK телеканалына маек куруп, алдыдагы Борбор Азия Жапония саммитинде соода-экономикалык алака, инвестиция боюнча сөз болорун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG